Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 8-июлундагы № 24/3 токтому

Админ
Автору Админ July 22, 2020 15:45

                        Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешини VII чакырылышынын  кезексиз  жыйырма төртүнчү  сессиясы

                                                             Т О К Т О М

Кербен шаарынын калкына кызмат көрсөтүү борборунун ЖОБОсун бекитүү жөнүндө  

            Кербен шаарынын мэриясында  калкка кызмат көрсөтүү борборунун жаӊы имараты   ишке берилип, бул борбор “бирдиктүү терезе” принцибинде калкка кызмат көрсөтөт. Мэрия  28.05. 2020-жылдагы  № 3-34/392  кайрылуусунда калкка кызмат  көрсөтүү борборунун ЖОБОсун бекитип берүү сунушун келтирген.

Жогорудагы маселе боюнча шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 6-июнундагы № 46-токтомун карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезексиз  жыйырма төртүнчү  сессиясы

                                                           ТОКТОМ    КЫЛАТ : 

1. Кербен шаарынын калкына кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө  ЖОБО бекитилсин (тиркеме  тиркелет).

2. Кербен шаарынын мэриясына ЖОБОго ылайык калкка сапаттуу жана маданияттуу кызмат көрсөтүү  жагы тапшырылсын.

3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

5. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу комиссиянын  төрайымы М.Камбаровага  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                                    Н.Шадыбеков

Кербен ш. 8.07.2020ж. № 24/3

                                                                                                         Тиркеме

Кербен  шаардык Кеңешинин 2020-жылдын  8-июлундагы    №24/3  токтому  менен бекитилди 

Кербен  шаарынын  мэриясынын  Кызмат  көрсөтүү  борборунун  ишмердүүлүгү  жөнүндө ЖОБО

1.  ЖАЛПЫ  ЖОБО

1.1.  Кербен  шаарынын  мэриясынын  Кызмат  көрсөтүү  борбору – оозеки  жана  жазуу  түрүндөгү  арыздарды  берүүдөн  баштап,  кызматты  көрсөтүүнүн  натыйжаларын  алууга  чейин  муниципалдык  жана  мамлекеттик  кызматтарды  “Бирдиктүү  терезе”  ыкмасында  бир  бөлмөдө  уюштурат  жана  көрсөтөт. 

1.2.  Ушул  Жобо  Кербен  шаарынын  аймагындагы  жергиликтүү  жамааттын  мүчөлөрүнө  карата  тейлөөнүн  сапатын  жакшыртуу  жана  аларды  бир  жерде  уюштуруу  үчүн  кызмат  көрсөтүү  борборун  түзүүнү  жана  анын  ишмердүүлүгүн  уюштурууну  белгилейт.

1.3.  Кызмат  көрсөтүү  борбору  юридикалык  жана  физикалык  тараптарга  мамлекеттик  бийликтин  аймактык  органдары  менен  өз  ара  аракеттешүүнүн  негизинде  мамлекеттик  жана  муниципалдык  кызматтарды  көрсөтүү  үчүн  тузулөт.

1.4.  Кызмат  көрсөтүү  борбору  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  жана  мамлекеттик  бийликтин  аймактык  органдарынын  кызматтарын  жергиликтүү  жамааттын  мүчөлөрүнүн  бир  жерден  алуусун  шарттайт.  Кызмат  көрсөтүүдө  иштөө  тартиби,  ачык-айкындуулук,  убакытты  үнөмдөө  жана  кызмат  көрсөтүүчүлөрдүн  өз  ара  аракеттешүүсү  камсыздалат.

1.5.  Шаардык  Кеңештин  макулдугу  боюнча  мэр  кызмат  көрсөтүү  борборун  түзөт  жана  анын  ишмердүүлүгүн  уюштурат.

1.6.  Кызмат  көрсөтүү  борборунун  ишмердүүлүгүнүн  укуктук  негизин  “Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө”   Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы,  “Мамлекеттик  жана  муниципалдык  кызматтар  жөнүндө”  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы,  “Жарандардын  кайрылууларын  кароонун  тартиби  жөнүндө”  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы,  КР  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  жана  этностор  аралык  мамилелер  боюнча  мамлекеттик  агенттигинин  2018-жылдын  30-мартындагы  № 01-18/38  буйругу  Кызмат  көрсөтүү  борбору  жөнүндө  Типтүү  Жобо,  ошондой  эле  башка  ченемдик  укутук  актылар  түзөт.

II.  КЫЗМАТ  КӨРСӨТҮҮНҮН  МАКСАТЫ  ЖАНА  МИЛДЕТТЕРИ

2.1.  Борборду  түзүүнүн  максаты  

Кызмат  көрсөтүү  процедураларын  жөнөкөйлөштүрүү,  кызмат  алуу  убактысын  кыскартуу,  коррупциялык механизмдерди  төмөндөтүү,  кызмат  алуучулар  үчүн  ыңгайлуу  шарттарды  түзүү  менен  жарандарга  бирдей  мүмкүндүктү  камсыздоо.

2.2.  Борборду  түзүүнүн  милдеттери

Кызмат  алуучулар  жана  берүүчүлөр  үчүн  ыңгайлуу  техникалык  жана  тейлөө  шарттарын  түзүү.

а.  Кызмат  алуучулар  жана  берүүчүлөр  үчүн  техникалык  жана  тейлөө  шарттарын  түзүү.

b.  Оозеки  жана  жазуу  түрүндөгү  арыздарды  берүүдөн  баштап,  кызматты  көрсөтүүнүн  натыйжаларын  алууга  чейин  жарандарды  бир  бөлмөдө  кабыл  алууну  уюштуруу.

с.  Кызмат  көрсөтүү  борборунда  юридикалык  жана  физикалык  тараптарга  бир  убакта  бир  канча  бири-бири  менен  байланышкан  мамлекеттик  жана  муниципалдык  кызматтарды  “Бирдиктүү  терезе”  ыкмасында  көрсөтүү  мүмкүнчүлүгүн  түзүү.

    d.  Кызмат  алуу  үчүн  келген  жарандардын  күтүү  убактыларын,  чыгымдарын  жана  мамлекеттик жана  муниципалдык  бийлик  органдарына  келип  кетүү  сандарын  кыскартуу.

е.  Ведомстволор  аралык,  ошондой  эле  мамлекеттик  бийликтин  аймактык  органдары  менен  айыл  өкмөтүнүн  маалыматтык  жана  документтик  өз  ара  аракеттеүүсүн,  анын  ичинде  маалыматтык-коммуникациялык  технологияны  колдонуунун  эсебинен  кайрылган  жарандар  менен  кызматтагы  кишинин  байланыш  санын  кыскартуу.

f.  Кызмат  көрсөтүүдөгү  бюрократиялык  процедураларды  кыскартуу  жана  коррупциялык  элементтерди  жоюу.

g.  Мамлекеттик  жана  муниципалдык  кызматтарды  алууда  жергиликтүү  коомчулуктун  мүчөлөрүнүн  маалыматтуулугун,  укуктук  аң-сезимин  жогорулатууга  көмөк  көрсөтүү.

  III.  КЫЗМАТ  КӨРСӨТҮҮ  БОРБОРУН  ТҮЗҮҮ  ЖАНА  АНЫН  ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН   

          УШТУРУУНУН  ТАРТИБИ            

3.1.  Шаардык  Кеңеште  бекитилген  кызмат  көрсөтүү  борборунун  ишмердүүлүгү  жөнүндө  Жобо  жана  шаардык  Кеңештин  токтому  (Кызмат  көрсөтүү  борборунун  ишмердүүлүгү  жөнүндө  Жобо  шаардык  Кеңештин  токтому  менен  бекитилет.

3.2.  Кызмат  көрсөтүү  борборунун  ишмердүүлүгү  үчүн  мэриянын  имаратында  бир  бөлмөдө  кызмат  көрсөтүүчүлөргө  жана  алуучуларга  жумуш  орундарын,  ыңгайлуу  шарттарды  түзүп  берүү.

3.3.  Кызмат  көрсөтүү  борборунун  ишмердүүлүгүн  жүргүзүү  боюнча  мэрдин  чечими  менен  анын  орун  басарына  же  аппарат  жетекчисине  милдеттендирүү.

3.4.  Кызмат  көрсөтүүчүлөрдү  офистик  жабдуулар  менен  камсыздоо,  алдардын  интернет  менен  кошулуусун,  автоматташтырылган  маалыматтык  системалар  менен  иштөөсүн  ишке  ашыруу.

3.5.  Кызмат  көрсөтүү  борборунун  иштөө  графигин  түзүү  жана  аны  көрүнүктүү  жайга  илүү.

3.6.  Кызмат  көрсөтүү  борборунда  кызмат  көрсөтүүчү  мамлекеттик  бийликтин  аймактык  органдарынын  тизмесин,  кызматчылардын  байланыш  телефондорун  жана  алардын  иштөө  графигин  илүү.

3.7.  Кызмат  көрсөтүү  борборунда  көрсөтүлүүчү  мамлекеттик  кызматтардын  реестрин  илүү,  алардын  ичинен  акы  төлөнүүчү  кызматтарды  көрсөтүү  менен.

3.8.  Муниципалдык  кызматчылардын  аткаруусундагы  кызмат  көрсөтүү  борборунун  үч  багыттагы  негизги  иштерин  уюштуруу.

1.  Мамлекеттик  жана  муниципалдык  кызмат  көрсөтүүнүн  тартиби  жөнүндө  жарандарга  маалыматтарды  жана  кеңештерди  берүү,  алардын  укуктук  аң-сезимин  жогорулатуу.

а)  Кызмат  көрсөтүү  борборунда  зарыл  маалыматтар,  документтердин  үлгүлөрү,  мамлекеттик  документтерди  алуу  үчүн  керектүү  болгон  документтердин  тизмеси  ж.б.  илинген  маалымат  тактайларын  илүү.

b)  Кызмат  көрсөтүү  борборунда  көрсөтүлүүчү  муниципалдык  кызматтардын  реестрин  илүү,  алардын  ичинен  акы  төлөнүүчү  кызматтарды  көрсөтүү  менен.

2.  Юридикалык  жана  физикалык  тараптардын  оозеки  жана  жазуу  түрүндөгү  кайрылууларын  иштеп  чыгууну  ишке  ашыруу.

а)  Кайрылууларды  кабыл  алуудан  баштап  аны  көзөмөлдөн  алууга  чейин  жумушчу  процесс  иштелип  чыгат.

3.  Жарандын  суроо-талабына  ылайык  бири-бири  менен  байланышкан  административдик  кызматтарды  “Бирдиктүү  терезе”  ыкмасында  (маалымкаттарды,  маалымкаттарды  берүү)  көрсөтүүнү  ишке  ашыруу.

а)  Ар  бир  керектөөгө  ылайык  “Бирдиктүү  терезе”  ыкмасында  көрсөтүлүүчү  бири-бири  менен  байланышкан  административдик  кызматтардын  административдик  регламенттери – жумушчу  процесстери  иштелип  чыгат.

b)  Муниципалдык  кызматтардын  базалык  реестри  боюнча  муниципалдык  кызмат  көрсөтүүнүн  жумушчу  процесстери  иштелип  чыгат.

с)  Муниципалдык  кызматтардын  кошумча  тизмеси  иштелип  чыгат  жана  алардын  негизинде  кызмат  көрсөтүүнүн  жумушчу  процесстери  иштелип  чыгат.

d)  Бир  убакта  бир  канча  бири-бири  менен  байланышкан  мамлекеттик  жана  муниципалдык  кызматтарды  көрсөтүүнүн  жумушчу  процесстери  иштелип  чыгат.

Кошумча  практикалык  жардамдардын  тизмеси-документтреди  нускалоо,  тексттерди  компьютерде  жазып  берүү,  электрондук  почтаны,  интернетти  колдонуу  ж.б.

I.  Кызмат  көрсөтүү  борборуна  кайрылуунун  тартиби.

а)  Мамлекеттик  жана  муниципалдык  кызмат  алуу  үчүн  негиз  болуп  юридикалык  жана  физикалык  тараптардын  оозеки  жана  жазуу  түрүндөгү  кайрылуулары,  ошондой  эле  электрондук  почта,  интернет  каражаттары  аркылуу  кайрылуулар  эсептелинет.

II.  Кызматташуу  жана  өз  ара  аракеттешүү 

5.1.  Кызмат  көрсөтүү  борборунун  ишмердүүлүгү  социалдык  өнөктөштүк  принцибине  негизделет.  Мамлекеттик  бийликтин  аймактык  органдары  менен  мамлекеттик  жана  муниципалдык  кызматтарды  көрсөтүүдө  кызматташууга  жана  өз  ара  аракеттешүүгө  багытталат.

Мониторинг  жүргүзүү

6.1.  Кызмат  көрсөтүү  борборунун  ишмердүүлүгүнө  мониторинг  жүргүзүүнү  шаардык  Кеңеш  өкмөттүк  эмес  уюмдарды  тартуу  менен  ишке  ашырат.

6.2.  Мониторингдин  натыйжасы  шаардык  Кеңештин  сессиясынын  кароосуна  коюлат.

6.3.  Ушул  жобого  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор  мэрия  тарабынан  киргизилет  жана  шаардык  Кеңештин  кароосуна  коюлуп  бекитилет.

6.4.  Кызмат  көрсөтүү  борборун  жоюу  же  кайра  уюштуруу  маселеси  тууралуу  токтомду  шаардык  Кеңеш  кабыл  алат.

Кербен  шаардык  Кеңешинин                                          

жооптуу   катчысы                                                           Д. Алиев

Админ
Автору Админ July 22, 2020 15:45