Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 2-октябрындагы № 14/5 токтому

Админ
Автору Админ October 8, 2018 15:17

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  төртүнчү  сессиясы

                             Т О К Т О М

Эмгек  ардагери, СССРдин  эл  агартуусунун отличниги Б.Исабаевдин  
ысмын  № 2 “Келечек
” мектепке  чейинки  билим  берүү   уюмуна 
 ыйгаруу  жана  айкелин  орнотуу  жөнүндө

Согуштун, эмгектин, куралдуу  күчтөрдүн, укук  коргоо  органдарынын 
ардагерлеринин  жана  ооруктагы  эмгекчилердин Аксы  райондук  Кеңешинин
11.09.2018-жылдагы  № 4 токтому,17.09.2018-жылдагы № 6 сандуу кайрылуусун. 
Ошондой  эле  СССРдин  эл  агартуусу  отличниги, эмгек  ардагери  Бекболот
Исабаевдин  ысмын  Кербен  шаарындагы  № 2  “Келечек”  мектепке  чейинки  
билим берүү  уюмуна ыйгаруу жана  анын  айкелин  райондун  айкелдер 
аллеясына  орнотуу  боюнча шаардык  Кеӊештин   мыйзамдуулук  боюнча  
туруктуу  комиссиясынын 2018-жылдын 18-сентябрындагы   № 26 токтомдорун
карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык Кеӊешинин  VII 
чакырылышынын  кезектеги   он  төртүнчү  сессиясы

                           Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаарындагы № 2 “Келечек”мектепке  чейинки  билим  берүү  уюмуна  
эмгек  ардагери  Бекболот  Исабаевдин  ысмы  берилсин  жана  № 2 “Келечек” 
мектепке  чейинки билим берүү  уюму“Бекболот Исабаев атындагы № 2 “Келечек”
мектепке  чейинки  билим  берүү  уюму”  деп  аталсын.
2.Бекболот Исабаев атындагы  № 2 “Келечек” мектепке  чейинки  билим  берүү  
уюмунун  мөөрүн  жана  аталышын  кайрадан  жасатып  жаздыруу  иштери  аты
  коюлуп  жаткан  инсандын  үй-бүлөсүнө  жүктөлсүн.
3.Эмгек  ардагери  Б.Исабаевдин  айкелин Кербен  шаарынын  айкелдер  
аллеясына  орнотууга  уруксат  берилсин.
4.Кербен  шаарынын  мэриясына, айкел  орнотууга  орун  бөлүп  берүү  жана 
архитектуралык  курулуш талаптарын сактоого көзөмөл  жүргүзүү  тапшырылсын.
5.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  
областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
6.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  
күчүнө   кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча 
туруктуу  комиссиясынын  төрайымы  М.Камбаровага  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  
Кеӊешинин   төрагасы:                     Н.Шадыбеков

 

Кербен  шаары, 02.10.2018-ж. №14/5

Админ
Автору Админ October 8, 2018 15:17