Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/9 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын Күлүк-Дѳбѳ айылынын тургуну Карабаев Ѳмүркул Назановичке «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Кербен шаарынын тургуну Карабаев Ѳмүркул Назановичке «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кербен шаарынын мэриясынын 03.02.2023-жылдагы №01-20/98 сунушун, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 29 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын тургуну билим берүүнүн отличниги Карабаев Ѳмүркул Назановичке “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүүдөн баш тартылсын.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев
Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/9