Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 25-августундагы № 6/3 токтому

Админ
Автору Админ September 1, 2022 14:40

 

Кербен шаарынын аймагынан кызматтык имарат куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө

 

Кербен шаардык Кеӊешинин суу жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 08.08.2022ж “Кербен шаарынын аймагынан кызматтык имарат куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө” № 19 токтомун КР “ЖМА жана ЖӨБ органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин

2-пунктуна ылайык карап жана талкуулап чыгып  Кербен  шаардык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезексиз  алтынчы  сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кербен шаарында кызматтык турак- жай салуу үчүн Курулуш айылындагы «Айыл конушу» категориясындагы  көрүстөн тарабындагы каналдын астынан 0,80 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
  2. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.
  4. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кербен шаардык Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Турдалыевге жүктөлсүн.

 

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                                     Ж.Омуралиев

Кербен ш. № 6/3 25.08.2022-ж.

Админ
Автору Админ September 1, 2022 14:40