Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 4/3 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын суу пайдалануучуларына таза-суу пайдалангандыгы үчүн тарифтерди кароо жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жанаЖергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына жана ылайык, жана шаардык Кеӊештин бюджет, финансы боюнча туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 29-мартындагы № 13-токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын суу пайдалануучуларына таза-суу пайдалангандыгы үчүн тарифтери 2014-жылдын 5-мартындагы № 8/5 “таза ичүүчү сууну пайдалангандык үчүн тарифтердин өлчөмдөрү жөнүндө” Кербен шаардык Кеӊешинин токтомунун негизинде белгиленсин.
- “Кербен суу-канал” МИ таза суу пайдалангандыгы үчүн эсептөөнү 5.03.2014-ж. № 8/5 токтомдун негизинде жүргүзсүн жана тарифтерди топтоодо Кербен шаарын таза суу менен камсыздоону өркүндөүү боюнча ЕБРРдин кредиттик линиясы боюнча баа саясатында тоскоолдуктардын аягына чыккандан кийин тарифтерди кайра кароо улантылары белгиленсин.
- МВФ тарабынан каржыланган “Кербен шаарын таза суу менен камсыздоону жакшыртуу” долбоору боюнча абдан сапатсыз иш жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, 2021-жылы долбоор тийиштүү адистердин катышуусусуз кабыл алынып калгандыгы белгиленсин жана бул токтом УКМКнын Аксы бөлүмүнө юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлсүн.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана суу ресурстары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Надырбековго жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев
Кербен ш. 08.04.22ж. № 4/3