Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 5-мартындагы № 22/7 токтому

Админ
Автору Админ March 30, 2020 15:26

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырма экинчи  сессиясы

                                                Т О К Т О М

Европа Өнүктүрүү Банкы (ЕБРР) тарабынан каржылануучу  “Кербен  шаарын  таза  суу  менен  камсыздоо  жана  канализация  тутумдарын реабилитациялоо” долбоору  боюнча  Кербен  шаарынын  мэриясынын алдында  «Долбоорду ишке ашыруу жана  көзөмөлдөө” бөлүмүн  түзүүгө  макулдук  берүү жөнүндө.

         «Долбоорду ишке ашыруу жана  көзөмөлдөө” бөлүмүн  түзүү жөнүндө  Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин  19.02.2020-жылдагы № 3-34/131  кайрылуусун  жана  шаардык  Кеӊештин  финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын  25.02.2020ж. № 68 токтомун карап жана талкуулап чыгып, “ЖӨБ жөнүндө”  КР Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырма экинчи  сессиясы

                                      ТОКТОМ     КЫЛАТ :

  1.   Европа Өнүктүрүү Банкы (ЕБРР) тарабынан каржылануучу  “Кербен  шаарын  таза  суу  менен  камсыздоо  жана  канализация  тутумдарын  реабилитациялоо” долбоорунун алкагында  Кербен  шаарынын  мэриясынын  алдында  «Долбоорду ишке ашыруу жана  көзөмөлдөө” бөлүмүн  түзүүгө  макулдук  берилсин жана штаттык бирдик коммуналдык чарба бөлүмүнө багытталсын.
  2. Түзүлгөн бөлүм (ОРП) жөнүндө Жобо  бекитилсин ( тиркелет).
  3. Долбоорду ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнө кызматка алуу “КРнын муниципалдык жана мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн.
  4. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад   областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  5. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб – сайтында  жарыялангандан  кийин күчүнө   кирет.
  6. Бул  токтомдун   аткарылышын   көзөмөлдөө жана жагы шаардык Кеӊештин финансы , бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Момуновго тапшырылсын.

Кербен   шаардык   Кенешинин  төрагасы :                                             Н.Шадыбеков 

Кербен ш. 5.03.2020ж. № 22/7 

                                                                                                                                                                           Тиркеме   Кербен  шаардык  Кенешинин 2020-жылдын  5- мартында № 22/7  токтому менен бекитилди

                                                                   Ж О Б О

Кербен шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу жана көзомөлдөө бөлүмү жөнүндө

                                                           1.Жалпы жоболор

1. Кербен шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо боюнча долбоорун ишке ашыруу жана көзомөлдөө бөлүмү(мындан ары-бөлүм)-бул Кербен шаарынын суу менен жабдуу жанан канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо маселелери боюнча Кербен шаардык мериясынын инвесторлор жана жарандык коом менен макулдашылган жана өз ара айкашылган ишти камсыз кылган бөлүм болуп эсептелет. 2. Бөлүм Кербен шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын курууда жана реабилитациялоодо катышкан ишкана уюм жана кызматтардын ишмердүүлүгүн коордициялоону, өз ара арекеттешуусун жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат. 3.Бөлүм өз ишмердүүлүгүн  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,ошондой эле ушул жобону колдонот. 4. Бөлүмдүн ишин алып барууга кеткен чыгымдар шаардын мэриясынын макулдашуусу менен Шаардык Кенештин сессиясында бекитилген смета боюнча жергиликтуу бюджеттин каражатынан жумшалат. 5. Бөлүмдү каржылоо Кербен шаардык мериясынын бугалтериясы аркылуу жүргүзүлөт. 6.Бөлүмдүн турган жери : “Кербен сууканал”МИ ишканасынын имаратында орун алган.

                                   2.Негизги милдеттер

7. Кербен шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо боюнча долбоорун ишке ашыруу жана көзомөлдөө бөлүмүнүннегизги милдеттери:  -тартылган инвестициялардын эсебинен курулууга тийиш болгон обьектилердин долбоордук-сметалык иш кагаздарын окуп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү толуктолорду киргизүү:  – Кербен шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын курууда жана реабилитациялоодо катышкан бодродтук (подрядных)уюмдардын ишин уюштуруу жана кординациялоо;  – курулуш –монтаждык иштерин көлөмүн аткаруу учурунда курулуш нормаларын жана эрежелерин сактоого,колдонулуучу материалдардын сапатына көзөмөл жүргүзүү; – аткарылган иштин этаптарын өткөрүп иш жүзүнө ашыруу.

                                                           3.  Бөлүмдүнфункциялары

8. Кербен шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу жана көзомөлдөө бөлүмүжүктөлгөн тапшырмаларга ылайык төмөнкү функцияларды иш жүзүнө ашырат:  -Кербен шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реаблитациялоого байланышкан маселелер боюнча,ЕРРБдин миссиясына сунуштарды киргизет;  -Кербен шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоого байланышкан иш чараларга даярдык көрүүдө жана өткөрүүдо бардык физикалык жана юридикалык жактардын иш аракеттерин бир ыӊтайга келтирет; -шаардын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо долбоорлорун иштеп чыгууну координациялайт;  -миссия менен биргеликте имараттардын жана курулуштардын,инженердик коммуникациялардын техникалык абалын текшерүүгө жана долбоордук-сметалык иш кагаздарын даярдоого катышат; -шаардын таламдаш ишканалары жана кызматтары менен шаардын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттешет;  -шаардын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо программаларын,долбоорлорун ишке ашырууда байкоо жүргүзүп,баалоону жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат;  -долбоорду ишке ашырууда анын натыйжалуулугуна жана аткарылган иштин сапатына жоопкерчилик тартат -долбоорлорго чейинки документтерди иштеп чыгууга, миссия жана жергиликтуу өзүн өзү башкаруу органы менен биргеликте конкурстук негизде мамлекеттик сатып алууларды тейлөө мүдөөлөрүн пайдаланып,тапшыруучуну тандоо иштерин ишке ашырууга катышат ; -долбоордун иш кагаздарын окуп таанышып чыгуу,талдоо,аткарылган иштин актыларындагы баа коюунун жана коэффициенттерди пайдалануунун тууралыгын текшерууго катышат -кошумча иштер келип чыкканда долбоордун иш кагаздарына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүүдө миссия менен макулдашат; -куруу жана реабилитациялоо участокторун текшерүүнү уюштурат жана обьектилерди долбоорлоого,техникалык шарттарды чогултууга карата баштапкы маалыматтарды берет, ошондой эле шаардын кызыккан ишканалары ,кызматтары жана миссиясы менен керектүү макулджашууларды жүргүзөт; -белгиленген тартипте долбоорду мамлекеттик экспертизадан алып иш кагаздарына өз учурунда эскертүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылат; -отчеттуулуктун бардык белгиленген формаларын оз убактысында түзүүнү жана сунуштоону камсыз кылат; -каралган иш актыларындагы баа коюу жана коэффиценттерди колдонунун тууралыгы учун көзөмөл жүргүзөт;  -долбоордук-сметалык иш кагаздарынан,курулуш көлөмдөрүнүн долбоордук чечимдеринен,колдонулуп жаткан курулуш материаларынын түрлөрүнөн (иштеп даярдалган буюм жана конструкциялар), инженердик-техникалык жабдуулардан четтеп кетүүгө жол бербөө боюнча чара көрөт;  -суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо обьектилерине дайыма техникалык көзөмөлдү жүргүзүп турат; -курулушту каржылоо эрежелери менен белгиленген тартипте аткарылган курулуш-монтаждык иштерин өткөрүп алуу актыларын түзүүнү камсыз кылат ; -көрүнбөгөн иштерди өткөрүп берүүдө ошондой эле жооптуу конструкцияларды ушул иштердин күбөлөндүрүү актыларын түзүү аркылуу эки арадагы өткөрүп берүүгө катышат; -реабилитациядан өтүп жаткан суу менен жабдуу жана канализация тутумдарында жана курулуш обьектилеринде аткарылып жаткан курулуш-монтаждык иштеринин жасалуу сапатына ыкчам текшерүүлөрдү жүргүзүп жана ал иштерге тоскоолсуз катыша алат;  -мамлекеттик жана жумушчу комиссиянын колдонулуп жаткан курулуш нормалары,эрежелери жана ишти өткөрүп берүүгө ылайык бүткөн курулуш обьектилерин пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштерине катышат; -өз ыйгарым укугунун алкагында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын өз убактысында карап чыгат.

                                                           4. Бөлүмдүн укуктары

9. Бөлүм өзүнө жүктөлгөн тапшырмаларды жана функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкү укуктарга ээ;  -ишкана жана уюмдар,шаардык мэриянын кызматтарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациалоо маселелери боюнча ишмердүүлүгүн координациялоого; -келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү үчүн таламдаш ишканалардын,шаардык кызматтардын адистерин,миссиянын серепчилерин тартууга; -ишке ашып жаткан долбоор боюнча курулуштун жана реабилитациянын жүрүшү жөнүндө, аймактарды куруу жана реабилитациялоого катышкан жетекчилердин,бодроттук (подрядных) уюмдардын отчетторун угууга; -натыйжалуу жумушу,өзгөчө маанилуу тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын маанилүү датасына арнап бодроттук уюмдардын, ишканалардын жана шаардык кызматтардын адистерин сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүүгө;  -Кербен шаардык мериясына реабилитацияга тийиш болгон имарат,курулуш жана инженердик коммуникациялардын техникалык абалын текшерүү боюнча жумушчу комиссиясын түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;  -уюмдардан,ишканалардан жана шаар кызматтарынан суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоого байкалышкан маалыматтардын жана керектүү иш кагаздарын белгиленген тартипте сурап билүүго жана алууга; -аймактарды куруу жана реабилитациялоо маселелери боюнча Кербен шаардык мериясынын расмий өкүлү катарында чыгууга; -болумдун кызматкерлер ортосундагы милдеттерин бөлүштүрүүгө;  -күндөлүк көйгөйлөрдү өз убактысында чечүү максатында суу менен жабдуу жанан канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууга байланышкан шаардык мериянын токтомдорунун,буйрутмаларын долбоорлорун даярдоого; -берилген ыйгарым укуктун алкагында таламдаш ишканалар жана шаар кызматтары менен суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча күндөлүк маселелерди чечүүгө;  -бөлүмдү мамлекеттик, коомдук уюмдарда ишканаларда жана шаар кызматтарында анын ыйгарым укугуна кирген маселелер боюнча көрсөтуүүгө;  -бөлүмдүн ыйгарым укуктарына тийиштүү болгон маселелерди чечүү боюнча Кербен шаардык мериясынын кароосуна сунуштарды киргизүүгө. Бөлүмдүн түзүмү,штаттык саны  Кербен шаарынын мэриясы тарабынан аныкталат.

                              5.Бөлүм төмөнкү курамдан турат:

1) Бөлүм башчы; 2) Бөлүмдүн башкы адиси; 3) Бухгалтер адиси.

                           6.Бөлүм кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого: -жогоруда көрсөтүлгөн долборлорду ишке ашырууда таламдары көрсөтүлгөн жарандаардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчыларын сактоону жана коргоону камсыз кылууга:  -жарандардан келип тушкон арыз кайрылуу жана катарды өз учурунда карап, аларга керектүү чараларды кабыл алууга; -өз ыйгарым укуктарын аларга берилген укуктун чегинде жана кызматтык милдеттерине ылайык иш жүзүнө ашырууга; -Кыргыз Республикасынын учурундагы мыйзамдары менен белгиленген мамлекеттик жана эмгек тартибин,кызматтык этиканын нормаларын сактоого; -бөлүм башчынын буйруктарын жана буйрутмаларын, шаар мериясынын,кызмат адамдарынын буйрутмаларын,чечимдерин алардын ыйгарым укугунун чегинде аткарууга; -кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн өзүнүн кесиптик денгээлин жана квалификациясын жогорулатууга.

                                               7. Бөлүмдүн  ишмердүүлүгүн уюштуруу

-бөлүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына,шаардык Кенештин, Кербен шаардын мэриясынын башка мыйзам ченем актыларына ылайык негизги милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ; -бөлүмдү Кыргыз Республикасынын мыйзамында бергиленген тартипте кызматка дайындалып жана кызматтан бошотулуучу башчы жетектейт:

                                                           Бөлүм башчы:

-бөлүмдүн адистерин ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аныктайт; -шаардык мерия башкармалыгына бөлүмдүн адистерин кызматка дайындоо же болбосо кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарын киргизет; -бөлүмдүн ишин координациялайт, бөлүмдүн ишмердүүлүгүнө байланышкан жана анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат ;  -бөлүмдүн адистерин сыйлоо же жаза берүү жөнүндө сунуш киргизет;  -эмгекти уюштурууну жакшыыртуу боюнча иш чараларды кабыл алат; -бөлүм башчы жок болгон учурда анын милдеттери бөлүмдүн адистеринин бирине жүктөлүүсү мүмкүн;  -бөлүм  шаар мэрине жана анын орун басарына отчет берүүгө милдеттүү.

                          8. Бөлүмдү кайра түзүү жана жоюу

Бөлүмдү кайра түзүү жана жоюу Кербен шаарынын  мериясы тарабынан суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилициялоо долбоорлорун ишке ашыруу аяктаган соӊ жана Кыргыз Республикасынын мызамына ылайык ишке ашырылат.

Кербен шаардык Кеӊешинин   жооптуу катчысы:                                                                Д.Алиев

Админ
Автору Админ March 30, 2020 15:26