Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 15-мартындагы № 17/4 токтому

Админ
Автору Админ April 12, 2019 11:46

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  жетинчи  сессиясы

                                                          Т О К Т О М

2018-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин 
(ЖПБ) аткарган  иштери  жана  2019-жылга  планы  жөнүндө 

2018-жылда   Кербен  шаары  боюнча  мал  санагынын  негизинде  кара  мал-3650 баш,
жылкы-890 баш, кой-эчки-11300 баш  болуп  такталган. ЖПБга  пайдаланууга  6793 га
жайыт  өткөрүлүп  берилген.  Бул  жайыттын  5128 га аянты  жайытка  жараксыз,
45 градустан  жогору   аска  таштар , жарактуусу  1665 га. 2018-жылга  шаардык
Кеңеш  тарабынан   план 326600 сом   киреше  менен  бекитилген, 241211 сомго,
же  73,5%   аткарган. Бекитилген  пландын  аткарылбай   калганынын  себеби 
Падыша-Ата  жана  Авлетим  токой  чарбаларына  чыккан  фермерлердин  эсебинен 
толбой  калган. Көпчүлүк   фермерлердин  кара  мал, майда   жандыктары  бөлөк 
айыл  аймактардын  жайлоолоруна   көчүп  кетишкен.Кербен  шаарынын  ЖПБнын
соцфонд, салыктардан  карызы  жок.  Кербен  шаарынын  жайыт  комитети  АРИС
тарабынан  Күлүк-Дөбө  айылынын  Черик  жайытындагы  булакты  короолоп  эки 
жерге  мал  суу  ичүүчү  аштоо  куруп  750 метр  суу  түтүгүн  жаткырды. Кичи-Үмет 
жайлоосуна  мал   өтүүчү   көпүрө  оӊдолду . Живпром  айылындагы  яма  беккери
капиталдык  оӊдоодон   өткөрүлдү. Мындан  тышкары «Кыргызстандын  жана
Тажикстандын  жаратылыш  ресурстарын  натыйжалуу  башкаруу  аркылуу 
туруктуулукту  бекемдөө» долбоорунун   алкагында  «жайыт   жана  сугат
инфраструктурасын  жакшыртуу   долбоорун  каржылоо  фондусу»
(СМАР  Алатоо  коомдук  фонд)  менен  биргеликте  Курулуш  айылында
сел  алып  кеткен  көпүрө  толугу  менен  курулуп  ишке  берилген.
АРИС  тарабынан   атайын   техника  алынган.
2019-жылга  кирешеси – 326600 сом, чыгашасы – 326600 сом  суммасында
белгиленип  жатат. Жайлоого   көчүү   жана   көчүп   келүү  графиктери
белгиленген. ЖПБнын  штат  бирдиктери   такталган. Кербен  ЖПБнын
2018-жылдагы   аткарган   жумуштарын   жана  2019-жылкы  иш  пландарын,
шаардык  Кеӊештин  суу  ресурстары  муниципалдык  жана агрардык
маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  26.02.2019-жылдагы 
№ 9 токтомун талкуулап  чыгып,Кербен  шаардык  Кеӊешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  жетинчи  сессиясы

                                             Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.2018-жылда Кербен ЖПБнын  аткарган  иштери  канааттандыраарлык
деп  табылсын.

2.Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин  бюджетинин  киреше  жана 
чыгаша  бөлүктөрү  2019-жылга  төмөндөгүдөй:

Киреше  бөлүгү – 326600 сом;
Чыгаша  бөлүгү – 326600  сом  болуп  белгиленсин (№ 1 тиркеме ).

3.Кербен шаарынын аймагындагы  жайыттарга:
Жылкы, уй  үчүн-50 сом, кой,эчки-10 сом  өлчөмүндө  акы  белгиленсин
Бөлөк  райондон , айыл  аймактардан  жайыт  пайдалангандар  үчүн:
Жылкы,уйга-200 сомдон, кой,эчкиге-50 сомдон  белгиленсин (№ 3 тиркеме).

4.2019-жылга Кербен ЖПБнын иш-планы  бекитилсин  (№ 2 тиркеме).

5.2019-жылга Кербен ЖПБга  3 (үч)  штат  бирдиги  берилсин. 

6.Жайыт пайдалануучулар үчүн  жайлоого  көчүү  2019-жылдын  1-майынан
жана  көчүп келүү  1-октябры  деп  белгиленсин.

7.Жайлоого 1-майга  чейин  көчпөгөн, жайлоодон  1-октябрдан  эрте  келген
чабандарга, эгин  талааларына  түшкөн  бардык  малдарга   2017-жылдын
28-апрелиндеги   КР  «Бузуулар  жөнүндө»  кодексине  ылайык  чара  көрүлсүн.

8.Жайыт пайдаланган фермерлерди  өз  убагында  жайытка  көчүрүү
белгиленген  убакытта  кайра  көчүрүп  келүү  жагы  ЖПБга  жана  мэриянын
айыл  башчыларына  тапшырылсын.

9.Жайыт пайдалануучулар бирикмесине  келген  фронталдык  погрузчик
келишимдин  негизинде  юридикалык   жактарга   бир  мото/саат  үчүн 
3500 сом, физикалык  жактарга   2500 сом  кызмат   көрсөтүү   белгиленсин.

10.Механизатордун  эмгек  акысы  таза  кирешенин  эсебинен  15%  белгиленсин.

11.Кербен шаарынын мэриясына:

– ЖПБга  мэриядан  өзүнчө  кабинет  бөлүнүп  берилсин;

– Жайыттарды   жакшыртуу  максатында   шаардык   бюджеттен  60000
(алтымыш  миӊ) сом акча  каражатын  бөлүп берүү  жагы  милдеттендирилсин;

– ЖПБ  тарабынан  Кербен  шаарынын  бюджетине  кириштелген  каражат   кайрадан
өз  муктаждыктарын   чечүү  үчүн  ЖПБны   колдоого   бөлүнүп   берилсин;

-Жайыт  жыйымдарын  өз  убагында  жыйноого  мэрия  тарабынан  (салык  инспекторлор)
жардам  берүү  жагы  милдеттендирилсин.

12.Бул токтом мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

13.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин
күчүнө   кирет.

14.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы,  суу  ресурстары,
муниципалдык  мүлк жана  агрардык  маселелер   боюнча  туруктуу
комиссиясынын  төрагасы   Ы.Сарыевге  жүктөлсүн.

 

                       Кербен   шаардык  
                       Кеӊешинин   төрагасы:                        Н.Шадыбеков

Кербен  шаары,15.03.2019-ж. № 17/4


                                                                        Тиркеме  № 1

Кербен  шаардык  Кенешинин
                                                          2019-жылдын   15-мартындагы
                                                          № 17/4 токтому  менен  бекитилди

             2019-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар
             бирикмесинин  жайыттарды   пайдалануу   боюнча
                                                    жылдык   планы

Кирешелер Сом
1 Уй  3650 х 50 182500,00
2 Жылкы  890 х 50 44500,00
3 Кой-эчки   13000 х 02 =2260х10                22600,00
   4 Кызмат  көрсөтүүдөн                77000,00
Бардыгы 326,600
Чыгашалар Штат бирдиги сом    
1 Төраганын эмгек акысы 9 айга 1 5000  45000
2 Эсепчинин эмгек акысы 9 айга 1 3000  27000
  3 Айдоочунун   эмгек   акысы  9  айга         1      3000  27000 99000
4 Соцфонд  17,25%   17078 17078
Бардыгы : 116078
5 Администрациялык чыгым         –          –
Кагаздар  үчүн 3500
Иш  сапарга      6500
Бардыгы:  10000  
6 Автоунаа   чыгымдары
Бензин, салярка 64000
Авто   оӊдоо  иштерине 20500
Бардыгы: 84500  
7 Жайыттарды  калыбына келтирүүгө 74759  90378  
8. Жайыт  салыгы 22644   22644  
Кыргыз  жайытынын  взносуна  1000   1000  
9. Союз  ЖПБ  взносуна 2000 2000  
     
Жалпы :     326600  

 

                             Кербен  шаардык  Кеңешинин
                             жооптуу  катчысы:                            Д.Алиев


                                                                          Тиркеме  № 2


                                                             Кербен  шаардык  Кенешинин
                                                             2019-жылдын   15-мартындагы
                                                             № 17/4 токтому  менен  бекитилди

              2019-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар
              бирикмесинин  жайыттарды  оңдоо   боюнча  жылдык
                                                   иш-планы

К/

Аткарыла   турган   иштердин мазмуну Участ-касы Жалпы  сумма ПРЖР2

АРИС

5% коомчу-луктун  накталай  салыгы   20%

Жамааттын  эмгек  салымы

1 Күлүк-Дөбө  айылынын  Черик  участкасындагы  жууткананы толук  оӊдоп  куруу Черик 889372 665250 45358 178764
2 Жасалма  уруктандыруу  шаймандарын жана ветеринардык  станок фиксатор  сатып  алуу Кербен 519852 435470 26512 117018
3 Кыргыз  боз  үй жана  комплект  компютерди   сатып  алуу Кербен 309575 231562 15788 62252
Бардыгы: 1777974 1332282 87658 358034

                  Кербен  шаардык  Кеңешинин
                   жооптуу  катчысы:                                 Д.Алиев

тиркеме  № 3

Кербен  шаардык  Кенешинин
2019-жылдын   15-мартындагы
№ 17/4 токтому  менен  бекитилди

1.Кербен   шаарынын   жайыттарын  пайдалангандыгы
үчүн  төлөнүүчү  жайыт  акынын  өлчөмү

Малдын аталышы Бир  баш

малга  жайыт  акы (сом)

Эскертүү
1 Уйларга         50 Жаз, жай, күз  айлары  үчүн
2 Жылкыларга         50
3 Кой-эчкилерге         10
4 Эшектерге         50
  1. Башка райондор, айылдык аймактар  үчүн  жана
    жайлоого  кетпеген, айылда  калган  малдар  үчүн
Малдын аталышы Бир  баш малга  жайыт акы  (сом) Эскертүү
1 Уйларга 200
2 Жылкыларга 200
3 Кой-эчкилерге 50


Кербен  шаардык  Кеңешинин
                    жооптуу  катчысы:                      Д.Алиев

 

Админ
Автору Админ April 12, 2019 11:46