Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 30-августундагы №19/1 токтому

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:30

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  он  тогузунчу  сессиясы

                                                        Т О К Т ОМ

          Кербен  шаарынын  борбордук  бөлүгүн  тартипке  келтирүү  чаралары  жөнүндө

           Кербен  шаардык   Кеӊешинин  суу  ресурстары, муниципалдык  мүлк  жана  агрардык маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасы  Ы.Сарыев  маалымат  берип,Кербен  шаарынын  борборунун  курулуш-архитектуралык  абалы  оор  абалда экендигин  белгиледи. Кербен  шаарынын  борбору  ыплас  болуп  таштандыга  толгон.Кинотетрдын  айланасында  жүрүп  болбойт,кинотеатр  өз  багытында  иштебей  ашканага  айланган.”Акын  ордонун”айланасы  да  кароосуз  калган,сквердеги  боз  үйдүн  тагдыры  ушул  күнгө  чейин  чечилген  эмес, “Ак  кайыӊдын” алдында  мэриянын  макулдугу  менен  убактылуу  аялдама  уюштурулуп  транспорт  тыгынын  жараткан.Же  ушул көрүнүштүн  баары  борбордогу  башаламан  сооданын кесепетинен келип  чыгууда.Кербендин борборуна  ойлонбой  курулган  айлампа  да  тургундардын  чоӊ  нааразычылыгын  туудурду  жана  бир  жыл  толгонуна  карабастан  кошумча  каралган  иштердин  бири  аткарылган  жок.2-3  жыл  мурда  асфальттанып  ремонттон  чыккан  көчөлөр  бузулуп,  жамоо  болгон  жок.           “КР  ЖӨБ  органдары   жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине негиз,жогорудагы  маселени карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын  кезексиз  он  тогузунчу  сессиясы

                                      Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаардык  Кеӊешинин  2018-жылдын  2-октябрындагы   “Кербен  шаарынын 2018-жылдагы  бюджетине  өзгөртүү  киргизүү  жөнүндө”  №14/4   токтомунун  5-пункту  жокко   чыгарылсын.

2. Кербен  шаарынын  мэриясына  милдеттендирилсин:

-Кербен  шаарынын борборундагы  айлампа   алынып  салынсын  жана  анын  орду,Ленин  көчөсү  санарип  светофорлор  менен  камсыз  болсун; -Көчөлөрдүн  ремонту  аяктаганга  чейинки  мөөнөттө  Кербен  шаарынын  борбордук  бөлүгүндө  автомашиналардын  жүрүүсүнө  чектөө  киргизүү  боюнча  мыйзамдуу  жолдорун  иликтеп-тактап  чыгып  шаардык  Кенештин  кароосуна  сунуш  берсин  жана  ушул  убакка  чейин  көчөнү  ачууну  токтото  турсун; -Майрам  күндөрү  Кербен  шаарынын  борборунда  ярмаркалар  уюштурулбасын; -Башаламан уюштурулган  соода  түйүндөрү,шаар  аралык  каттоодогу  таксилер  борбордук  базарга,автостанцияга  жылдырылсын(көчүрүлсүн); – Балдарга  билим  берүү  борборунун оӊ  капталында  жайгашкан контейнер (ижарачы  М.Пазылов)  ээси  менен  түзүлгөн  келишимди  жокко  чыгаруу,  “Жылдыз” дүкөнүнүн  алдындагы  муниципалдык  жердеги өз  алдынча  пайда  болгон  соода  точкаларынан  тазалоо,универмаг  жана  Сары-Челек  рестораны,Датка,Тегене  базарларынын  көрксүз  курулуштарын,алардын  курулуш  нормаларын  сакталышы, “Сейил”соода борборунун  чатырын  калкка  коопсуз  түргө  келтирүү боюнча  аракеттерди  көрсүн;   -Скверде  жайгашкан  боз  үйдү  алдыруу  боюнча  чукул  чараларды  көрүп,  аягына  чыксын;     -Чынгыз Айтматов атындагы  кинотеатрды өз  багыты  боюнча  иштетүү  үчүн  кечиктирилгиз  аракеттерди  көрүп,ашкананы жабуу  боюнча  КР  маданият  жана  туризм  министрлигине  кайрылуу  жөнөтсүн; – Кербен  шаары  жөнүндө  айтылып  жаткан  сындардан  жыйынтык  чыгарсын  жана  “КР  бузуулар  жөнүндө” кодексине  негиз  иш  алып  барсын.

3.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

5. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  суу  ресурстары, муниципалдык  мүлк  жана  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасы  Ы.Сарыевге  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык Кеӊешинин   төрагасы:                                    Н.Шадыбеков

Кербен ш. 30.09.2019-ж.

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:30