Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/9 токтому

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:35

        Кербен шаарынын аймагында айыл чарба өсүмдүктөрүн  зыянкечтерден арылтуу иштерине кызмат   көрсөтүү акыларын  белгилөө  жөнүндө

            Кербен шаарынын  мэриясынын 18.12.2020-жылдагы № 3-34/708, Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 05.11.2020-жылдагы № 01-5/182  “Элге кызмат көрсөтүп жүргөн жеке агрономдордун ишине кызмат көрсөтүү акыларын бекитип берүү” жөнүндө кайрылууларын карап жана талкуулап чыгып Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  жыйырма алтынчы  сессиясы

                                                           ТОКТОМ     КЫЛАТ :

  1.  Кербен шаарынын  калкына жеке тараптар тарабынан  айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден дарылоо жумуштары үчүн  убактылуу төмөнкүдөй кызмат көрсөтүү актылары  сунушталсын:

-бою 2 (эки) м. чейинки дарактарга – 25 сом

-бою  2 (эки) метрден бийик дарактарга –  35 сом

-0,01 га жер аянтын дарылоо үчүн – 10 сом

Эскертүү: дары-дармек кардардын эсебинен

2. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

 3. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

4. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                              Н.Шадыбеков

Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/9

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:35