Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/8 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын тургуну Д.Тажимырзаеванын кайрылуусу жөнүндө.
Кербен шаардык Кеӊешине Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын М.Зыябеков көчөсүндөгү № 31-үйүнүн жашоочусу Д.Тажимырзаева кайрылган. Кайрылууда 2020-жылдын 16-сентябрь күнү сарайы (аткана) 400 даана прес чөбү менен күйүп кеткен. Бул кайрылууну Кербен шаарынын мэриясы 09.10.2020-жылдагы № 3-34/572 сандуу билдирүүсүндө 15 000 (он беш миӊ) сом жардам берүүнү сунуштаган.
Жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын М.Зыябеков көчөсүнүн № 31 үйүнүн жашоочусу Д.Тажимырзаевага материалдык колдоо үчүн резервдик фонддон 15 000 (он беш миӊ) сом бөлүп берүү жагы Кербен шаарынын мэриясына сунушталсын.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/8