Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 20/3 токтому

Админ
Автору Админ November 18, 2019 09:21

     Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырманчы  сессиясы

                                                            Т О К Т О М

      Кербен шаарынын Т.Уметалиев көчөсүндөгү “Жылдыз” дүкөнүнүн арка жагында жеке ишкер М.Музуралиев тарабынан  өз алдынча уюштурулган базардын ачылышынын             мыйзамдуулугу  жөнүндө

Кербен шаарынын борбордук бөлүгүндөгү башаламан соода жайларын жана автотыгындарды тартипке келтирүү максатында Аксы райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы штабынын 14.10.2019-жылдагы кеӊешмесинин отурумунун күн тартибинде маселе каралып, Кербен шаарынын мэринин 21.10.2019-жылдагы № 3-34/639 сандуу кайрылуусунда жогорудагы маселе козголгон:

Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүндөгү “Жылдыз” дүкөнүнүн артында, анын ээси М.Музуралиев тарабынан эски складдын орду мөмө-жемиш, азык-түлүк базарына айландырылган, бирок базар ачуу, ага уруксат берүү жөнүндө эч кандай уруксат берүүчү иш кагаздары жок. Базар ачууга шарт да жок. Райархитектуранын алдындагы шаар куруу Кеӊешинде  базар ачууга уруксат берилбеген. Базар ачуу – санитардык-гигиеналык жана архитектуралык курулуш нормаларына туура келбейт, жанында авто токтоочу жай жок. Ошол себептен жаӊы курулуштун  базар катары иштешинин мыйзамдуулугу шек жаратат.  Натыйжада Кербен шаарынын көчөлөрүндө автотыгындар пайда болуп, жүргүнчүлөргө кооптуу абал түзүлүп калат, Кербен шаары булганып,  таштандылардын очогуна айланып калуу коркунучу жаралат.

Жогорудагы маселени караган шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 22.10.2019-ж  № 42 токтомун  талкуулап чыгып, “ КР ЖӨБ жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1; 2-пункттарына негиз, Кербен шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын  кезектеги жыйырманчы сессиясы

                                                ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1. Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүндөгү “Жылдыз” дүкөнүнүн артына өз алдынча базар   үчүн салынган имараттын  архитектуралык-курулуш нормаларына жана санитардык-гигиеналык эрежелерге каршы келери белгиленсин.

2. Курулуш ээси М.Музуралиевге өз алдынча ачкан азык-түлүк  базарын  өз демилгеси менен жабуу жагы эскертилсин

3. Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиев, КР мамлекеттик экотехинспекциясынын аймактык бөлүмүнө, Аксы райондук СЭСке базардын ачылышынын мыйзамдуулугу жана аны жабуу боюнча чара көрүп беруу сунушу менен кайрылып маселени чечсин.

4. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн

5. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

6. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  суу  ресурстары, муниципалдык  мүлк  жана агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасы  Ы.Сарыевге  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                                          Н.Шадыбеков

Кербен ш. 12.11.2019-ж. № 20/3

Админ
Автору Админ November 18, 2019 09:21