Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 21-майындагы № 18/3 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын мэриясына лизингке «ХОВО» автомашинасын
сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясы 23.04.2019-жылдагы № 3-34/275 сандуу
кайрылуусунда Кербен шаарынын көчөлөрүн, жолдорун калыбына келтирүүдө,
муниципалдык обьектилерди кышка даярдоодо көмүр, отун материалдарын
ташып келүүдө мэрияга кыйынчылыктар болуп жаткандыгын билдирген
жана Кербен шаарынын муниципалдык менчигине 6 (алты) жылдык мөөнөт
менен «Айыл банк» ААКсынан лизинге 41000,0 АКШ долларына «ХОВО»
үлгүсүндөгү автомашинасын кредитке алуу, ошондой эле алдын ала төлөнүүчү
1100,0 миӊ сом өздүк салымы үчүн 2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө
каралган чыгымдардын эсебинен жүргүзүүгө макулдук берүү боюнча өтүнүч
келтирген жана бул маселе Кербен шаардык Кеӊешинин финансы, бюджет
боюнча туруктуу комиссиясында каралып, 26.04.2019-ж. № 59 токтому
кабыл алынган.
“КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
Мыйзамынын 31-беренесинин биринчи пунктуна негиз, жогорудагы
маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин
VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кербен шаарынын мэриясына «Айыл Банк» ААКсынан 6 (алты) жылдык
мөөнөт менен 41,0 (кырк бир) миӊ АКШ доллар баасында 1 (бир) даана
«ХОВО» үлгүсүндөгү автомашинасын муниципалдык менчикке лизинг
шарты менен кредитке алууга макулдук берилсин.
2.Кербен шаарынын мэриясына алдын ала төлөм үчүн керектелүүчү
1100,0 миӊ сом 2019-жылдын бюджетинин чыгашасында каралган № 3111
«Имараттар жана курулуш» беренесиндеги каражаттан чыгымдоого уруксат
берилсин жана шаардын бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча
сунушун берсин.
3.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад
областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө
кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча
туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен шаары, 21.05.2019-ж. № 18/3