Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 17-июлундагы № 13/3 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү
бак-дарактарды кыркуу жөнүндө
Кербен шаарында “Таза-Суу” долбоорунун жумуштары башталып
жумуш аткарууда жолдун жээгиндеги тоскоол болуп жаткан бак-дарактарды
кыйуу боюнча кайрылган. Кербен шаардык Кеңештин финансы, бюджет
боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 42 токтомун
карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык КеӊешининVII чакырылышынын
кезектеги он үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кербен шаарында «Таза-Суу» долбоору аткарылып жаткандыгына
байланыштуу жолдун жээгиндеги, тратуардагы жумушка тоскоол болгон
бак дарактарды кыркууга уруксат берилсин.
2.Жумуш аткарууга тоскоол болгон бак-дарактарды кыркуу боюнча Кербен
шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен коомчулуктан биргелешкен
убактылуу комиссия түзүлсүн.
3.Кыркылган бак-дарактарды баалап, түшкөн каражатты Кербен шаарынын
бюджетине кириштөө комиссия мүчөлөрүнө жана Кербен шаарынын
мэриясынын финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
4.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад
областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин
күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча
туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен шаары, 17.07.2018-ж. № 13/3