Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 30-августундагы №19/2 токтому

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:29

     Аксы   районунун   Кербен  шаардык Кенешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  он  тогузунчу  сессиясы

                                                       Т О К Т О М

    Кербен  шаарынын  таза  суу  тармагын  реабилитациялоо  үчүн  ЕБРР  тарабынан  кредит  алууга  макулдук  берүү   жөнүндө

            Калкты  таза  суу  менен  камсыздоону  жакшыртуу  максатында  2018-2019-жылдар  аралыгында   Кербен  шаарында  суу  тармактарын  реабилитациялоо  боюнча  МВФтин  каржылоосунда   гранттык  долбоор  иштеп  жаӊы  суу  түтүктөрү  тартылууда. Бул  долбоор  2019-жылы  аяктайт. Мындан  сырткары, Кербен  шаарынын  мэриясы  шаардын  таза  суу  менен   камтылбаган  бөлүгүнө  таза  суу  линиясын  тартып, ар  бир  үйгө  суу  эсептегичтерди  орнотуу, райондук  ооруукананын  саркынды   суулары   үчүн   канализацияны  оӊдоо-түзөө  иштерин  жүргүзүү  максатында  ЕБРРден  каражат  алуу  ниетин  билдирип, 2019-жылдын  30-августтагы  кезексиз  сессияга  кайрылып,  шаардык  Кеӊештен  макулдук  сураган.

              “КР  ЖӨБ  органдары   жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине негиз,жогорудагы  маселени карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын  кезексиз  он  тогузунчу  сессиясы

                                                      ТОКТОМ   КЫЛАТ :

1.Кербен  шаарынын  мэриясынын   шаардын  таза-суу  тармагын  жакшыртуу  үчүн  ЕБРР  тарабынан    6,5(алты жарым) миллион евро  алуу  сунушуна  макулдук  берилсин. Анын  ичинен  кредит-2,5(эки жарым ) миллион  евро, грант-3(үч) миллион  евро,техникалык кызматташуу гранты-1,0(бир) миллион  евро  экендиги  белгиленсин.

2.Кербен  шаарынын  мэри(Н.Эсеналиев)  эл  арасында  кредитти  алуунун  максаты  жана  келечеги  туурлуу  талкууларды  өткөргөндөн  кийин  коомчулуктун  макулдугу  менен  иш чараны  жүзөгө  ашырсын. 

3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

5. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын  төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                                          Н.Шадыбеков

Кербен ш. 30.09.2019-ж.№19/2

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:29