Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/10 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын мэриясынын базарын муниципалдык ишканага ѳкѳрүп берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы №01-20/1523 катында Кербен шаарынын борборундагы мыйзамсыз пайдаланып келген мэриянын балансында турган базарды ( мал базар, картошка базар, азык-түлүк жана дан базар) КР УКМКнын Жалал-Абал облустук башкы башкармалыгынын жардамы менен жалпы аянты 1,79га жер аянты менен мэрияга кайтарылып алынганынан муниципалдык ишканасына ѳткѳрүү боюнча Кербен шаардык кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 64 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын борбордук базарын муниципалдык ишканасына ѳткѳрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүн кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков
Кербен ш. № 27/10 04.09.2024-ж