Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 15-мартындагы № 17/2 токтому

Админ
Автору Админ April 12, 2019 11:53

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  жетинчи  сессиясы

                                      Т О К Т О М

    2019-жылга  Кербен  шаарынын  бюджетинин  түзүлүшү
жана  2020-2021-жылдарга  болжолу  жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик  Кодексине  негиз, Кербен  шаардык
Кеңешинин  бюджет, финансы, пландоо  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  отурумунун
2019-жылдын  11-мартындагы  № 55  токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен
шаардык  Кеңешинин VII-чакырылышынын  кезектеги  он  жетинчи  сессиясы

                                                  ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.2019- жылга Кербен шаарынын  жалпы  бюджети 
-киреше  боюнча  – 48401,4 мин  сом ;
-чыгаша  боюнча – 48401,4 мин  сом ;

анын  ичинен:
-атайын  каражат –  6740,0 мин сом  суммасында  бекитилсин.

2.2020-2021-жылдарга Кербен шаарынын бюджетинин  негизги
параметрлеринин  болжолу  жактырылсын:    
Кирешелер  боюнча:  2020- жылга – 47192,9 мин  сом  суммасында
2021-жылга – 48443,2 миӊ  сом
Чыгашасы  2020- жылга –  47192,9  мин сом  суммада
2021-жылга –  48443,2 миӊ  сом
2020-2021-жылга  жактырылган Кербен  шаарынын бюджетинин болжолдуу 
параметрлери  алар  кабыл  алынуучу  ар бир конкреттүү мезгилде  тактоого  жатат.

3.2019- жылга Кербен шаарынын  бюджетинин  киреше  бөлүгү № 1, атайын
каражат № 3 жана  2020- 2021- жылдарга  болжолу  № 4,№ 5 тиркемелерге 
ылайык  жергиликтүү Салыктардын  булактары, мамлекеттик  чегерүүлөр
жана  башка  жыйымдар боюнча түшүүлөрдүн  эсебинен  түзүлөрү   белгиленсин.

4.2019- жылга  Кербен  шаарынын  бюджетинин  чыгашаларын  каржылоого
каражат № 2 тиркемелерге   ылайык   бекитилсин.

5.2019- жылдын 1-январына бюджеттен калган калдык  7270,1 миӊ  сом
суммасында эсептелип, № 6 тиркемеге  ылайык   иш-чаралар  каржылансын.

6.2019-жылдын 1-январына атайын каражаттан калган  546,0 мин сом  суммадагы
калдык  эсебинен  бала  бакчалардын  муктаждыктарын  чечүү  үчүн  263,7 миӊ  сом,
башкаруу  аппараттардын  муктаждыктарын  чечүү  үчүн  282,3 миӊ сом  жумшалсын.

7.Чыгашаларды  каржылоо  биринчи  кезекте  коргоого  алынган  беренелер  боюнча 
( эмгек акы , соц.фонд, тамак  аш, медикамент)  жүргүзүлсүн.

8.Өзгөчө  кырдаалдарды  болтурбоо  жана  алдын  алуу  иш  чараларына – 200,0 
миӊ  сом  суммасында  каралсын.

9.2019-жылдын 1-январына карата  шаардын  бюджети  боюнча  жүгүртүлүүчү
накталай  акча- 50,0 миӊ  сом  суммасында  бекитилсин.

10.«КР Бюджеттик Кодексинин» 24-беренесине ылайык, жалпы  Кербен  шаарынын 
бюджетинин  чыгашаларынын  1 (бир) пайызына  чейинки  өлчөмдө  416,6 мин  сом 
эсебинде  резервдик  фонд  түзүлсүн, анын  ичинен 70 пайызы – 291,6 миӊ  сом – мэр
тарабынан , 30 пайызы – 125,0 миӊ  сом  шаардык  Кенештин  чечими  менен аткарууга
алынсын  жана  резервдик   фонд  Кербен  шаарынын жергиликтүү  өз  алдынча
башкаруусунун  учурдагы  бюджеттик  жылда  кечиктирилгис  каржылоону  талап
кылган,күтүлбөгөн  чыгашаларды, ошондой  эле  социалдык-маданий  жана
экономикалык  жактан өнүктүрүү  боюнча  приоритеттүү  долбоорлорун  багыттуу 
каржылоо  белгиленсин.

11.Резервдик фонддун эсебинен  адистик  майрам  күндөрдү, жеке  уюмдардын
юблейлерин   каржылоого  тыюу   салынсын.

12.Кербен шаарынын мэри жана ФЭБ башчысына, смета боюнча  шаардык
Кенешке бөлүнгөн  каражатты  башкаруу, тескөө Кенештин  төрагасы тарабынан
аткарылары жана  ички  бухгалтериялык  документтер төраганын  колу  менен
бекитилери  эскертилсин.

13.Кербен шаарынын мэриясы :
-2019-жылдын  жаз  айларында  Кербен  шаарынын  мэриясынын  кичи
футбол  аянтчасын калыбына  келтирүү   иштери  ижарачы  менен  макулдашып
ижара  акысынын  эсебинен жүргүзүүгө макулдук  берилсин;
-бюджеттик каражаттарды  максаттуу пайдаланууну камсыз  кылсын жана
бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу  боюнча  чаралар  көрүлсүн;
-бардык  ички  финансылык ресурстарды бюджеттин  кирешесине  мобилизациялоо
жана кошумча  каражаттарды  табуу  боюнча  иш  чараларды  иштеп  чыксын
жана  аны аткарууну туруктуу комиссия  төрагалары   менен  бирдикте   жүргүзүшсүн;
-Финансылык  тартипти  чындоо  боюнча КР бюджеттик  мыйзамдарын  аткарууну
камсыз  кылсын;
-Кербен  шаарынын   мэриясына  2019-жылдын  жарым  жыл  ичинде, калкты
тейлөөдө ыӊгайлуу  шарттарды  түзүү  максатында  бирдиктүү  терезени  камсыз
кылуу  жагы  милдеттендирилсин;
-2018- жылдын  бюджетин  аткарууда  кетирилген  кемчилдиктерди  жоюуу  боюнча
алты айдын  жыйынтыгы  менен  Кербен  шаарынын  мэри  Н.Эсеналиевдин
отчету  сессияда  угулсун;
-Питомниктеги  № 5 «Наристе» балдар  бакчасынын  жетекчисинин  жана
ата-энелердин  кайрылуусуна  негиз, кошумча  имаратты  6 айдын  жыйынтыгы
менен  үнөмдөлгөн  каражат эсебинен  же  болбосо  кошумча  каражаттарды
табуунун  эсебинен  сатып  алууга  шарт  түзүү  жагы  белгиленсин;
-2019-жылдын  6 (алты) айында  муниципалдык  жерлерди  тактап, реестрин
түзсүн  жана  бюджеттин  кирешесин  көбөйтүүгө  жетишсин;
-“Ар  түрдүү  иштер”  статьясын  тактап, аткарылуучу  иштердин  көлөмүн  аныктасын;
-Вице-мэрдин, адистердин  функционалдык  милдеттерин  так  аныктап  чыгып,
алардын квалификациялык  деӊгээлин  көтөрүү  боюнча  чараларды  көрсүн.

14.Бул токтом мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад
областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

15.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан  кийин
күчүнө  кирет.

16.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет
боюнча  туруктуу  комиссиянын  төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  
Кеӊешинин   төрагасы:                            Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 15.03.2019-ж. № 17/2

Тиркеме -1

Кербен  шаардык  Кеңешинин
2019-жылдын  15 мартындагы
 № 17/2 токтому  менен бекитилген
2019-жылга  Кербен  шаарыны  бюджетинин  кирешеси     
             
     
Берене

лер

Беренелердин  аталышы   Мин.

сом

Анын  ичинен квартал боюнча  
      I-кв II-кв III-кв IV-кв
анын ичинен 
11111100 Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы 22 039,0  4 814,0  5 620,0  4 664,5  6 940,5 
11121100 Пайда  үчүн  салык 37,0  10,8  6,0  9,5  10,7 
11122 Патенттик негиздеги киреше салыгы 4 300,0  1 176,6  1 075,0  1 121,5  926,9 
11122100 Юридикалык жактардын танууланган кирешесине салык (милдеттуу  патент) 590,0  167,4  147,4  147,7  127,5 
11122200 Жеке адамдардын танууланган кирешесине салык (ыктыярдуу патент) 3 710,0  1 009,2  927,6  973,8  799,4 
11123100 Атайын каражат эсебинен каралган бюджеттик мекемелерине салык 0,0 
11311200 Кыймылсыз  мүлк  үчүн  салык 316,0  110,6  77,4  79,0  49,0 
11312120 Жеке адамдардан транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык 2 700,0  381,8  440,0  1 878,2 
11321100 Короо  жанындагы  жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 1 911,3  526,5  467,0  917,8 
11321200 Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 408,5  82,2  93,9  102,2  130,2 
11321300 Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 2 500,0  850,0  600,0  500,0  550,0 
11412100 Сатуудан  салык 6 223,0  939,0  1 220,0  1 387,3  2 676,7 
11442440 Ичүүчү  жана  техникалык  суулар

 

10,0  2,0  2,0  2,0  4,0 
14152200 Жайыт  ижарасы  үчүн  акы 326,6  326,6 
14152600 Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы төлөө 340,0  45,0  58,5  75,0  161,5 
14224200 Таштандыларды  чыгаруу  үчүн  жыйналуучу  жыйым 500,0  500,0 
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы 50,0  9,3  11,0  13,0  16,7 
Бардык жергиликтүү киреше  

41 661,4 

9 447,8  9 670,8  10 750,0  11 792,8 
                     


Кербен  шаардык  Кеңешинин  жооптуу катчысы:                    Д.Алиев

                                                                     Тиркеме № 2

       Кербен  шаардык  Кеңешинин 2019-жылдын  
 15-мартындагы № 17/2 токтому  менен бекитилген

2019-жылга  Кербен  шаарынын  бюджетинин  жалпы  чыгаша  бөлүгү  
 
      (миң  сом)      
Чыгашалардын  экономикалык  беренелери Чыгашалардынаталышы Жалпы  чыгаша Кварталга  бөлүнгөнү  боюнча
I-кв II-кв III-кв IV-кв
70111 Жалпы  багыттагы  мамлекеттик  кызматтар V. Мамлекеттик  башкаруу  органдарынын  функцияларынын  классификациясы
92210 Жалпы  бөлүмдөр  боюнча IV. Ведомстволук  классификация
  Жалпы  чыгашалар 41 661,4 9 447,8 9 670,8 10 750,0 11 792,8
             
  чыгаша + актив бюджет 41 661,4 9 447,8 9 670,8 10 750,0 11 792,8
             
  ЧЫГАШАЛАР 37 595,4 9 134,1 8 793,5 9 277,7 10 390,1
2111 Маяна 11 571,2 2 892,8 2 892,9 2 892,8 2 892,7
21111100 Негизги  маяна 11 571,2 2 892,8 2 892,9 2 892,8 2 892,7
21111200 Үстөк  акы 0,0
21111300 Кошумча  төлөөлөр  жана  компенсациялар 0,0 0,0 0,0 0,0 0,0
2121 Социалдык  Фондго  төгүмдөр 1 821,8 455,5 455,2 455,5 455,6
21211100 Пенциялык  фондго  төгүмдөр 1 610,3 402,6 402,5 402,5 402,7
21211200 Медициналык  камсыздандыруу фондуна  төгүмдөр 211,5 52,9 52,7 53,0 52,9
2211 Өлкө  ичиндеги  иш-сапарынын  чыгымдары 1 020,8 367,7 217,7 217,7 217,7
22111100 Транспорттук  чыгашалар 1 020,8 367,7 217,7 217,7 217,7
2212 Байланыш  кызматын  көрсөтүү 200,0 50,0 50,0 50,0 50,0
22122100 Телефондук  кызмат  көрсөтүү жана  факс байланыш 80,0 20,0 20,0 20,0 20,0
22122900 Дагы  башка  байланыш  кызматын  көрсөтүү 120,0 30,0 30,0 30,0 30,0
2214 Транспорттук кызмат  көрсөтүүлөр 2 820,8 704,9 705,1 705,0 705,8
22141100 Бензин, дизель жана  башка  күйүүчү  майлар 1 870,8 467,4 467,6 467,6 468,2
22141200 Запастык  бөлүктөрдү  алуу 950,0 237,5 237,5 237,4 237,6
2215 Дагы  башка  кызмат  көрсөтүүнү  алуу 3 940,7 567,3 992,1 745,6 1 635,7
22154200 Бланктарды, медальдарды, значокторду даярдоо 0,0 0,0 0,0 0,0 0,0
22154900 Товаларды  жана  кызматтарды  пайдалануу кызматы 3 940,7 567,3 992,1 745,6 1 635,7
2217 Медициналык багыттагы медикаменттерди ж-а буюмдарды алуу 240,0 0,0 0,0 120,0 120,0
22171100 Медициналык багыттагы медикаменттерди ж-а буюмдарды алуу 240,0 0,0 0,0 120,0 120,0
2218 Тамак-аш  азыктарын  алуу 4 700,0 1 400,0 1 100,0 1 100,0 1 100,0
22181100 Тамак-аш  азыктарын  алуу 4 700,0 1 400,0 1 100,0 1 100,0 1 100,0
2221 Мүлктү  учурдагы  ондоого  кеткен  чыгымдар 1 360,0 27,5 962,5 262,5 107,5
22211100 Имараттарды  жана  жайларды  учурдагы  ондоо чыгым 700,0 0,0 700,0 0,0 0,0
22211200 Курулмаларды учурдагы оӊдоого кеткен чыгымдар 660,0 27,5 262,5 262,5 107,5
2222 Учурдагы  чарбалык максаттар  үчүн буюмдарды жана  материалдарды  алуу 2 382,5 240,0 594,7 844,6 703,2
22221200 Учурдагы чарбалык  максаттар  үчүн  башка  предметтерди  жана  материалдарды сатып  алуу 2 382,5 240,0 594,7 844,6 703,2
2224 Көмүрдү  сатып  алуу  жана отун  түрлөрүн  алуу 2 400,0 410,0 50,0 971,2 968,8
22241100 Таш  көмүрдү  алуу 2 400,0 410,0 50,0 971,2 968,8
22241200 Отундун  башка  түрлөрүн  алуу 0,0 0,0 0,0 0,0 0,0
2231 Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр 4 721,0 1 899,7 674,0 813,5 1 333,8
22311100 Сууга  акы 599,0 147,3 152,3 152,2 147,2
22311200 Электр  энергиясына  акы 4 122,0 1 752,4 521,7 661,3 1 186,6
2824 Резервдик   фонддор 416,6 118,7 99,3 99,3 99,3
28241100 Резервдик   фонддор 416,6 118,7 99,3 99,3 99,3
3111 Имараттар  жана  курулуштар 3 826,0 294,7 752,3 1 388,3 1 390,7
31112390 Башка имараттарды капиталдык ондоо 0,0 0,0 0,0 0,0 0,0
31113220 Жолдорду  сатып  алуу  жана  куруу 500,0 40,0 260,0 175,0 25,0
31113290 Башка курулмаларды алуу жана куруу 3 326,0 254,7 492,3 1 213,3 1 365,7
3112 Машиналар жана жабдуулар 240,0 19,0 125,0 84,0 12,0
31123290 Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу 240,0 19,0 125,0 84,0 12,0
             
                         


Кербен  шаардык  Кеңешинин  жооптуу катчысы:                    Д.Алиев

                                                                                Тиркеме № 3

                                    Кербен  шаардык  Кеңешинин  2019-жылдын
                                  15-мартындагы  № 17/2 токтому  менен бекитилген

2019-жылга  Кербен  шаарынын  атайын  каражатынын 
 жалпы  киреше чыгашасы
 
   
             
Чыгашалардын  экономикалык  беренелери Чыгашалардын  аталышы Жалпы  чыгаша Кварталга  болунгону  боюнча  
I-кв II-кв III-кв IV-кв  
  Жалпы  багыттагы  мамлекеттик  кызматтар V. Мамлекеттик  башкаруу  органдарынын  функцияларынын  классификациясы  
  Атайын  каражат  жалпысы IV. Ведомстволук  классификация  
  I  КИРЕШЕЛЕР 0,0          
               
  01.01.2019-жылга  калган  калдык 0,0          
               
  Бардык  кирешелер 6 740,0 2 075,2 1 573,2 1 555,1 1 536,5  
14232400 Балдар бакчаларынын ата-энелерден жыйналуучу жыйым 6 202,0 1 965,5 1 442,7 1 392,7 1 401,1  
14238900 Ар  түрдүү  жыйымдар 538,0 109,7 130,5 162,4 135,4  
0,0  
           
 
Жалпы  кирешелер 6 740,0 2 075,2 1 573,2 1 555,1 1 536,5  
  II. ЧЫГАШАЛАР 6 740,0 2 075,2 1 573,2 1 555,1 1 536,5  
2215 Дагы  башка  кызмат  көрсөтүүнү  алуу 538,0 109,7 130,5 162,4 135,4  
22154200 Бланктарды, медальдарды, значокторду даярдоо 0,0  
22154900 Товаларды  жана  кызматтарды  пайдалануу кызматы 538,0 109,7 130,5 162,4 135,4  
2218 Тамак-аш  азыктарын  алуу 6 202,0 1 965,5 1 442,7 1 392,7 1 401,1  
22181100 Тамак-аш  азыктарын  алуу 6 202,0 1 965,5 1 442,7 1 392,7 1 401,1  
2222 Учурдагы  чарбалык максаттар  үчүн буюмдарды жана  материалдарды  алуу 0,0 0,0 0,0 0,0 0,0  
22221200 Учурдагы чарбалык  максаттар  үчүн  башка  предметтерди  жана  материалдарды сатып  алуу 0,0  
  Жалпы  чыгашалар 6 740,0 2 075,2 1 573,2 1 555,1 1 536,5  
  Остаток  на  конец 0,0          
                     


Кербен  шаардык  Кеңешинин  жооптуу катчысы:                    Д.Алиев

                                                                         Тиркеме № 4

Кербен  шаардык  Кеңешинин  2019-жылдын
15-мартындагы  № 17/2 токтому  менен бекитилген

         2020-жылга  Кербен  шаарынын  бюджетинин  киреше  бөлүгүнүн  болжолу  
   
   
Берене
лер
Беренелердин  аталышы  Мин.
сом
 
 
  анын ичинен     
11111100 Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы 25 710,0   
11121100 Пайда  үчүн  салык 37,0   
11122 Патенттик негиздеги киреше салыгы 4 100,0   
11122100 Юридикалык жактардын танууланган кирешесине салык (милдеттүү  патент) 600,0   
11122200 Жеке адамдардын танууланган кирешесине салык (ыктыярдуу патент) 3 500,0   
11123100 Атайын каражат эсебинен каралган бюджеттик мекемелерине салык 0,0   
11311200 Кыймылсыз  мүлк  үчүн  салык 277,7   
11312120 Жеке адамдардан транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык 2 700,0   
11321100 Короо  жанындагы  жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы  үчүн  жер  салыгы 1 911,3   
11321200 Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 408,5   
11321300 Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон  жерлерди  пайдалануу  үчүн  жер  салыгы 1 902,9   
11412100 Сатуудан  салык 3 276,5   
11442440 Ичүүчү  жана  техникалык  суулар 11,0

 

 
14152600 Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы төлөө 340,0   
14224200 Таштандыларды  чыгаруу  үчүн  жыйналуучу  жыйым 500,0   
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы 50,0   
  Атайын  каражат  эсебинен 5 968,0   
  Бардык жергиликтүү киреше 47 192,9   


Кербен  шаардык  Кеңешинин  жооптуу катчысы:                    Д.Алиев

                                 Тиркеме № 5

Кербен  шаардык  Кеңешинин  2019-жылдын
 
15-мартындагы  № 17/2 токтому  менен бекитилген

2021-жылга  Кербен  шаарынын бюджетинин  киреше  бөлүгүнүн  болжолу  
 
   
Берене
лер
Беренелердин  аталышы  Мин.
сом
 
 
  анын ичинен     
11111100 Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы 30 246,8   
11121100 Пайда  үчүн  салык 37,0   
11122 Патенттик негиздеги киреше салыгы 4 090,0   
      11122100 Юридикалык жактардын танууланган кирешесине салык (милдеттүү  патент) 590,0   
11122200 Жеке адамдардын танууланган кирешесине салык (ыктыярдуу патент) 3 500,0   
11123100 Атайын каражат эсебинен каралган бюджеттик мекемелерине салык 0,0   
11311200 Кыймылсыз  мүлк  үчүн  салык 277,7   
11312120

 

Жеке адамдардан транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык 2 700,0   
11321100

 

Короо  жанындагы  жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 1 911,3   
11321200

 

Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы учун жер салыгы 408,5   
11321300 Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу  үчүн  жер  салыгы 1 902,9   
11412100 Сатуудан  салык 0,0   
11442440 Ичүүчү  жана  техникалык  суулар 11,0   
14152600 Жерди  кайра  бөлүштүрүү  фондунун  жерлеринин  ижарасы  үчүн акы төлөө 340,0   
14224200 Таштандыларды  чыгаруу  үчүн  жыйналуучу  жыйым 500,0   
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы 50,0   
  Атайын  каражат  эсебинен 5 968,0   
  Бардык жергиликтүү киреше 48 443,2   


Кербен  шаардык  Кеңешинин  жооптуу катчысы:                    Д.Алиев

                                                                     Тиркеме № 6

                      Кербен  шаардык  Кеңешинин  2019-жылдын
                   15-мартындагы  № 17/2 токтому  менен бекитилген

2019-жылга Кербен  шаарынын  бюджетинин  2018-жылдан  калган 
калдыктын эсебинен  каржылануучу  чыгымдары
 
 
         
     
Эмненин негизинде бөлүнгөн (токтом,
буйрук жана башка)
Датасы № токтом
буйрук
Суммасы Бөлүк Финансы каражаттары эмнеге
багытталган
 
1 Токтом ш/К 15.03.2019-ж №17/2 1083,0 70911 №7 “Алтын балалык” балдар бакчасына кошумча активдуу зал, чай иүүчү  жай кошуп курууга  
2 Токтом ш/К 15.03.2019-ж №17/2 87,1 70111 №4 “Тан-Шоола” балдар бакчасын имараттын айланасына сокол жана отмоска куюууга  
3 Токтом ш/К 15.03.2019-ж №17/2 800,0 70111 Кербен шаарынын аймагындагы жаны конуштарга жана керектүү жерлерге жаныдан столба алып орнотууну камсыз кылууга  
4 Токтом ш/К 15.03.2019-ж №17/2 3400,0 70111 Шаардын борборундагы көчөлөргө Ныязалы көчөсүнүн Ак-Кайындан баштап Баракбай чайканасына чейин эки тараптуу бордюру менен тротуар куруу, Ныязалы көчөсүнүн администрациядан баштап парк тарабына бордюру менен тротуар куруу. Прокуратурадан баштап Ак-Куу магазиндин астына чейин жолдун 2 тарабына бордюру менен тротуарды ондоо жана жалпы борбордук көчөлөргө керектүү  жерлерине  түнкү чырактарды орнотууну камсыз кылуу  
5 Токтом ш/К 15.03.2019-ж №17/2 800,0 70111 Шаардын борборундагы айланма (круговой) жолду оӊдоого  
6 Токтом ш/К 15.03.2019-ж №17/2 1100,0 70111 Кербен шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчигине автосамосвал (ХОВО) сатып алуу  
7 Бардыгы : 7270,1  
                     Кербен  шаардык  Кеңешинин жооптуу катчысы:                            Д.Алиев  

 

 

Админ
Автору Админ April 12, 2019 11:53