Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 18-декабрындагы № 21/3 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын мэриясынын, Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүнүн №250 үйүнүн тургуну Мирланбек Шабдановго жана Афган согушунун катышуучуларына арналып тургузулуп жаткан эстеликке каражат, ветеринардык операторго штат бөлүп берүү тууралуу сунушу жөнүндө
Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин 05.11.2019-жылдагы № 3-35/664 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеӊештин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 25-ноябрдагы № 65 токтомдоруна негиз, жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Кербен шаарынын борборунда Афган согушунун катышуучуларына арналган эстеликтин курулушуна 20 000 (жыйырма миӊ) сом акча каражатын 2019-жылдын бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Кербен шаарында идентификацияланган үй жаныбарларын бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүү жагы мэриянын тийиштүү адистерине милдеттендирүү жагы шаардын мэрине жүктөлсүн.
- Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүнүн № 250-үйүнүн жашоочусу М.А.Шабдановго өрттүн кесепетин жоюу үчүн 60 000 (алтымыш миӊ) сом колдоо көрсөтүүгө уруксат берилсин.
- Кербен шаарынын 2019-жылдын бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Кербен шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Б.Ыманбай уулуна жүктөлсүн.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- 4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
- Кербен ш. 18.12.2019-ж. №21/3