Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/11 токтому

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:33

Аксы  районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз онунчу сессиясы

Т О К Т О М 

Кербен шаарынын № 36 «Алтынгүл» мектепке чейинки билим берүү уюмуна эмгектин ардагери Аккозова Алтынгүлдүн ысмын ыйгаруу жөнүндө 

Кербен  шаарынын  № 36 «Алтынгүл»  мектепке чейинки билим берүү уюмуна  эмгектин ардагери Аккозова Алтынгүлдүн ысмын  берүү   жөнүндө  Кербен шаарынын мэринин 29.03.2023-жылдагы № 01-20/240 ,  № 36 «Алтынгүл»  мектепке чейинки билим берүү уюмунун  09.03.2023-жылдагы   кайрылууларын жана Кербен  шаардык  Кеӊешинин  мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын  2023-жылдын 30-мартындагы  № 32 токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын  кезексиз  онунчу сессиясы

  ТОКТОМ    КЫЛАТ : 

  1. Кербен шаарынын  № 36 «Алтынгүл» мектепке чейинки билим берүү уюмуна  эмгек ардагери Аккозова Алтынгүлдүн ысмы  ыйгарылсын жана ал «Аккозова Алтынгүл  атындагы № 36  мектепке чейинки  билим берүү уюму», – деп аталсын.
  2. Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын,өлчөмүн аныктап жана  анын  туура жайгашуусун жана  жазылуусун көзөмөлгө  алсын
  3. Ат коюу  салтанатын  уюштуруу  жана  келип чыккан өзгөртүүлөргө байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруп, Кербен  шаарынын мэриясы  менен  макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап  илдирүү  жагы  аты   коюлуп   жаткан   инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
  4. Кербен шаарынын мэриясы,токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 «КР  даректерди  ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна негиз,тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы  “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.

  1. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн
  2. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.
  3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  шаардык Кеӊештин  мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү  жана  этика  маселелери  боюнча туруктуу  комиссиянын  төрайымы Г.Дербишовага  жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

  Кеӊешинин төрагасы:                                            Ж.Омуралиев

 

Кербен ш. 25.04.2023-ж. Токтом №10/11

Админ
Автору Админ May 3, 2023 09:33