Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/7 токтому

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:40

Аксы  районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

Т О К Т О М

Кербен шаарынын Жетиген айылындагы А.Бегимкулова атындагы жалпы билим берүүчү мектептин аймагынан кичи футбол аянтчасын курууга

 жер  бѳлүп берүүгө макулдук берүү жѳнүндѳ

 

Кербен шаарынын мэриясынын  10.04.2023-жылы №01-20/300 «Жетиген айылынын тургундарына мектептин жеринен кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 0,15 га жер тилкесин бѳлүп берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып,   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

 ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. Жетиген айылынын тургундарына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн А.Бегимкулова атындагы жалпы билим берүүчү мектептин аймагынан, мектепке келечекте дагы кошумча курулуш курууга тоскоолдук жаратпай турган жер аянтынан жер тилкесин табуу жана бѳлүп берүү жагы Кербен шаарынын мэриясына сунушталсын.
  2. Бул токтом  мамлекеттик реестрге  киргизүү жана  каттоо үчүн  Жалал- Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин күчүнө  кирет
  4. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  А.Турдалыевге жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы                         Ж.Омуралиев

Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/7

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:40

Кызмат көрсөтүү