2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/11 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаардык Кеӊешинин туруктуу комиссияларын түзүү жана анын сандык, сапаттык курамын бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 36-беренесине ылайык, күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 2/1 сессиясынын токтому жокко чыгарылсын.
- Кербен шаардык Кеӊешинин 6 туруктуу комиссиялары түзүлсүн (№ 1 тиркеме).
- Туруктуу комиссиялардын сапаттык курамы бекитилсин (№ 2 тиркеме).
- Туруктуу комиссиялардын (биринчи отурумунун) төрага жана анын катчысын шайлаган токтомдору бекитилсин жана 2024-жылга туруктуу комиссиялар иш-пландарын түзүүнү камсыз кылышсын.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ч.Мамытовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков
Кербен ш.30.05.24-ж №25/11
Тиркеме № 1
Кербен шаардык Кеӊешинин 2024-жылдын 30-майындагы № 25/ 11 токтому менен бекитилген
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТУРУКТУУ КОМИССИЯЛАРЫ
1. Экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
Компентенциясы :
Экономика, бюджет, финансыга байланышкан жана жергиликтүү
башкаруунун штат бирдиктери боюнча маселелерди карайт, социалдык-
экономикалык стратегиялык пландын долбоорун даярдоого катышат,
ошондой эле Кеӊештин чечимдерин ведомстволук аймакта жайгашкан
мекемелер, уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылат.
2.Мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
Компентенциясы :
Шаардык Кеӊештин регламентин жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү иштеп чыгып,сессияга сунуштайт,этика, арыздануу,даттануу, укук,кылмыштуулук,коопсуздук жана мыйзамдуулуктун сакталышы, ат коюу боюнча иштерди карайт.Кеӊештин чечимдерин каттоо ишканалары (Госрегистр, ЗАГС,РЭО,нотариус),сот, прокуратура, РОВД мекемелери, уюмдары менен өз ара аракеттенет .Ушул багытта Кеӊештин чечимдеринин ведомстволук аймакта жайгашкан мекеме-уюмдар тарабынан аткарылышына көзөмөл жүргүзөт, өздөрүнө тиешелүү маселелерди карайт, даярдайт жана сессиянын кароосуна киргизет. Кеӊештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт.
3.Өнөр жай, транспорт, курулуш, архитектура жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
Компентенциясы :
Өнөр жай, курулуш, транспорт, архитектура жана соода иштерине байланыштуу маселелерди карайт, даярдайт жана сессиянын кароосуна киргизет. Кеӊештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт.
4.Суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы
Компентенциясы :
Суу чарбасына жана айыл чарбасына, ошондой эле муниципалдык мүлккө,экологияга, жайытка байланышкан маселелерди карайт. Агрардык саясатты жүргүзөт. Ушул багыттагы ведомстволук аймакта жайгашкан ишканалар тарабынан Кеӊештин чечимдеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
- Социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо туруктуу комиссиясы
Компентенциясы :
Социалдык, маданий, билим-берүү, саламаттыкты сактоого байланышкан маселелерди карайт. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун даярдоого катышат.Ушул багытта Кеӊештин чечимдеринин ведомстволук аймакта жайгашкан мекеме-уюмдар тарабынан аткарылышына көзөмөл жүргүзөт, өздөрүнө тиешелүү маселелерди карайт, даярдайт жана сессиянын кароосуна киргизет. Кеӊештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт.
- Спорт жана туризм туруктуу комиссиясы
Компентенциясы :
Спорт жана туризм туруктуу комиссиясы Кербен шаарында болотурган, пландашкан спорт марекелерин өткөрүү боюнча топ уйюмдар жана мекеме ишканалар мене тыгыз иш алып баруу. Ошондой эле туристерди тарты үчүн ар кандай семинар, чөгулуштарга катышуу. Өздөрүнө тиешелүү маселерди карайт, даярдайт жана сессиянын кароосуна киргизет. Кеӊештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт.
Кербен шаардык Кеӊешинин
жооптуу катчысы: Ж.Омуралиев
Тиркеме № 2
Кербен шаардык Кеӊешинин 2024-жылдын 30-майындагы № 25/11 токтому менен бекитилген
ТУРУКТУУ КОМИССИЯЛАРДЫН КУРАМДАРЫ
- ЭКОНОМИКА, БЮДЖЕТ ЖАНА ФИНАНСЫ БОЮНЧА ТУРУКТУУ
КОМИССИЯСЫ
1. Эсеналиев Нарматалы – эркин депутат – төрага 2.Абдыкеримов Самарбек – – катчы 3.Батыралиев Санжар – «Бүтүн Кыргызстан» СП
4.Мамытова Зарипа – «Өнүгүү» СП
5.Кожоматова Нагина – «Ынтымак» СП
6. Мавлянов Бектемир – «Ишеним» СП
7.Турабеков Бердалы – эркин депутат
8.Айталиева Гуля – эркин депутат
9.Калетов Аскербек – эркин депутат
10.Ажыбаева Асылгул – эркин депутат
11.Акимбаев Чынгызбек – эркин депутат
- Тасмаев Топчубек – эркин депутат
- Мырзаев Абдирашит – «Ынтымак» СП
- МЫЙЗАМДУУЛУК, РЕГЛАМЕНТ ЖАНА ЭТИКА БОЮНЧА ТУРУКТУУ
КОМИССИЯСЫ
- Камбарова Мухаббат – «Бүтүн Кыргызстан» СП – төрайым
- Исмайлов Уран – катчы
- Мамбетова Анара – «Ынтымак» СП
- Дербишева Гульмира – «Ишеним» СП
- Мамырова Гулмира – «Ата-Журт» СП
- Абылкасымова Джамиля – эркин депутат
- Ашырбекова Айчурөк – эркин депутат
- Мамадалиева Нуржан – эркин депутат
- Базаралиев Абдиназар – эркин депутат
- Анарбаева Гулмира – эркин депутат
- Абдраимов Асан – эркин депутат
- ӨНӨР ЖАЙ, ТРАНСПОРТ, КУРУЛУШ ЖАНА СООДА БОЮНЧА
ТУРУКТУУ КОМИССИЯСЫ
- Базарбаев Азамат – «Ата Журт»
- Жоробаев Эрсултан – «Ишеним» СП
- Зыябекова Жүрсүн – эркин депутат
- Байназаров Ислам – «Ынтымак» СП
- Чонорова Диана – эркин депутат
- Курбанова Лира – эркин депутат
- Бүркүтбаев Кеңешбек – эркин депутат
- Тууганбаев Нурлан – эркин депутат
- Доосалиев Жоомарт – эркин депутат
- Калмырзаева Чынара – эркин депутат
- Нарынбаева Жийдегул – эркин депутат
- СУУ РЕСУРСТАРЫ, МУНИЦИПАЛДЫК МҮЛК ЖАНА АГРАРДЫК
МАСЕЛЕ БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИССИЯСЫ
- Арзыматов Талантбек – тѳрага
- Айтматов Айбек – «Бүтүн Кыргызсан» СП
- Акбаров Мыкталы – «Ишеним» СП
- Надырбеков Жанарбек – «Ата-журт» СП
- Турдалыев Азимбек – «Ынтымак» СП
- Досалиев Кубат – эркин депутат
- Бекмырзаев Мукамбет – «Бүтүн Кыргызстан» СП
- Масалбеков Мирланбек – эркин депутат
- Мураталиев Кенжекул – эркин депутат
- Мамадалы уулу Нурсултан – эркин депутат
- Нурлан уулу Нурдѳѳлѳт – эркин депутат
- Туралиева Зарипа – эркин депутат
- Исманалиев Бегимкул – эркин депутат
- СОЦИАЛДЫК, МАДАНИЙ, БИЛИМ БЕРУУ, САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО,
МАСЕЛЕ БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИССИЯ
- Шакиев Залкарбек – тѳрага
- Парпиева Келсинай – «Ишеним» СП – катчы
- Нармырзаева Бурул – «Ата-журт» СП
- Умаркулов Тожимырза – «Ынтымак» СП
- Шадыбеков Нурбек – «Бүтүн Кыргызсан» СП
- Айтмырзаев Мырзаким – эркин депутат
- Тыныбекова Гүлсүнай – эркин депутат
- Стамкулов Канатбек – эркин депутат
- Адылбеков Надырбек – эркин депутат
- Баназаров Замирбек – эркин депутат
- Шатманалиева Бактыгуль – эркин депутат
- СПОРТ ЖАНА ТУРИЗМ БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИССИЯ
- Бекболотов Джангазы – тѳрага
- Калетова Жазгүл – катчы
- Акматбек уулу Энербек – «Ишеним» СП
- Абдыганиева Кундузхан – «Ата-журт» СП
- Артыгалы уулу Эдик – «Ынтымак» СП
- Кадыркулова Жазгул – «Бүтүн Кыргызсан» СП
- Урустемова Айнура – «Өнүгүү» СП
- Шадиева Айнагул – эркин депутат
- Тагаева Данабүү – эркин депутат
- Оролбаев Урмат – эркин депутат
- Дербишев Кубанычбек – эркин депутат
Кербен шаардык Кеӊешинин
жооптуу катчысы: Ж.Омуралиев