Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/3 токтому
Окшош макалалар
2020-жылга Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) аткарган иштери жана 2021-жылга планы жөнүндө
Кербен шаарынын жайыттарын ырааттуу башкарууну жакшыртуу максатында «Жайыттар жөнүндө” КР Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кербен шаардык Кеӊешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 1-февралындагы № 87 токтомун карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма жетинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2020-жылда Кербен ЖПБнын аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2021-жылга Кербен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин кирешеси – 538590,0 сом суммасында; чыгашасы -538590,0 сом суммасында эсептелсин. (№ 1 тиркеме).
3. Кербен шаарынын аймагындагы жайыттарга:
Жылкы, уй үчүн-50 сом, кой,эчки-10 сом өлчөмүндө акы белгиленсин.
Башка райондун , айыл аймактардын жайыт пайдалануучулары үчүн: Жылкы,уйга-200 сомдон, кой,эчкиге-50 сомдон белгиленсин (№ 3 тиркеме).
4. 2021-жылга Кербен ЖПБнын иш-планы бекитилсин (№ 2 тиркеме).
5. 2021-жылга Кербен ЖПБга 3 (үч) штат бирдиги берилсин.
6. Жайыт пайдалануучулар үчүн жайлоого көчүү 2021-жылдын 1-майына чейин, көчүп келүү 1-октябрынан кийин белгиленсин.
7.Жайлоого 1-майга чейин көчпөгөн, жайлоодон 1-октябрдан эрте келген чабандарга, эгин талааларына түшкөн бардык малдарга 2017-жылдын 28-апрелиндеги КР «Бузуулар жөнүндө» Кодексине негиз чаралар көрүлсүн.
8. Жайыт пайдаланган фермерлерди өз убагында жайытка көчүрүү белгиленген убакытта кайра көчүрүп келүү жагы Кербен ЖПБга жана мэриянын айыл башчыларына тапшырылсын.
9. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген фронталдык погрузчик келишимдин негизинде юридикалык жактарга бир мото/саат үчүн 3500 сом, физикалык жактарга 2500 сом, Кербен шаарынын мэриясына 1500 сом кызмат көрсөтүү акысы белгиленсин.
10. Кербен шаарынын мэриясына:
– 2021-жылда Кербен ЖПБ тарабынан Кербен шаарынын бюджетине кириштелүүчү каражат- 84500,0 сом кайрадан өз муктаждыктарын чечүү үчүн ЖПБны колдоого бөлүнүп берилсин;
-Жайыт жыйымдарын өз убагында жыйноого мэрия тарабынан (салык инспекторлор) жардам берүү жагы милдеттендирилсин.
-Кербен ЖПБ үчүн эмерек менен камсыздоого 110,0 миӊ сом бөлүнүп берилсин.
11. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
12. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен ш. 22.02.21ж. № 27/3
Тиркеме № 1
Кербен шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/3 токтому менен бекитилген
2021-жылга Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планы
№ | Кирешелер | Сом |
1 | Уй 3662 х 50 | 183100 |
2 | Жылкы 935 х 50 | 46750 |
3 | Кой-эчки 13150ШМБ 2630х10 02 | 26360 |
Бардыгы | 254000 | |
Кызмат көрсөтүүдөн тушчу сумма | 284590 | |
Бардыгы | 538590 |
№ | Чыгашалар | Штат бирдиги | сом | бардыгы | |
1 | Төраганын эмгек акысы 12 айга | 1 | 8000 | 96000 | |
2 | Эсепчинин эмгек акысы 12 айга | 1 | 5000 | 60000 | |
3 | Айдоочунун эмгек акысы 12 айга | 1 | 5000 | 60000 | 216000,0 |
4 | Соцфонд 17,25% | – | – | 37260 | |
Бардыгы : | 253260,0 | ||||
5 | Администрациялык чыгым | – | – | 56600 | |
Кагаздар үчүн | 4600 | ||||
Иш сапарга | 28000 | ||||
Аренда офис 12х2000 | 24000 | ||||
Түрдүү чыгым | |||||
6 | Автоунаа чыгымдары | ||||
Бензин, салярка | 26386 | ||||
Авто оӊдоо иштерине | 10000 | ||||
Бардыгы: | 36386 | ||||
7 | Жайыттарды калыбына келтирүүгө | – | 73856 | ||
8. | Жайыт салыгы | 36244 | |||
9 | 3,1 % | 78244 | |||
Кыргыз жайытынын взносуна | 1000 | ||||
9. | Союз ЖПБ взносуна | 3000 | |||
Жалпы : | 192344 | ||||
Бардык чыгым Кербен ЖПБ | 538590 |
Тиркеме № 2
Кербен шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 22 февралындагы № 27/3 токтому менен бекитилген
2021-жылга Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды оңдоо боюнча жылдык иш-планы
К/ № | Аткарыла турган иштердин мазмуну | Участкасы | ЖПБ |
1 | Курулуш айылынын Киндик-Таш жайытына баруучу жолдорду оӊдоо | Киндик Таш | 24600 |
2 | Сөгөт жайытындагы мал суу ичүүчү жайды жана жолдорду оӊдоо иштерин кылуу | Сөгөт | 19700 |
3 | Күлүк-Дөбө айылынын Сатар-Черик жайытына баруучу жолдорду оӊдоо | Сатар Черик | 28600 |
4 | Ак-Дөбө айылынын Кара-Жыгач, Ак-Сай жайытындагы жол жана кечүүлөрдү оӊдоо | Кара-Жыгач Ак-Сай | 27400 |
5 | Ортоӊку Сарыташ, Тегерек, Көк-Дөбө, алыскы Көк-Ала Теке, Музтөр, Минжылкы жайлоолоруна баруучу жол жана көпүрөлөрүн оӊдоо | Муктаж жерлерге | 38700 |
6 | Ар кандай аралаш иштер үчүн (жаратылыштын ар кандай кырсыктарынан) ж.б. иштерине | Муктаж болгон убакта | 13100 |
Бардыгы: | 152100 |
№ 3 тиркеме
1.Кербен шаарынын жайыттарын пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү жайыт акынын өлчөмү
№ | Малдын аталышы | Бир баш малга жайыт акы (сом) | Эскертүү |
1 | Уйларга | 50 | Жаз, жай, күз айлары үчүн |
2 | Жылкыларга | 50 | |
3 | Кой-эчкилерге | 10 | |
4 | Эшектерге | 50 |
2. Башка райондор, айылдык аймактар үчүн жана жайлоого кетпеген, айылда калган малдар үчүн
№ | Малдын аталышы | Бир баш малга жайыт акы (сом) | Эскертүү |
1 | Уйларга | 100 | |
2 | Жылкыларга | 100 | |
3 | Кой-эчкилерге | 20 | |
Кербен шаардык Кеӊешинин жооптуу катчысы: Д.Алиев