Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 8-июлундагы сессиясынын № 24/2 токтому

Админ
Автору Админ July 22, 2020 15:50

                        Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешин VII чакырылышынын  кезексиз  жыйырма төртүнчү  сессиясы

                                                             Т О К Т О М

Кербен шаардык Кеӊешинин айрым токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө. 

            Кербен шаардык Кеӊешинин  2019-жылдын 30-августундагы  “Кербен шаарынын борбордук бөлүгүн тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” № 19/1   жана 2019-жылдын 12-ноябрындагы “Кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлерин, мүлктөрүн башкаруунун абалы жана алардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө”  № 20/1 токтомдоруна ылайык, Кербен шаарынын борборундагы Ленин жана Т.Уметалиев атындагы көчөлөрдүн ортосундагы Ныязалы көчөсү убактылуу жабылган. Учурда ремонт иштери аяктап Ныязалы көчөсүн ачуу зарылдыгы пайда болду.

            Ошондой эле Кербен шаардык Кеӊештин 2018-жылдын 17-июлунда № 13/2 токтому кабыл алынып,  бир пункт менен Кашка-Суу аймагындагы айрым калк тарабынан өз алдынча суу киргизип алгандардын эсебин тактап, аларды абонент катары каттоо, эсептегичтерди орнотуу, сууга болгон төлөмдөр боюнча иш жүргүзүү мэр менен “Кербен-Суу канал” ишканасынын жетекчисине жүктөлгөн. Бирок бул боюнча эч кандай иш жүргүзүлгөн жок, айрым гана Кашка-Суу айылынын атуулдарынын суу пайдалануучуларынын укугун мыйзамдаштырып беришкен. Натыйжада Кербен шаарынын калкын таза суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап, суу берүү оор акыбалга келген.  Жогорудагы токтом “Кербен Сууканал” муниципалдык ишканасыжана мэрия тарабынан аткарууга алынбай калган. Суу эсептегичтер коюлган жок, магистралдык линиядан суу алгандардын тизмеси такталган эмес жана Кашка-Суу айылынын 66 абоненти сууга болгон төлөмдү ушул күнгө чейин бир да жолу төлөгөн эмес жана ар кандай шылтоо менен төлөмдү четке кагып келет. Ошондой эле Кербен шаарынын калкы  шаардык Кеӊештин 2018-жылдын 17-июлундагы № 13/2 токтомунун айрым пунктун жокко чыгарып берүү талабы менен кайрылышууда.  

             Жогорудагы маселелер боюнча агрардык жана суу ресурстары боюнча туруктуу комиссиянын 2020-жылдын 18-июнундагы № 21 жана финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын 2020-жылдын 6-июлундагы № 76-токтомдорун  карап жана талкуулап чыгып,   Кербен   шаардык   Кенешинин VII чакырылышынын  кезексиз  жыйырма төртүнчү  сессиясы

                                               Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

  1. Кербен шаардык Кеӊешинин төмөнкү токтомдору жокко чыгарылсын:

 – 2019-жылдын 30-августундагы  “Кербен шаарынын борбордук бөлүгүн тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” № 19/1 токтомунун 2-пунктунун 2-абзацы; 

– 2019-жылдын 12-ноябрындагы  “Кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлерин, мүлктөрүн башкаруунун абалы жана алардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө”  № 20/1 токтомунун 2-пунктунун 5-абзацы.

-Кашка-Суу айылындагы абоненттердин сууга болгон төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө аткарбагандыгына өз алдынча мыйзамсыз суу алгандар көбөйгөндүгүнө жана Кербен шаарынын мэриясы, “Кербен-Суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан жогорудагы токтомдун талаптары аткарылбагандыгына байланыштуу  Кербен шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 17-июлундагы  “Кербен-Суу канал  муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө” № 13/2 токтомунун 2-пунктунун 2- абзацы  жокко чыгарылсын. – “Кербен-Суу канал”  муниципалдык ишканасы  Кашка-Суу айыл аймагы боюнча мыйзамсыз суу киргизип алгандардын тизмесин жылдар жана айылдар боюнча тактап шаардык Кеӊешке тез арада киргизсин жана мындан ары суу түтүктөрүн мыйзамсыз киргизгендерге кечиктирилгис чара көрүп, аларды абонент катары каттоого тыюуу салынсын.

2.Кербен шаарынын мэриясы, эксплуатацияга берилген көчөлөрдө  жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрсүн жана тиешелүү жерлерге жол белгилерин орнотсун.

3.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

5. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы   суу жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ы.Сарыевке жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                                    Н.Шадыбеков

Кербен ш. 08.07.2020-ж № 24/2

Админ
Автору Админ July 22, 2020 15:50