Кербен шаардык Керешинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 15/1 токтому

Админ
Автору Админ December 27, 2018 16:07

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  бешинчи  сессиясы

                                              Т О К Т О М 

2016-2018-жылдар  аралыгында  Кербен  шаарынын  мэриясынын  
турак  
жай  жана  коммуналдык  чарбасынын  аткарган  
                               иштери  жөнүндө

2016-2018-жылдарга  Кербен  шаарынын  коммуналдык  чарбасынын  иш  
пландары  түзүлүп  анын  алкагында  иш  жүрүүдө. Коммуналдык  чарбанын  
түзүмү  жана  штаттык  саны  бекитилген. Жалпы  27  штат  бирдиги  каралган. 
Каттуу  калдыктарды  (мусор) ташып  чыгаруу жана  жок  кылуу  боюнча  
жергиликтүү  жыйымдардын  өлчөмү  шаардык  Кеӊеш  тарабынан  
бекитилип  берилген. 2016-жылы  925 миӊ  сом, 2017-жылы 793,6 миӊ  сом, 
2018-жылдын  тогуз  айында  721,3 миӊ  сом  таштанды  үчүн  жыйым  жыйналган.
Жылдан  жылга  жыйым  чогултуу  начарлап  баратат. Юридикалык   жактар  
менен  таштанды  алып  чыгуу  боюнча  келишимдер  өз  убагында  түзүлбөйт. 
Коммуналдык  чарбанын  жумушчу  кызматкерлеринин  маяналары  өтө  төмөн. 
Техникалар  айдоочу  жоктугунан  иштебей  жаткан  учур  бар. Айылдарда   
жумалап  калдыктар  көчө  жээктеринде  жыйылып  турат. Бул  боюнча  маалымат 
каражаттары  тарабынан  да  макалалар  жарыяланып  кетти. Каттуу  калдыктар  
полигону  абдан  кейиштүү  абалда.  2018-жылы  КР  экотехинспекциясы  
тарабынан  мэрия  айыптарга  кириптер  болгон. Бул  кемчилдиктерди  жоюу  
боюнча  полигондун  жанынан  топурак  карьерин  уюштуруу  сунушталууда. 
Кербен  шаарынын   Уметалиев  көчөсүнүн  чыгышынан  баштап  курулган  
арыктын  сапаты  өтө  начар  жана  проект   толук   аткарылбай   калгандыктарын  
белгилеген  шаардык  Кеӊештин  өнөр  жай, транспорт  маселелери  боюнча 
туруктуу  комиссиясынын 12.12.2018-ж. № 8 токтомун карап  жана талкуулап  
чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин VII  чакырылышынын  кезектеги  
он  бешинчи  сессиясы
                                    ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.2016-2018-жылдардагы  Кербен  шаарынын  мэриясынын  турак  жай  
жана  коммуналдык  чарбасынын  аткарган  иштери  кемчилдиктери  менен  
канааттандырарлык  деп  эсептелсин.

2.Кербен  шаарынын  мэриясына:

-Коммуналдык   чарбаны   өзүнчө   муниципалдык  ишкана   катары  кайра  
түзүү  боюнча шаардык  Кеӊештин  09.02.2018-жылдагы  №  9/2 токтому  
күчүндө  экендиги  эскертилсин жана  токтомдун  аткарылышын  ующтурсун;

-Тиричилик  каттуу  калдыктарын  ташып  чыгаруу, жок  кылуу  боюнча  
графикке  ылайык иш  чараларды  иштеп  чыгып, өз  убагында  аткарууну  
камсыз  кылсын;

-Уметалиев  көчөсүнүн  жээгине  курулуп  жаткан  арыктын  сапатын, 
проекттин  талаптарын  өзгөртүүсүз  аткаруу  боюнча  иш  чараларды  
жүргүзүп,2019-жылдын  март  айына  чейин  анын  аягына  чыксын;

-Тиричилик   каттуу  калдыктар  полигонунун   жанына  топурак  карьерин  
уюштурсун  жана  мындан  сырткары  өз  алдынча  иштеп  жаткан  карьерлердин  
ишин  токтотуу  аракетин  көрсүн, таштандылар  полигонун  ээлеген  аянтына  
мамлекеттик  акт  алсын.

3.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  
Жалал-Абад  областтык   юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4.Токтом  «www.Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.

5.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  өнөр  жай,  тарнспорт,
курулуш жана  соода маселелери   боюнча  туруктуу  комиссиянын  
төрагасы  А.Ормоналиевге  жүктөлсүн.

                 Кербен  шаардык  
                  Кеңешинин  төрагасы:                                Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 25.12.2018-ж. 

Админ
Автору Админ December 27, 2018 16:07