Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 15-мартындагы № 17/1 токтому

Админ
Автору Админ April 12, 2019 11:56

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  жетинчи  сессиясы

                                             Т О К Т О М

 2019-жылга  Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык
                      жактан  өнүктүрүү   иш-чарасы  жөнүндө

“КР  Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө” Мыйзамынын  31-беренесине
ылайык, 2019-жылга  Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык   жактан  өнүктүрүү  
иш-чарасы  боюнча  Кербен  шаарынын  мэри  Н.Эсеналиевдин  маалыматын  угуп, карап
жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кенешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги
он  жетинчи  сессиясы

                                                  Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.2019-жылга  Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык  жактан  өнүктүрүү  боюнча
иш-чарасы  бекитилсин  (тиркеме  тиркелет).

2.Кербен  шаарынын  мэри:
-Чала  бүткөрүлгөн  «Барпы»  каналынын  ремонтун  тез  аягына  чыгарып  I  квартал
2019-жылы  суу  берүүнү  уюштурсун;
-Тендердин  подрядчиги  тарабынан  сапатсыз  аткарылган   Уметалиев  көчөсүн  бойлоп
кеткен  Аксы  УОС – “Курулуш”  багытындагы   арык   подрядчиктин  (куруучу)  эсебинен
оӊдотулсун   жана  эксплуатацияга  алып  Кербен  шаарына  суу  берсин;
-Келечекте  Кербен  шаарын  таштандылардан  он  эки  ай  тазалап   турууга   жетишсин;
-Таштандылар  полигонунун  жер  аянтын  трансформациядан  өткөрүп, тосмо  орнотуп,
ал  жердин  четинен  топурак   карьерин   уюштурууну  тездетсин;
-“Кербен  АВПнын   ишмердүүлүгүн   жандандыруу   боюнча  кечиктирилгис  чараларды
көрсүн  жана  балансындагы  мүлкүн  тактап  чыксын.

3.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык
юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин
күчүнө  кирет.

5.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча
туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  
Кеӊешинин   төрагасы:                              Н.Шадыбеков

 Кербен  шаары, 15.03.2019-ж. № 17/1

                                             Тиркеме

                          Кербен  шаардык  Кеңешинин 2019-жылдын
                         15-мартындагы № 17/1 токтому  менен
                         бекитилген

Кербен  шаарынын  2019-жылга  социалдык-экономикалык  ѳнүгүү  планынын      
                                                                         ИШ – ЧАРАСЫ      
К/     № Иш – чаралардын аталышы Керекте-лүүчү финанса-лык  каражат (мин.сом) Каражат булагы Аткаруу мѳѳнѳтү Күтүлүүчү  жыйынтык Жооптуулар
I ӨНӨР – ЖАЙ,  КУРУЛУШ        
1 Кербен шаарынын жана айылдагы кѳчѳлѳрүнѳ  номерлерди  жана  табличкаларды  орнотууга  200,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын  жашоочуларына  шарт  түзүлѳт С.Апсаматов,

Айыл башчылар

2 Муниципалдык менчиктеги объектилерге мамлекеттик актысын алууларды  жана  архитектуралык  пландарды камсыздоо 300,0    Мэрия Жыл ичинде Менчиктеги объектилерди мыйзамдаштырууга шарт түзүлөт А.Атамкулов, С.Апсаматов, З.Мырзамамытов
3 №4 “Таң-Шоола” балдар бакчасын  имараттын  айланасына  сокол, жана  отмоска  куюуу, козырёк  жасоого 80,6 Мэрия 2-3 квартал ичинде Балдар бакчасынын имаратын  алдын  ала  жаан чачындан  сактоого  шарт  түзүлѳт Ш.Таштанов
С.Кенжебаев  
Г.Койчубекова,
Т.Абишова
4 Күлүк-Дѳбѳ  айылындагы  №7 “Алтын Балалык” балдар бакчасына кошумча бөлмө курууга 1083,0 Мэрия Жыл ичинде Айылдын  жашоочуларына  шарт  түзүлѳт К.Рыскулов 
Г.Койчубекова,
А.Токтобаева

С.Кенжебаев 

5 Шаар  аймагындагы  ички  жолдордун  чункурларын  шагыл  менен  жамоо   100,0 Мэрия Май, июнь Шаардын  айдоочулары  үчүн  жолдогу  эрежелерге  карап  жүрүүгѳ  ынгайлуу  болот З.Мырзамамытов, А.Райимбеков
6 Жетиген  айылындагы  сел  каналын  тазалоо 80,0 Мэрия Май-Октябрь Айылдын  жашоочуларына ынгайлуу  шарт  түзүлүп  камсыз  болушат З.Мырзамамытов, Б.Абылкасымов
7 Дѳң-Кыштак  айылындагы  М.Эргешов  кѳчѳсүндѳгү  каналга  адам  ѳтүүчү  кѳпүрѳѳ  куруу 30,0 Мэрия Жыл ичинде Айылдын  жашоочуларына ынгайлуу  шарт  түзүлѳт З.Мырзамамытов 
Б.Парпиев
8 Кербен шаарынын аймагындагы жаӊы конуштарга жана керектүү жерлерге жаӊыдан столба алып орнотууну камсыз кылууга 800,0 Мэрия Жыл ичинде Айылдын  жашоочуларына ынгайлуу  шарт  түзүлѳт З.Мырзамамытов

Айыл башчылар

9 Шаардын борборундагы көчөлөргө жана  Ниязалы  кѳчѳсүнүн Ак кайындан баштап Баракбай чайканасынын алдына чейин эки тараптуу бордюру менен тротуар куруу, Ныязалы көчөсүнүн аадминистрациядан баштап парк тарабына бордюру менен тротуар куруу. Прокуратурадан баштап Ак-Куу магазиндин астына чейин жолдун 2 тарабына тен бордюру менен тротуарды ондоо жана жалпы борбордук көчөлөргө керектүү жерлерине түнкү чырактарды орнотууга (курулуш материалдарын сапатына көнүл буруу зарыл) 3400,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын жашоочуларына ынгайлуу  шарт  түзүлѳт З.Мырзамамытов С.Апсаматов Коммуналдык чарба

Б.Абылкасымов, Б.Парпиев

10 Шаардын борборундагы айланма (круговой)  жолду  оңдоого 800,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын  айдоочуларына   ынгайлуу  шарт  түзүлѳт З.Мырзамамытов А.Райимбеков

С.Апсаматов

11 Инвестицияларды  каржылоо  үчүн:

А)Байназаров асфальт-1123,3

Б)Д.Сасыкбаев асфальт-1047,6

В)Парк сквер тосууго-707,7

Г)Реабилитация А.Жоробеков -672,5

Жалпысы : 3551,1 миӊ сом.

3000,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын  инфраструктурасы кѳтѳрүлѳт З.Мырзамамытов      Айыл башчылар

Демилгелүү топтордун жетекчилери

Бардыгы: 9873,6
II КОММУНАЛДЫК  ТЕЙЛӨӨ
12 Мэриянын  аймагындагы жолбун 

ит – мышыктарды  атуу 

120,0 Мэрия I, IV квартал  Шаардын  тургундарына  коркунучу  жок  жүрүүгѳ  шарт   түзүлѳт Коммуналдык чарба
13 Түнкү  жарык  берүүчү  точкаларды  оңдоо  жана  алардын  лампочкаларын  алмаштырып  туруу  150,0 Мэрия Үзгүлтүк-сүз Шаардын  тургундарына  коркунучу  жок  жүрүүгѳ  шарт   түзүлѳт З.Мырзамамытов
А.Райимбеков
14 Шаар  ичиндеги  жолдорго   МАИ  кызматкерлери  менен  биргеликте  жол  белгилерин  орнотуу,  жол  сызыктарды  сызуу, борбордук көчөлөрдөгү светофорду  оңдоо, анын лампочкаларын  алмаштыруу  200,0 Мэрия Март, апрель Шаардын  айдоочулары  үчүн  жолдогу  эрежелерге  карап  жүрүүгѳ  ынгайлуу  болот З.Мырзамамытов А.Райимбеков
15 Борбордук  кѳчѳлѳрдѳгү  бузулган  асфальт  жолдорду    асфальт  менен  жамоо жана битум  куюуу  350,0 Мэрия Июнь, октябрь Жүргүнчүлѳр  жүрүүгѳ  жана транспорт  ээлерине ынгайлуу  шарт  түзүлѳт З.Мырзамамытов, А.Райимбеков
16 Майрам  кундѳргѳ  карата  кѳчѳлѳрдү  иретке  келтирүү, сырдоо, актоо  100,0 Мэрия Август Шаардын  кѳркү  иретке  келип  кооздолот З.Мырзамамытов 
А.Райимбеков
17 Жаңы -жылга  карата  балаты  жасалгалоо  жана  балаты  майрамын  ѳткѳрүү  90,0 Мэрия Декабрь Шаардын  элине  жаңы  жыл  майрамын  ѳткѳрүүгѳ  шарт  түзүлѳт С.Кенжебаев,

Абдыкаар уулу Н.

З.Мырзамамытов

18 Жалпы  таштанды  тѳгүлгѳн полигонду  жазда-күздѳ  тазалап сүрдүрүү 150,0 Мэрия апрель-сентябрь Шаардын  корку  кооз кѳрүнүшкѳ  ээ  болот  жана алдын-ала  зыяндуулуктан сак  болууга  мүмкүнчүлүк түзүлѳт Коммуналдык чарба
19 Борбордук  кѳчѳлѳрдү  анын тротуарларын  жана  арыктарын ичтерин  тазалап  шыпырып  туруу  үчүн  шыпыргы, ж.б күндѳлүк  керектелүүчү  буюмдар менен  камсыз  кылууга 200,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын  кѳркү  кооз кѳрүнүшкѳ  ээ  болот Коммуналдык чарба
20 Кербен  шаарынын  ички  арыктарын  оңдоо  жана  тиешелүү  жерлерге  диаметри  400-500  мм  труба  орнотуу 200,0 Мэрия Июнь.          Июль Жүргүнчүлѳр  жүрүүгѳ  жана транспорт  ээлерине ынгайлуу  шарт  түзүлѳт З.Мырзамамытов
А.Райимбеков

Айыл  башчылар

21 Уметалиев  кѳчѳсүнѳ  жол  жээгиндеги  арыктарды  оңдоо  Жибек  жолдун  кесилишинен  нефти  базага  чейин  бетондоо 300,0 Мэрия Июль. Октябрь Шаардын  тургундарына  шарт  түзүлѳт З.Мырзамамытов А.Райимбеков
22 Уметалиев  кѳчѳсүнѳн  “Бакыт“  кафеге  чейин  жана Осмонов көчөсүнө түнкү  жарык  берүүчү  чырактарды  орнотуу 10 шт 150,0 Мэрия Июнь,          Июль. Шаардын  тургундарына  шарт  түзүлѳт З.Мырзамамытов А.Райимбеков
23 Жалпы  таштанды  тѳгүлүүчү  жайга  пост  жана  вагон  орнотуу 100,0 Мэрия Май Шаардын  тургундарына  шарт  түзүлѳт Коммуналдык чарба
  Бардыгы: 2110,0          
III АЙЫЛ – ЧАРБАСЫ            
24 Табигат  кырсыктарын  жана жугуштуу оорулардын алдын  алуу  боюнча  иш  алып  баруу

(Эпид фонд)

200,0 Мэрия,              МЧС Жыл ичинде Шаардагы табигат кырсыктар  жана  жугуштуу ооруларлардын  алдын алынат А.Биймырзаев,   С.Апсаматов
25 Мэриянын менчигине алынган малдарды  жасалма  жол  менен уруктандыруучу  аппараттын кредитин  тѳлѳѳгѳ  11,3 Мэрия сентябрь айы Айылдардагы  мал  күткѳн жашоочуларга  шарт  түзүлѳт А.Биймырзаев,   С.Апсаматов
Бардыгы: 211,3          
IV МАДАНИЯТ            
26 “Токтогул” атындагы  эс  алуу парктын  ичиндеги  жолдорду оңдоп 500 м2 аянтына брусчатка басуу, ремонттоо жана  Улуу  Ата Мекендик  Согуштун  Жеңишинин  74-жылдыгына  карата  даярдык  кѳрүү  балдар  ойноочу  аянтчаны  шагалдап  кум  тѳшѳѳ, бакты  сугаруу, электр  чубалгыларын  сырт  тарапка   чыгаруу  жана  фонтан куруу үчүн 561,9 Мэрия, Жыл ичинде Парктын  ичи  кооздолот М.Маразаев
27 Ф-28  Живпром  айылдык  китепканасына  канцтовар,  китеп  сатып  алууга,  майрамдарга  даярдык  кѳрүүгѳ 15,0 Мэрия Жыл ичинде Китепканачынын  иштѳѳ мүмкүнчүлүгү  түзүлѳт С.Кенжебаев, Г.Чаканова
28 Ф-26  Күлүк-Дѳбѳ  айылдык китепканасына  канцтовар учурдагы  ремонт иштерине, китеп  сатып алууга 15,0 Мэрия Жыл ичинде Китепканачынын  иштѳѳ мүмкүнчүлүгү  түзүлѳт С.Кенжебаев, С.Керимкулова
29 Ф-21 Ак-Дөбө  айылдык китепканасына концтовар, учурдагы ремонт иштерине, китеп  сатып алууга 15,0 Мэрия Жыл ичинде Китепканачынын  иштѳѳ мүмкүнчүлүгү  түзүлѳт С.Кенжебаев, А.Момунова
30
31 Мэрияга  канцелярдык товарларды  алууга-300,0 миӊ сом. имараттын бѳлмѳлѳрүнүн  эшиктерин  толугу м/н алмаштыруу, капиталдык ремонтоого -1018,9 миӊ сом, бирдиктүү терезесинин бөлмөсүнө керектүү  жабдуулар менен камсыздоого – 200,0 миӊ сом, иш планга негиз ар түрдүү иш чараларды камсыздоого 163,6 миӊ сом.

Жалпысы : 1682,5  миӊ сом

1682,5 Мэрия 2-3 квартал ичинде Муниципалдык кызматкерлерге  ыңгайлуу шарт  түзүлѳт А.Райимбеков,
32 Кербен  шаарындагы  жыл  ичинде ѳткѳрүлүүчү даталуу күндѳргѳ  белектер, сый тамактар, акчалай  сыйлоо  муктаждыктарды  чечүүгѳ 895,0 Мэрия Жыл ичинде Кербен  шаарынын аймагындагы  ѳткѳрүлүүчү даталуу  майрам  кундѳрдү ѳткѳрүүгѳ  шарттуу мүмкүнчүлүктѳр  түзүлѳт С.Кенжебаев,

Абдыкаар уулу Н

Айыл башчылар

33 Мэриянын менчигине музыкалык аспаптар жана  керектүү  болгон муктаждыктарды чечүүнү камсыз кылуу 100,0 Мэрия Жыл ичинде Маданият  үйүнүн  шарты  жакшырат Б.Аманбаев

С.Кенжебаев

34 Кербен  шаарынын  мэриясындагы  кызматкерлердин кесиптик  майрамдарын  ѳткѳрүү жана куттуктоо, сыйлоо, сый тамактарды  уюштурууга 105,0 Мэрия Жыл ичинде Кербен шаарынын мэриясынын кызматкерлерине  майрам күндѳрдү  ѳткѳрүүгѳ шарттуу  мүмкүнчүлүктѳр ѳткѳрүүгѳ  шарт  түзүлѳт С.Кенжебаев,

Абдыкаар уулу Н

Жаназаров Ж

35 Мэриянын  аксакалдар  сотунун тѳрагасынын  кайрылуусунун негизинде  ар  квартал  сайын каржылоого  жана  канцелярдык буюмдары  үчүн 60,0 Мэрия Жыл ичинде Мэриянын  аксакалдар сотунун  кызматкерлерине ыңгайлуу  шарт  түзүлѳт А.Райимбеков, Ж.Жумабаев
36 Кербен  шаарынын  ардагерлер Кеңешинин  канцелярдык буюмдарына  жана 7 айылдан  20  эмгек  ардагерин   саякатка алып барып келүүгѳ 35,0 Мэрия Жыл ичинде Кербен  шаарынын ардагерлер  Кеңешиндеги эмгек ардагрлерине ынгайлуу  шарт  түзүлѳт А.Райимбеков,      Э.Сатаев
37 “Ак-Элечек”  апаларга  форма  тиктирүүгѳ 70,0 Мэрия Жыл ичинде “Ак-Элечек”  апаларга  шарт  түзүлѳт С.Кенжебаев
Абдыкаар  уулу Н.
38 Уран-чакырыктарды, накыл  сѳздѳрдү, даталуу  күндѳргѳ  лозингтерди, банерлерди  жаздырууга 125,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын  тургундарына  ылайыктуу  жарнамалар  кѳрүнүп  кооздолот С.Кенжебаев
Абдыкаар  уулу  Н.
Бардыгы: 3679,4
V СПОРТ
39 Спорттук  клубдарды  жана жаштарды колдоо 500,0 Мэрия Жыл  ичинде Жаштардын  спортко  кызыгуусу  жогорулайт А.Таникулов
40 “А.Дүйшѳбаев”  атындагы стадионду  майрамдарга  карата даярдыктарды  кѳрүүгѳ,  учурдагы  ремонт  иштерине,  иш-чараларды  ѳткѳрүүгѳ

 

97,5 Мэрия Жыл  ичинде Жаштардын  спортко  кызыгуусу  жогорулайт А.Таникулов
41 “Жаштык”  стадионго  волейбол, баскетбол  щиттерин  курууга  жана  ремонттоого 20,0 Мэрия Жыл  ичинде Жаштардын  спортко  кызыгуусу  жогорулайт А.Таникулов
  Бардыгы: 617,5
VI БИЛИМ  БЕРҮҮ  
42 В.Линский  атындагы  мектептин  ашканасынын  ремонттуна жана актовый залынын жылытуу системасын курууга   364,4 Мэрия Жыл ичинде Окуучуларга  шарт  түзүлѳт З.Мырзамамытов К.Тѳрѳбеков

Ч.Бекташева

43 Кербен шаарынын мэриясынын имаратына  жана Уметалиев Ныязалы көчөсүнүн кесилишине   видео байкоо  орнотуу 260,0 Мэрия Жыл ичинде Мектептин  айланасында жана  ичинде  коопсуздуктун алдын  алуу  жумуштарын аткарууга  шарт  түзүлѳт С.Кенжебаев,

А.Раимбеков

44 А.Жоробеков  атындагы  мектептин  ашканасын  окуучуларга  ысык  тамак  берүү  үчүн  оңдого 100,0 Мэрия Жыл ичинде Мектептин  окуучуларына  шарт  түзүлѳт С.Кенжебаев,

Мектеп директору

45 А.Бегимкулова  атындагы  мектептин  ашканасын  окуучуларга  ысык  тамак  берүү  үчүн  оңдого 100,0 Мэрия Жыл ичинде Мектептин  окуучуларына  шарт  түзүлѳт С.Кенжебаев,

Э.Мырзамамытова

46 Устукан  айылындагы   окуучуларды  мектепке  ташууга 100,0 Мэрия Жыл ичинде Окуучуларга  шарт  түзүлѳт С.Кенжебаев

А.Таштанов

47 Ак-Терек  айылындагы   окуучуларды  мектепке  ташууга 100,0 Мэрия Жыл ичинде Окуучуларга  шарт  түзүлѳт С.Кенжебаев

А.Асанов

К.Урустемов

48 КААБнун  имаратына  эмеректер  менен  камсыз  кылууга 100,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Айыл  башчыларга  шарт  түзүлѳт С.Кенжебаев,             Айыл  башчылар
49 Ф-50 У 42,0 Мэрия Жыл ичинде Алдын  алууга  шарт  түзүлѳт С.Кенжебаев
50 Балдар  бакчаларына  учурдагы  ремонт  иштерине 700,0 Мэрия 2 квартал ичинде Балдарга  шарт  түзүлѳт С.Кенжебаев.

Мектепке чейинки б.б.у-нун жетекчилери

51 Балдар  бакчаларына  кир жуучу күндөлүк керектелүүчү   буюмдарды   алуу 800,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Бакчадагы тарбияланган балдардын ден соолугуна алдын алуугга шарт түзүлөт С.Кенжебаев.

Мектепке чейинки б.б.у-нун жетекчилери

52 Жалпы  билим берүү тармагынын  муктаждыктарын  чечүүгѳ  күтүлбѳгѳн  жумуштарды  аткаруу  үчүн 500,0 Мэрия Жыл ичинде Окуучуларга   түзүлѳт С.Кенжебаев,         Жалпы билим берүү тармагынын жетекчилери
  Бардыгы: 3166,4
  ЖАЛПЫ: 19658,2
1 Донорлор  тарабынан
2 Каржы Министрлиги тарабынан                  
3 Мэрия  тарабынан  19658,2
  Жыйынтыгы : 19658,2        
     
           

 

Админ
Автору Админ April 12, 2019 11:56