Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 2-октябрындагы № 14/3 токтому

Админ
Автору Админ October 8, 2018 15:21

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  төртүнчү  сессиясы

                                   Т О К Т О М

Кербен  шаардык  Кеңешинин  депутаттарынын 
этикалык  кодекси  жөнүндө

КР  Өкмөтүнө  караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери  жана 
этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин 29.07.2018-жылдагы
№ 0118/39 буйругуна  негиз, Кербен  шаардык Кеӊешинин  мыйзамдуулук
боюнча  туруктуу  комиссиясы  иштеп  чыккан  шаардык Кеӊештин
  этикалык  кодексинин долбоорун  карап  жана  талкуулап чыгып, 
Кербен шаардык Кеӊешинин VII  чакырылышынын  кезектеги 
он  төртүнчү  сессиясы

                               Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

  1. Кербен шаардык Кеңешинин  этикалык  кодекси  кабыл  алынсын  (тиркелет).
  2. Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад 
    областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин 
    күчүнө   кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча 
    туруктуу  комиссиясынын  төрайымы  М.Камбаровага  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  
Кеӊешинин   төрагасы:                             Н.Шадыбеков

 

Тиркеме

Кербен  шаардык  Кеңешинин 
2018-жылдын 2-октябрындагы
№14/3 токтому менен бекитилген

     КЕРБЕН  ШААРДЫК  КЕНЕШИНИН   ДЕПУТАТТАРЫНЫН 

                               ЭТИКАЛЫК   КОДЕКСИ

     I.ЖАЛПЫ  ЖОБО

1.1.Кербен  шаардык  Кеңештин  депутаттары  (мындан  ары – депутаттар) 
шаар  калкынын  өкүлү  катары  өзүнүн  ишмердүүлүгүндө  алардын  
кызыкчылыктары  ошондой  эле  социалдык-экономикалык  жана  маданий
  өнүгүү  максаттарын  жетекчиликке  алуу  керек.

1.2 Депутаттар  өз  макамын  шаардын  жана  алардын  жашоочуларынын 
кызыкчылыктарына  заян  келтирген  аркеттерге  жумшабаш  керек.

1.3.Депутаттар  өз  араркеттерин  Кыргыз  Республикасынын Конституциясына 
жана   КР  мыйзамдарына  ылайык, жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруунун  
Жобосуна, жергиликтүү  Кеңештин  регламентине  жана  башка  жергиликтүү 
өз  алдынча  башкаруу  органдарынын  ченемдик  укуктук  актыларынын 
негизинде жүргүзүшөт.

1.4.Депутаттар  өздөрүнүн  ишмердүүлүгүндө, анын  ичинде  депутаттык 
ыйгарым  укуктарын  аткарбаган  учурларда  дагы, жалпыга  таанылган 
моралдык  жана  адептүүлүк  нормаларды  жетекчиликке  алуу  керек.

1.5.Депутаттар  депутаттын, шаардын  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу 
органдарынын  аброюну  шек  келтирүүчү  аракеттерден  жана  жоруктардан
  алыс  болуш  керек.

1.6 Депутаттар   өзүнүн  кадырын  сактоо  менен  бирге  башка депутаттардын,
кызматтык  адамдардын  жана  жарандардын  кадырын  сыйлаш  керек.

1.7. Депутаттар  өзүнүн  депутаттык  мандатын  депутаттык  ишмердүүлүккө 
тиешеси  жок  максаттарга  пайдалана  албайт.

II.КЕРБЕН  ШААРДЫК КЕНЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН 
ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨТИЙИШТҮҮ  ДЕПУТАТТЫК  ЭТИКАНЫН  
ЭРЕЖЕЛЕРИ

2.1.Депутаттар  шаардык  Кеңештин  ишине  өзүнүн  позициясын  
коркутуп-үркүтүү, кескин  талаптарды коюу  жана  башка  ушул  сыяктуу 
аракеттерди  жасабай  иштиктүү  жана  жөндүү  катышууга  тийиш.

2.2.Ар  бир  депутат  шаардык кеңеште  иштиктүү  кызматташтык  жана
өз  ара  колдоо, ак  ниеттүү  жана  жолдоштук  чөйрөнү  түзгөнгө 
жардам  кылат.

2.3.Депутаттар  өзүнүн  жумушун  каралып жаткан  маселелер  боюнча 
теңчиликтин  негизинде  жана  эркин  жамааттык  талкуулоо  принцибинде
  чечим  кабыл  алып,ар  түрдүү  пикирлерди  сыйлоо  менен,чыр-чатакка  
жеткирбей, пикир  келишпестиктерди  талкуулоо  менен  чечүү  жолдорун 
табуу  менен  жүргүзүү  керек.

2.4.Депутаттар  бири-бирине  жана  жыйындар  өтүүчү  залдагы  бардык
  катышуучуларга  расмий  түрдө  кайрылуу  керек. Ыгы  жок  теңтушсунуп  
жана тоготпостук  менен  кайрылууларга  жол  берилбейт. Шаардык 
Кеңештин  сессиясы  жана  комиссиялардын  отуруму  өтүп  жаткан
  учурларда  депутаттар  иштиктүү  стилде  кийинүү  керек.

2.5.Депутаттар  чыгып  сүйлөөрдүн  алдында  өзүнүн  айта  турган  сөзүн  
даярдап  анан  сүйлөш  керек. Талкууланып  жаткан  маселе  боюнча  так  
жана  багыттуу, жеткиликтүү  тил  менен, ар  кандай  мааниси  жок  
сөздөрдү  колдонбой  сүйлөш  керек. Депутаттарга  жергиликтүү 
Кеңештин  жана  комиссиялардын  иши  жүрүп  жаткан  учурда  уюлдук  
телефон  аркылуу  сүйлөшүүгө  тыю  салынат.

2.6.Депутаттар, калктын  кызыкчылыктарын  коргоодо  көрсөтүүдө  башка 
депутаттардын  ынанымына, салттарына, этникалык  жана  социалдык 
 топтордун, диний  конфессиялардын  маданий  өзгөчөлүктөрүн  сыйлоо  
жана  чыдамдуулук  менен  мамиле  кылуу  керек. Этностор  аралык  жана 
конфессия  аралык  биримдикке  жана  тынчтыкка  жардам  берет.

2.7. Депутаттар  шаардык  Кеңештин  тийиштүү  комиссияларынын 
отурумдарына  катышууга  тийиш. Депутат  жергиликтүү  Кеңештин
  отурумдарына  жүйөсүз  катары  менен  3жолу  катышпаса депутаттык 
милдетин  аткарбагандыгы тууралуу  маселе  депутаттык  этика  боюнча  
комиссияда  каралат.

Жүйөлүү  себептер  менен  жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо,
депутат  жыйынга  чейин  2 күндөн  кечиктирбей  жергиликтүү  Кеңештин  
төрагасына  маалымдап  кою  керек.

Жүйөлүү  себептерге  депутаттын  ооруп  калуусу, командировкада  жана 
эмгек  өргүүсүндө болуусу, маанилүү   үй-бүлөлүк  жагдайлар  кирет.

2.8. Шаардык  Кеңештин  сессиясында  каралып  жаткан  маселеде  катышып 
 жаткан  депутаттын, же  анын  жакындарынын  финансылык  же  кандайдыр 
бир  жеке  кызыкчылыктары  болсо, токтоосуз  түрдө  бул  жөнүндө  маалымдап,
бул  маселе  боюнча  добуш  берүүдөн  баш  тартыш  керек.

2.9.Депутаттар  өздөрү  кабыл  алган  шаардык Кеңештин  регламентин, анын 
талаптарын  жана  тартипти  сактоого  чакырган  сессияда  төраганын  
талаптарына  баш  ийиши  керек.  Жүйөлүү  себепсиз  сессияга, комиссиялардын 
ишине, депутаттык  угууларга  жана  башка  жергиликтүү  кеңештин  
иш-чараларына  кечикпей  келиши  керек.

2.9.1.Шаардык  кеңештин  депутаттарына-отурумду  үзгүлтүккө  учуратып
же  жөнү  жок  себептер  менен  башка  шылтоо  айтып  нааразылык  көрсөтүү
  иретинде  отурум  өтүп  жаткан  залдан  чыгып  кетүүгө, сөз  берилбесе  деле 
сүйлөөгө, күн  тартибине  коюлган  маселеден  сырткары  же  мааниси  жок  
сүйлөгөнгө, кыйкырууга  жана  сүйлөп  жаткан  адамдын  сөзүн  бөлүп  
жарууга  болбойт.

2.9.2.Депутат  шаардык  кеңештин  отурумунда, депутаттык  угууларды, 
туруктуу   комиссянын  жана  жумушчу  топтордун  ишине  катышып  
жатканда отурумга  төрагалык  кылуучуга, башка  депутаттарга, аткаруу  
органынын аппаратынын  кызматкерлерине  жана  жергиликтүү  кеңештин  
отурумуна  катышып  жаткан  башка  адамдарга  сылык  мамиле  кылуу  менен 
адептүүлүгүн  көрсөтүп, сыйурмат   менен  мамиле  кылуусу  керек.

2.9.3.Депутат  орой  сөздөрдү  колдонуп  жана  одоно  мамилелерди 
жасабашы  керек.

2.9.4.Депутаттар  депутаттык  ишмердүүлүгүн  аткаруу  учурунда  жана 
аткарбай  жүргөн  убагында  үчүнчү  тараптан  белектерди, акча  түрүндө  
акы  албашы керек  жана  алардын  кызматынан  пайдаланууга  болбойт.
2.9.5.Депутаттар  шаардык  кеңеште  сыйакы  алып  кимдир  бирөөнүн 
кызыкчылыгын  сүрөмөлөөгө  укуксуз.

      III.  ДЕПУТАТТАР  ШАЙЛООЧУЛАР  МЕНЕН  ӨЗ  АРА 

    МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ  ДЕПУТАТТЫН  ЭТИКАЛЫК  ЭРЕЖЕЛЕРИ

3.1Депутаттар  өздөрүнүн  округундагы  шайлоочулар  менен  тыгыз  байланышта
  болуусу  керек. Депутаттар  шайлоочуларынын  алдында  жоопкер  жана  отчет 
берип  турат. Депутаттар  шаардагы  бардык  жашоочулардын  кызыкчылыгын 
көздөйт.

3.2.Депутаттар  менен  шайлоочулардын  ортосундагы  мамиле  сый  урмат, 
сылык  мамиле  жана  жарандардын  кайрылууларына  ыкыластуулук  менен
  жасалган  мамиледен  куралат.

3.3.Депутаттар  өздөрүнүн  шайлоочуларынын  укуктарын, эркиндигин  жана 
мыйзамдуу  кызыкчылыктарын  коргоого  чараларды  көрөт: шайлоочулардан 
түшкөн  кайрылууларды  жана  арыздарды  кароодо  өздөрүнүн  ыйгарым 
укуктарынын  чегинде  чечүүгө  милдеттүү.

3.4.Депутаттар  шайлоочуларынын  алдында  жылына  1 жолудан кем  эмес  
отчет  берет. Өзүнүн  шаардык  Кеңештин  сессиясынын  отурумундагы  
ишмердүүлүгү  боюнча  шайлоочулары  менен  болгон  жолугушууларды  
жалпыга  маалымдоо  каражаттары  аркылуу  билдирип  турат. 
Шайлоочуларга  берилген  маалыматтар  толук, анык  жана  обьективдүү 
болушу  керек.

3.5.Депутаттар  ай  сайын  белгиленген  график  боюнча  шайлоочуларды
  жеке  кабыл  алууну  жүргүзөт.

3.6.Депутаттар  дайыма  чыдамкайлыкты  жана  сыпайы, сылыктыкты  
көрсөтүүсү  керек, айрыкча  депутаттын  ой  пикири  менен  шайлоочунун 
ой  пикири  дал  келбей  калган  учурда.

  1. ДЕПУТАТТЫН МАМЛЕКЕТТИК  ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ    

ӨЗ  АЛДЫНЧА  БАШКАРУУ  ОРГАНДАРЫ,ЮРИДИКАЛЫК  ЖАНА  
ФИЗИКАЛЫК  ТАРАПТАР  МЕНЕН  ӨЗ  АРА  МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ 

    ДЕПУТАТТЫК  ЭТИКАНЫН  ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

4.1.Депутаттар  атайын  ыйгарым  укуктарга  ээ болбогон  учурда  шаардык 
кеңештин  атынан  чыгуусуна,анын  атынан  мамлекеттик  аткаруу  
органдарынын,жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынын  жана 
башка  уюмдардын  алдында  расмий  билдирүүлөрдү  жасоого  укугу  жок.

4.2.Депутаттар  депутаттын  макамына  байланыштуу  мүмкүнчүлүктөрүн 
мамлекеттик  органдар,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,
юридикалык  жана  физикалык  тараптар  менен  болгон  мамилелеринде
  өз  кызыкчылыгына  пайдаланбашы  керек.

4.3 Депутаттар  шаардык  кеңештин  расмий  бланкаларын  депутаттын
  ыйгарым   укуктарынын  чегинде  талаптарды чечүүдө,расмий каттарды 
жана документтерди  жөнөтүүдө  гана  пайдаланууга  милдеттүү.

4.4.Депутаттар  депутаттык  ишмердүүлүгүн  аткарууга  байланышпаган  
учурда  шаардык  кеңештин  имаратын, телефондорун, автотранспортун 
жана  башка  материалдык-техникалык  каражаттарын  пайдаланууга
  болбойт.

4.5.Депутаттардын ыйгарым  укуктарын  аткаруу учурунда белгилүү  болуп 
калган маалыматтарды  жайылтууга  болбойт, эегерде  ал  маалыматтар:

-мамлекеттик, коммерциялык  же  кызматтык  сыр  болсо;

-жарандардын  жеке  турмушу  менен, юридикалык  тараптардын
  ишкердик  бедели  жана  ишмердүүлүгү  менен  байланыштуу  болуп, 
аны  жарыя  кылбоо  боюнча  депутатка  ишеним  берилген  болсо.

4.6.Депутат  жарандардын  жеке  турмушу  же  үй-бүлөгө  байланышкан 
маалыматтарды,юридикалык  тараптардын  ишкердик  бедели  жана 
ишмердүүлүгү  боюнча  жарыяланбай  турган  талаптарды  атайлап  же 
байкабастыктан олдоксон  бузган  болсо  тараптардан  кечирим  
суроосу  керек.

4.7. Депутаттардын  чет  мамлекеттерге  баруусундагы  жүрүм-туруму
  КР  жаранынын  беделин  жана  депутаттык  корпустун  кадыр  баркын 
көтөрүүгө  багытталыш  керек.

4.8.Депутаттар  чет  өлкөлөрдөгү сапарларында  барган  мамлекеттердин 
өзгөчөлүктөрүн,салт-санаасын  жана  мыйзамдарын  сыйлоосу  керек,
этиканы  сактап, конфликтик  кырдаалды  болтурбоого  милдеттүү.

V.ДЕПУТАТТАРДЫН  ЭЛ  АЛДЫНДА  ЧЫГЫП  
СҮЙЛӨӨ  ЭТИКАСЫ

5.1.Депутаттар  шаардык  кеңештин  отурумунда,депутаттык  угууларда 
жалпыга  маалымдоо  каражаттарындагы  чыгып  сүйлөөрүндө, мамлекеттик
  бийлик  органдарынын, жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынын,
уюмдардын  жана  жарандардын  ишмердүүлүгү  боюнча  баяндама  жасаганда  
текшерилген  анык фактыларга  гана  таянышы  керек.

5.2.Депутаттар  эл  алдында  чыгып  сүйлөгөндө   же  жалпыга  маалымдоо  
каражаттары  аркылуу  билдирүүлөрдү  жасаганда  сылык  сыпайы  болуп, 
жарандардын, кызмат  адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого, 
юридикалык  жана  физикалык  тараптардын  ишкердик  беделин  булгоого 
жол  бербеш  керек.

5.3.Депутаттардын  эл  алдында  чыгып  сүйлөө  учурунда  жана
  билдирүүлөрүндө  такталбаган  фактылар  айтылып  калган  болсо,
ошондой  эле  жарандардын  абийирин  намысын  каралоого, юридикалык 
жана  физикалык  тараптардын  ишкердик  беделин  түшүрүүгө  атайын  же  
кандайдыр  бир  себептер  менен  аракеттер  жасалса, депутаттын  эл 
алдында  кемчилдигин  мойнуна  алуу  менен  алардан  кечирим  суроого
  милдеттүү.Ушул пункт  менен белгиленген  депутаттын  жоопкерчилиги
  КР  мыйзамдарынын  алдында  ушул  бөлүм  боюнча  тартип
бузуу  жоопкерчиликке  тартуудан  бошотпойт.

VI.ДЖЕПУТАТТЫН  ЭТИКАЛЫК  КОДЕКСИН  САКТОО  
БОЮНЧА  КӨЗӨМӨЛ  ЖАНА  АЛАРДЫ  БУЗГАНДЫГЫ 
ҮЧҮН  
ДЕПУТАТТЫН  ЖООПКЕРЧИЛИГИ

6.1.Депутаттардын  депутаттык  этикасы  боюнча  эрежелеринин
  сакталышын  депутаттардын  ишмердүүлүгү  жана  этикасы  боюнча 
комиссия (мындан  ары  комиссия)  көзөмөлдөйт.

Комиссиянын  төрагасы  жана  мүчөлөрү  депутаттар  тарабынан  депутаттык 
этиканын  сакталышы  боюнча  тийиштүү  чараларды  көрүүгө  милдеттүү.

6.2.Депутаттык  этиканын  эрежелерин  бузуу  боюнча  маселени  комиссия  
өзүнүн  демилгеси  менен  же  жергиликтүү  кеңештин  демилгеси  боюнча 
карай  алат.

6.3.Депутаттардын  этикасын  бузуу  далили  боюнча  маселени  кароо  үчүн
  комиссияга  шаардын  жашоочулары, мамлекеттик  бийликтин  жана 
жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынын  кызмат  адамдары, 
ишкана, уюмдардын  жана  коомдук  уюмдардын, бирикмелердин  өкүлдөрү  
арыз  менен  кайрыла  алат.

6.4.Депутаттардын  этиканы  бузгандыгы  боюнча  күнөөлөнгөндө  депутаттар 
комиссияга  кагаз  жүзүндө  документтерди  көргөзүү  менен  негизделген  
каршылык  көрсөтүүгө  жана  күнөөлөнгөндүгү  боюнча  оозеки  түшүндүрмө 
бергенге  укуктуу.

6.5.Депутаттардын  ар  намысына, кадыр  баркына  ишмердүүлүк  беделине 
шек  келтирген  негизсиз  арыздануу  боюнча  депутаттар  өздөрүнүн  укугун  
мыйзамга  каршы  келбеген  ыкмалар  менен  коргонууга  укуктуу.

6.6.Депутаттардын  мамлекеттик  бийлик  органдарына, жергиликтүү 
өз  алдынча  башкаруу  органдарына  же  сот  органдарына  ар  намысын, 
кадыр  баркын, ишмердик  беделин  коргоо  боюнча  комиссияга 
кайрылуусуна  акаруу  органдарынын  аппараты  депутаттын  ар  намысын
  коргоо  боюнча  көмөк көрсөтөт  жана  керектүү  учурда  анын 
кызыкчылыгын  сот  органдарынын алдында  коргоого  көмөктөшөт.

6.7.Комиссия  депутаттын  этикалык  кодексин  бузуу  боюнча  маселени  
кароодо  депутаттын  этикалык  кодексин  бузулгандыгы  же  бузулбагандыгы
  бар  же  жок  экендигин  аныктаган  чечим  кабыл  алат.

6.8.Депутаттардын  этикалык  Кодексин  бузуу  фактысы  боюнча  комиссиянын
  рекомендациясы  боюнча  гана  каралат. Депутаттар  тарабынан  шаардык  
кеңештин  отурумунда  ушул  эрежелердин бузулуусуна  карата  шаардык 
кенештин  Регламентинде  белгиленген тартипте  жоопкерчилик  чаралары  
колдонулушу  мүмкүн.

6.9.Шаардык  Кеңеште  депутаттын  этикалык  Кодексин  бузган  адамга 
төмөндөгүдөй  чаралар  көрүлүшү  мүмкүн:

-депутаттын  этикалык  Кодексине  туура  келбеген  жүрүм-турумун 
токтотууну  сунуштайт  жана  кечирим  суроону  талап  кылат.

-депутаттын  этикалык  Кодексин  бузган  факты  боюнча  жалпыга 
маалымдоо  каражаттары  аркылуу  округдун  шайлоочуларына  жана  
мүчөлүгүнө  жараша  саясий  партиясынын  башкаруу  органдарына 
 маалымдайт.

6.9.1.Ушул  пунктта  белгиленген  эрежелерди  депутат  одоно  түрдө  
бузган  болсо  комиссия  тарабынан  этикалык  кодексин  бузган  депутатка 
чара  көрүү  маселеси  шаардык  кеңештин  сессиясына  чыгарылат.

Шаардык  кеңеш  депутаттын  жоопкерчилиги  боюнча  маселени  алдын 
ала комиссиянын  кароосу  жок  эле  чечет. Этика  кодекси  одоно
бузулгандыгын  шаардык  Кеңеш  аныктайт.

6.9.2.Депутаттын  шаардык  Кеңеште  жана  анын  органдарында 
өз  милдеттерин  системалуу  түрдө  аткарбай  жүргөн  учурда, шаардык
Кеңештин  иштөө  тартибин  бузган  учурда  комиссиянын  алдын  ала 
кабыл  алган  чечими  менен  шаардык  кенеш  шайлоочуларга  депутаттын 
өз  милдеттерин  аткарууга  болгон мамилеси  боюнча  билдирет.

Кербен  шаардык  Кеӊешинин  жооптуу  катчысы:               Д.Алиев

Кербен  шаары, 02.10.2018-ж. №14/3

Админ
Автору Админ October 8, 2018 15:21