2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/15 токтому

Админ
Автору Админ July 29, 2024 15:26

Кербен шаарынын Аэропортунун батыш жагында элдин жер аянтчасында орнотулган скважиналарды  Кербен шаарынын мэриясынын балансына убактылуу алуу оңдоп түзөтүүгө жана  3 ( үч) скважиналарга 0,4 квт электр мамычаларын тартуу жана 250 квт трансформатор орнотуу  жөнүндө

 

Кербен шаарынын Аэропорттунун батыш жагында элдин жер аянтчасында жагайшкан 3 (үч) скважинаны оңдоп түзөбөсө канча деген сугат жерлер кайракы болуп калды. Бул скважиналарды оңдоп түзөп койсок 300-350 га жер суугат суу менен камсыз болуп калат. Биздин Кербен шаарынын элине өтө чоң пайдасы тиймек. Жылдан жылга суу тартыштыгы көбөйүүдө. Ошол себептерден Кербен шаарынын мэриясынын  карамагына убактылуу алууга жана оңдоп түзөтүүгө   макулдук берүү каралган.

Кербен  шаардык  Кеңешинин  суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология  жана  агрардык   маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 2024-жылдын 29-майындагы № 43 – токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен    шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын Аэропортунун батыш жагында жайгашкан 3 (уч)  скважинаны  Кербен шаарынын мэриясынын карамагына алынсын

жана оңдоп түзөтүүгө макулдук берилсин.

  1. Кербен шаарынын Аэропортунун батыш жагында жайгашкан 3 (уч) скважинаны  оңдоп түзөтүү үчүн 0,4 квт электр мамычасын тартуу жана 250 квт трансформатор орнотууга  макулдук берилсин.
  2. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн  Жалал- Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан  кийин күчүнө  кирет.
  4. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  Кербен  шаардык  Кеңешинин  суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология  жана  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.

 

 

         Кербен шаардык

         Кеӊешинин төрагасы                                  Р.Назарбеков

Кербен ш. 30.05.24-ж  №25/15

Админ
Автору Админ July 29, 2024 15:26

Кызмат көрсөтүү