2024-жылдын 8-июлундагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 26/5 токтому
Окшош макалалар
“ Миң-Булак- Суу” муниципиалдык ишканасы менен келишимге кол коюу жөнүндө
Жерге-Тал айылындагы “Миң-Булак-Суу” 2024-жылдын 15-апрель чыгыш № 101 катынын, Кербен шаардык Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-июнундагы № 44 протоколун угуп, жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кербен шаарынын мэриясы “ Миң-Булак-Суу” муниципиалдык ишканасы менен таза суу боюнча келишимге кол коюуга макулдук берилсин.
- Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эсеналиевке тапшырылсын.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: Р. Назарбеков
Кербен ш. 08.07.24-ж. №26/5
« Бекитем » « Макулдашылды »
Кербен шаарынын мери Кербен шаардык кеңештин төрагасы
_________________Зияйдинов Э. Э. ________________Назарбеков Р.А.
.
Иче турган суу менен камсыз кылуу боюнча Жерге-Тал айылындагы жеке менчик үйлөрдө жашаган элдер менен түзүлгөн .
КЕЛИШИМ. №
« »_________2024-жыл Жерге-Тал Боспиек айылы
Ушул анык келишим Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын административдик Кодексинин, Кыргыз Республикасынын « Ичүүчү суу жөнүндө», « Пайдалануучунун укугун коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын, Жерге-Тал Боспиек айылы боюнча суу колдонуу боюнча эрежелеринин негизинде иштелип чыгарылды жана суу менен жабдуу ишкананын жана СУУНУ ПАЙДАЛАНУУЧУНУН иче турган сууну берүү укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
Жерге-Тал МИ « Мин-Булак-Суу » ишканасынын, мындан ары « ЖАБДУУЧУ » мүдүрү атынан _________________________________________________ жашоочу Жерге-Тал айылынын _______________ көчөсүнүн тургуну __________________________ № счетчик ______________ ээси мындан ары « ПАЙДАЛАНУУЧУ » экинчи жагынан иче турган сууну берүү боюнча ушул анык КЕЛИШИМДИ түзүштү.
- КЕЛИШИМДИН ШАРТТАРЫ .
ЖАБДУУЧУ ПАЙДАЛАНУУЧУГА иче турган сууну берүү ушул анык КЕЛИШИМде көрсөтүлгөн шарттар боюнча жүргүзүүгө милдеттенет ПАЙДАЛАНУУЧУ өз убагында иче турган сууну берүү боюнча жасаган иштери үчүн кеткен чыгымдарын өз убагында ЖАБДУУЧУга төлөөгө милдеттенет.
- ЖАБДУУЧУ МИЛДЕТТЕНЕТ.
2.1.ПАЙДАЛАНУУЧУну ушул Келишимдин негизинде үзгүлтүксүз иче турган суу менен жабдууга
2.2. ПАЙДАЛАНУУЧУ нун суу алуучу түтүкчөлөрүндөгү суунун оптималдуу басымын камсыздоого, сантехникалык приборлордун крандарында 0,3 атм кем эмес басым менен камсыздоого. Эгерде суу соргуч станция ПАЙДАЛАНУУЧУнун балансында болсо, суу соргуч станциянын туташтыруучу чекитинде 0,5 атм. Кем эмес суу басымын камсыздоого ;
2.3 Ичилүүчү суу ». Сан Пин 2.1.4.559-96 де көрсөтүлгөн талаптар боюнча ичиле турган суунун зыянсыздыгын жана коопсуздугун камсыздоого;
2.4. Пландоо түрдө иче турган суунун ыксыз сарпталышын азайтуу боюнча иш чараларды алып барууга, ПЙДАЛАНУУЧУнун ички тармагында жөнсүз агып жаткан сууну табууга жана аны токтотууну ПАЙДАЛАНУУЧУдан талап кылууга ;
2.5. Пландуу түрдө суу берүүнү чектөө ( авариялык шарттан башка учурда), суу берүүнүн токтотулушу, анын себептери жана мөөнөттөрү жөнүндө ПАЙДАЛАНУУЧУга массалык маалымат каражаттары аркалуу сууну токтотууга 5 күн калганга чейинки мөөнөттө малымдоого. Авария болгондугу тууралуу маалымат алынса аны бир сутканын ичинде ондоого;
2.6. Сууну пайдалануудагы тарифтер жана сууга болгон ченем өзгөрө турган болсо, тарифтер жана ченемдер бекитилгенден кийин 5 суткалык мөөнөттө массалык маалымат каражаттары аркалуу ПАЙДАЛАНУУЧУга маалымдоого, эгерде тарифтер жана нармативдер өзгөргөн болсо, суу пайдалануу төлөмдөрдү кайрадан ПАЙДАЛАНУУЧУ менен эсептешүүнү жүргүзүүгө ;
2.7. ПАЙДАЛАНУУЧУ менен сууну пайдалануу боюнча эсептешүү, суу өлчөөчү прибордук көрсөткүчү аркалуу жүргүзүлөт, Эгерде алар жок болсо анда, эсептешүү ушул КЕЛИШИМДЕ көрсөтүлгөн 1 адамга ( бир ) күндүк норманын негизинде эсептелип чыгарылат ( норма 60 литр 1 күнго жанга ) Жерге-тал айылынын жергиликтүү Кеңештин депутаттардын чечими боюнча 1 мз сууга 30 сомдон, жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 1 мз сууга 20 сомдон Ортодогу 30-20 сом / мз айрыманы Кербен мэрясы бюджеттин эсебинен төлөп берет.
ЖАБДУУЧУ кызматтар үчүн эсептешүүлөр ПАЙДАЛАНУУЧУ тарабынан , ЖАБДУУЧУНУН эсептик эсеп счетуна которуу ЗАО ФИНКА БАНК счет № 1380003001003488 же « Мин-Булак-Суу » ишканасынын кассасы аркалуу накталай акча менен аткарылган кызматтар үчүн эсепти алуу күнүнөн 10 ( он ) банк күнүнүн ичинде жүргүзүлөт. ( Тиркеме № 1 )
2.8 Сууну пайдалануунун төлөмдөруү жана эсептөөлөрү боюнча ПАЙДАЛАНУУЧУнун арызын, арызды алгандан кийин 10 күндүк мөөнөттө арыз боюнча чечим кабыл алууга ;
2.9 Сууну пайдалануу боюнча болгон карыздарды төлөө жана суу берүүнү токтотуу боюнча чечимди ПАЙДАЛАНУУЧУну кат жүзүндө 5 күндүк мөөнөттө эскертүү жүргүзгөндөн кийин ишке ашырууга ;
2.10 ПАЙДАЛАНУУЧУнун көзүнчө сууну өлчөөчү приборлордун көрсөткүчтүрүн көзөмөлдөө жүргүзүүгө ;
2.11 Эгерде ичкери жана тышкы суу тармактарына коюлган суу өткөрүүчү крандарда, жуучу бачоктордо, душ коюлган жерде сууну жөнсүз агызуу табылган болсо ( суу өлчөөчү приборлор жок учурунда ) , анда сууну пайдалануу боюнча эсептешүү, ошол жөнсүз агызылган суу сантехникалык прибордун суу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө жараша толук 1 м/сек агып өткөн суунун ылдамдыгы менен, 1 айлык аккан суунун көлөмү менен жүргүзүлөт (Тиркеме № 2 ).
2.12 Жерге-Тал айылындагы суу түтүгүндөгу сууну эрежелери тууралуу ПАЙДАЛАНУУЧУну массалык маалымат каражаттары аркылуу тааныштырууга ;
2.13 Жалпы үйгө коюлган суу. Өлчөөчү прибор ошол үйдүн жалпы менчиги болуп эсептелинет жана ал аркылуу тейленет. Менчик суу өлчөөчү приборлор ПАЙДАЛАНУУЧУ аркылуу орнотулат, анын менчиги болуп эсептелинет жана тейленет. 9 Өзгөчө шарттагы п. 5.1 кара ).
2.14 Жалпы үлүштө турган батирлерде эксплуатацияланып жаткан суу тармактарынын техникалык жана коопсуздук жактан тейленишинин абалын камсыз кылууга, ПАЙДАЛАНУУЧУ приборлордон башкасын ( кран, аралаштыргыч, жуучу бак ж.б ) Тиркеме № 3,4 кара.
- ПАЙДАЛАНУУЧУ МИЛДЕТТЕНЕТ .
3.1 Суу ПАЙДАЛАНУУЧУ суу эсептегичти жана үй ичине орнотулган приборлорду өз эсебинен сатып алууда ЖАБДУУЧУ менен кеңешүүгө жана аны аткарууга милдеттүү. Сууну пайдалануу боюнча төлөмдөрдү ЖАБДУУЧУнун эсеп-маалымдоосу жазылып берилгенден кийин 20 кундун ичинде алдынкы ай үчүн ушул келишимдин жана көрсөтүлгөн эсептин негизинде төлөөгө ;
3.2 Иче турган сууну үнөмдүү пайдаланууга, аны ыксыз пайдаланышына жол бербөөгө иш аракеттерди жүргүзөт. Батирдин ичиндеги коюлган приборлордон суу агуу пайда болсо, анда ПАЙДАЛАНУУЧУ аны 5 күндүк мөөнөттө ондоого милдеттүү.
3.3 Суу өлчөөчү приборлор коюлган болсо, алынган суунун санын аныкташ үчүн, ПАЙДАЛАНУУЧУ ошол приборлордун көрсөткүчтөрүн алат жана ЖАБДУУЧУнун берген үлгүсүндөгү форма аркылуу ар бир айдын 25 числосуна чейин берет. Эгерде суу өлчөгүч прибор иштебесе же бузук болсо, анда берилген суунун көлөму ( алдынкы 2 айдын ичиндеги орточо суткалык сарпталган көлөмү менен эсептелинет № 1 тиркемеде көрсөтүлгөн норма менен эсептелинет.
3.4 Эгерде сууну өлчөөчү приборлор жок болсо анда берилген сууну пайдалануу, бөлүштүрүү үйдөгү жашаган адамдардын санына жараша жүргүзүлөт. ( Тиркеме №1 ).
а).Эгерде уйдө жашаган адамдар башка жакка жашоого чыгып кеткен болсо, анда ПАЙДАЛАНУУЧУ ошол жөнүндө документтерди тиркеп ЖАБДУУЧУга арыз берет. Ушул арыздын негизинде иче турган сууга кайрадан эсептешүү ошол арыз берилген күндөн баштап кайрадан жүргүзүлөт.
б). Эгерде үйдө жашаган адамдардын саны көбөйгөн болсо, анда ПАЙДАЛАНУУЧУ кат жүзүндө тиешелүү документтерди тиркеп ЖАБДУУЧУГА маалымдайт.
3.5 ЖАБДУУЧУнун сууну өлчөөчү приборлодун көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөөгө жиберилген кызматкерлерин саат 7 ден 20 чейин кароого мүмкүнчүлүк берет.
3.6 Суу өлчөөчү приборлордун көрсөтүүсүнүн аныктыгына, анын сакталышына жооп берет.
- ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ .
4.1 Айылдын суу берүү тармактарында уруксатсыз өзү туташтырып алган болсо же жашыл өсүмдүктөрдү жана бак дарактарды суу эсептегичсиз сугарса, анда бул табылган тартип бузууну аныктаган актынын негизинде ЖАБДУУЧУ сууну толук токтото алат жана суу өткөрүүчү түтүкчөнүн туура кесилишинен агып өткөн суунун мүмкүнчүлүгүнө жараша төмөндөгүчө эсептешүү жүргүзүлөт; уруксаатсыз туташтыруу жүргүзүлгөндө 0,17 м/сек, сугарганда 1,17 м/сек өлчөмүндө ушул түтүк аркылуу бир суткада аккан суунун өлчөмүн бир айлык мөөнөткө көбөйтүү аркылуу жүргүзүлөт.
4.2 Иче турган сууну берүүдөгү тыныгуу, өчүрүү же болбосо азайтууну эки тараптан макулдашуусу аркылуу жүргүзүлөт. Бул жөнүндө ЖАБДУУЧУ ПАЙДАЛАНУУЧУга алдын ала билдирет.
4.3 Сууну берүүдөгү тыныгуу, өчүрүү же болбосо азайтууну ПАЙДАЛАНУУЧУнун макулдугусуз жүргүзүлөт, эгерде ПАЙДАЛАНУУЧУга сууну берүүдөгү авариядан алдын алууга же болгон аварияны калыбына келтирүүдөгү токтоосуз иш аракеттерди жүргүзүү боюнча билдирилген болсо.
4.4 ПАЙДАЛАГУУЧУга суу берүү келишимде көрсөтүлгөн ченемден кем берилсе, же стандарттын талаптарына жооп бербесе, же суу берүү себепсиз бир айдын ичинде 8 саатка токтосулса ( келишимдеги 4.1 , 4.2 , 4.3 пунктарындагы көрсөтүлгөн суу берүүдөгү тыныгуулардан, суунун азайтылышын жана « Суу менен камсыз кылуу, тышкы суу тармактары жана сооружениялары » СНиП 2-04-84 де көрсөтүлгөн шарттардан башкалары ) анда булар Келишимдин шарттарын бузгандыкка жатат. Бул учурда ПАЙДАЛАНУУЧУ ЖАБДУУЧУДАН ага келтирген зыянды өндүрүп алууга укук берет жана ар бир күнгө берилген суу учун 3% эсебинде бир айлык пайдаланылбай калган суунун баасынан ашпаган туума төлөмдү төлөөнү талап кылат.
Сууну себепсиз берилбешинин фактылары жана анан кесепетинен ПАЙДАЛАНУУЧУга келтирген чыгымдар ЖАБДУУЧУ менен ПАЙДАЛАНУУЧУнун түзгөн актысынын негизинде жүргүзүлөт. Бул жөнүндө ПАЙДАЛАНУУЧУ ЖАБДУУЧУга кат жүзүндө арыз же телефонограмма берет.
ПАЙДАЛАНУУЧУ өз убагында суу берүүдөгү талаптардын бузулгандыгы тууралуу малыматты бергенден кийин ЖАБДУУЧУНУН кызматкери ал жерге 6 сааттан ашык мезгилде келбей турган болсо ПАЙДАЛАНУУЧУ ошол ЖАБДУУЧУНУН тармактары менен суу алуучу үчүн ПАЙДАЛАНУУЧУларынын катышуусу менен акт түзүүгө акылуу.
Үйдө же болбосо батирдин ичиндеги суу тармактарындагы авариялык абал пайда болгон болсо, анда төмөнкү 0706014667 жэ 0773701745 ,0774000149 телефондору аркалуу ЖАБДУУЧУ менен байланышса болот.
4.5 Эгерде билүүгө болбогон жана аткарылбай турган шарттар болгон болсо, анда ЖАБДУУЧУ суу берүүнүн өлчөмдөрүн азайтуусуна жана суу берүүнүн азайтылышына жооп бербейт.
4.6 Эгерде ПАЙДАЛАНУУЧУ тарабынан ушул келишимде көрсөтүлгөн талаптар бузулган болсо, же болбосо тиешелүү төлөмдөрдү үч айлык мөөнөттөн ашык убакытта төлөбөй турган болсо Жерге-Тал айылынын суу түтүгү менен суу алуу эрежелери бузулса, анда ЖАБДУУЧУ иче турган суу берүүнү токтотот.
4.7 Эгерде суу пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй турган болсо анда ПАЙДАЛАНУУЧУ жалпы суунун карызынын ар бир төлөнбөгөн күнү үчүн 0,02 % эсебинде туума төлөмдү төлөйт, бирок жалпы карыздын 25 % инен ашпоо керек.
4.8 Суу берүүчү тармактарды өзгөртүүлөргө официалдуу долбоорлук документердин негизинде өзгөртүүлөр жүргүзүүгө уруксат берилбесе, өз билемдик менен суу түтүкчөлөрүнө туташтыруу жүргүзүлсө, сууну үнөмсүз агызып жиберүүгө жол берилсе, жашыл өсүмдүктөрдү уруксаатсыз сугарса бул суу түтүгү менен сууну пайдалануу эрежелерин бузгандыкка жатат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар болсо, анда ПАЙДАЛАНУУЧУ Кыргыз Республикасынын граждандык административдик жана иштеп жаткан нормативдик документтердин жана ушул анык Келишимдин талаптарын бузгандыкка жатат жана ал үчүн жооп берет.
4.10 Ушул Келишимди аткарууда, жана анда көрсөтүлбөй калган башка шарттар жана талаптар киргизилбей калган болсо, анда Жерге-Тал Боспиек айылындагы суу түтүктөрү аркылуу суу менен камсыз болуу эрежелери жетекчиликке алынат.
4.11 ЖАБДУУЧУ менен ПАЙДАЛАНУУЧУнун ортосундагы талаш тартыштар кызыкчылыгы бар тараптын арызынын негизинде ЖАБДУУЧУнун жогорку органы тарабынан же болбосо сот органдары аркалуу чечилет.
4.12 Бул анык Келишим эки тарап кол койгондон кийин өз күчүнө кирет жана эки тарап тен кат жүзүндө келишимди токтотуу боюнча арыз менен кайрылбаса, анда Келишим дагы бир жылга узартылды деп эсептелинет.
4.13 Эки тарап тен кат жүзүндө бири бирине өз убагында келишимдин шарттарын өзгөртүү боюнча маалымат беришет.
4.14 Бул Келишим эки көчүрмөдө түзүлдү, бир көчүрмөсү ЖАБДУУЧУда экинчиси ПАЙДАЛАНУУЧУда
- ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР,
5.1 Үй ичиндеги суу берүү тармактарын капиталдык ремонттон өткөрүү ПЙДАЛАНУУЧУнун эсебинен менчиктерди чектөөчү актынын ( Тиркеме № 3,4 ) негизинде ЖАБДУУЧУнун көрсөтмөсү менен жүргүзүлөт.Батирдин менчик ээлери ( жалдоочулар ) ремонтту жүргүзүү иштерин жалдап жүргүзүүгө укуктуу.
5.2. 2022-2023 жылдары ишкана аркылуу алып келинген суу эсептегичтердин горянтиялык срогу 2025-ж январ айында бутот. Ушул мезгилде коюлган суу эсептегич СВД 15 «Элехант» горянтиялык сроктун ичинде иштен чыгып, суу пайдалануучу 15 кун ичинде оз эсебинен суу эсептегич алып коюга милдеттуу.
5.3. Абонент оз алдынча суу эсептегич сатып алган учурда Мунисипалдык ишкана томонку талаптарга жооп берген суу эсептегичтерди алууга сунуш берет:
- Антимагниттуу
- Ичине суу кирбей турган (водонепроницоемый)
- Аралыктан корсотуучу (дистанционный)
5.4. Суу эсептегичтерди кокустан же атайлап сындырып же бузуп алса куноолуу адамдын эсебинен жургузулот
5.5. Эгерде талаш тартыштар сот органдары аркылуу чечиле турган болсо, анда КЕЛИШИМдин негизи болуп Кыргыз Республикасынын тиешелуу мыйзамдары жана башка тиешелуу эрежелер эсептелинет.
ЖАБДУУЧУнун жана ПАЙДАЛАНУУЧУнун даректери :
ЖАБДУУЧУ : ПАЙДАЛАНУУЧУ :
ИШКАНА « МИН-БУЛАК- СУУ » ____________________________
Дареги : Аксы району Жерге-Тал айылы Дареги : _____________________ ЗАО ФИНКА БАНК счет № 1380003001027336 ОКПО 22832445 ИНН 01303202310470 БИК 138016
Төрага : Карбосов Ж.К. Колу : _________________________________
ТИРКЕМЕ № 1
- Кочодогу коюлган колонкадан пайдалануу 1 адамга 35 л/суткасына
- Короодогу 60 л/суткасына
- Үйдүн ичиндеги суу түтүгү менен 100 л/суткасына
Тарифтер боюнча : 1 мз – 30 сом жарандарга, 1 мз 35 сом комерциялык ишканаларга социальдык обьектилерге.
ТИРКЕМЕ № 2
ЖАБДУУЧУдан өз алдынча кудуктан уруксатсыз сууну улап алгандар үчүн:
- Сантехникалык прибордон үнөмсүз аккан суунун төлөмдөрү. Бул төлөмдөр сантехникалык прибор аркалуу агып өткөн суунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша 1 сек. агып өткөн суунун ылдамдыгына жана толук суткада агып өткөн суунун 1 айлык мөөнөтү менен.
Суу түтүгүнүн
диаметри |
Суунун сарпталышы
л/сек менен |
Суунун 1 айлык
Сарпталышы Мз менен |
Тариф
сом |
Бир сантехни-
калык прибор- дон үнөмсүз аккан суунун төлөмү сом менен |
15 мм | 0,17 | 777,6 | 30 сом | 23328-00 |
ТИРКЕМЕ №3
ЖАБДУУЧУ менен ПАЙДАЛАНУУЧУнун менчиктерин чектөө АКТЫСЫ,
Биз төмөндө кол коючулар. Суу берүүчү Жерге-Тал Мин-Булак-Суу» ишканасы жана ПАЙДАЛАНУУЧУ ______________________________________________________________
Ушул анык актыны түздүк, себеби ЖАБДУУЧУ менен ПАЙДАЛАНУУЧУнун менчиктеринин чеги болуп, кудуктун ичиндеги ар бир кожолукка арналган суу бөлүштүрүүчү диаметри 15мм түтүкчө эсептелет.