2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/6 токтому

Админ
Автору Админ July 29, 2024 16:42

        Кербен шаарынын Курулуш участкасынан Кыргыз Республикасынын Мамлекетик Ипотека Компаниясына атайын            жарандар үчүн кѳп кабаттуу  үй курууга жер ажыратып берүүгѳ макулдук берүү жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Кербен шаарынын мэринин 03.04.2024-жылдагы № 01-20/476 сандуу кайрылуу маалыматтарын карап  жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

 

ТОКТОМ     КЫЛАТ :  

                  

  1. Кербен шаарынын Курлуш участкасынан Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясына 5,0 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясына, муниципалдык менчиктеги жерден бѳлүп берүүгѳ макулдук берилген тийиштүү иш-кагаздарын, тиешелүү мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
  3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын.

Кербен шаардык

         Кеӊешинин төрагасы                                       Р. Назарбеков

 

Кербен ш. 30.05.24-ж.  № 25/6

Админ
Автору Админ July 29, 2024 16:42

Кызмат көрсөтүү