Кербен шаардык Кнешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 20/7 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын
кезектеги жыйырманчы сессиясы
Т О К Т О М
2020-жылга Кербен шаардык Кенешинин иш планы жонундо
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 31-беренесине негиз, 2020-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2020-жылга Кербен шаардык Кеңешинин иш планы бекитилсин (тиркелет).
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ж.Шакиевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кенешинин төрагасы : Н.Шадыбеков
Кербен ш. 12.11.2019-ж. № 20/7
Тиркеме Кербен шаардык Кеңешинин 2019жылдын 12-ноябрындагы № 20/7 токтому менен бекитилген
2020-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
ИШ ПЛАНЫ
I квартал
- 2019-жылда Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш-чараларынын аткарылышы жөнүндө.
- 2019-жылда Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
II квартал
- Кербен шаарынын калкын сугат суу менен камсыздоодо Кербен-суу СПАнын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
III квартал
2019-жылда Кербен шаарындагы тендер аркылуу аткарылган курулуш иштеринин сапаты жөнүндө.
IV квартал
- Кербен шаарындагы социалдык-маданий мекемелердин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жана А.Жоробеков атындагы Күлүк-Дөбө жалпы, Мамай негизги билим берүүчу мектептеринде окуучуларга ысык тамактын уюштурулушу, окуу-тарбия иштеринин жалпы абалы жөнүндө.
Кербен шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы: Д.Алиев