2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/18 токтому
Окшош макалалар
Кызыл-Капчыгай айылындагы № 17 «Жибек» мектепке чейинки билим берүү уюмуна Алымкулова Туруштун ысмын берүү жөнүндө
Кызыл-Капчыгай айылындагы № 17 «Жибек» мектепке чейинки билим берүү уюмуна Алымкулова Туруштун ысмын берүү жөнүндө Жерге-Тал айылдык Кеӊешинде 2023-жыл 18-июлда № 17/2 токтому менен каралган, административдик аймактык реформа болгондугуна байланыштуу кайрадан кароого сунушталган, Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кызыл-Капчыгай айылындагы № 17 «Жибек» мектепке чейинки билим
берүү уюмуна Алымкулова Туруштун ысмы берилсин жана ал
«Алымкулова Туруш атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму»
деп аталсын.
2. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 «КР даректерди
ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-
пунктуна негиз,тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу
жагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын
жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-
Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча
туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы Р.Назарбеков
Кербен ш. 30.05.24-ж № 25/18