Кербен шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №27/7 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын Устукан айылындагы “ Мамыр” дыйкан чарбасындагы жеке менчик 0,10га жер аянтын ѳз ыктыяры менен Кербен шаарынын муниципиалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
“ Мамыр” дыйкан чарбасынын ѳз ыктыяры менен менчигинде турган 0,10га жер аянтчасын Кербен шаарынын мэриясына ѳткѳрүү боюнча арыз менен кайрылган ошондой эле Кербен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 4- сентябрындагы № 01-20/1542 катынын негизинде Кербен шаардык кеңешинин суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 3- сентябрындагы № 44 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын мэриясы “ Мамыр” дыйкан чарбасы ѳз ыктыяры менен ѳткѳрүп бере турган 0,10га жер аянтчасын муниципиалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
- Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасына токтомго ылайык келтирсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрында № 610 токтому менен бекитилген « КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жообонун 25- пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү катоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресустар, кадастр, геология жана картография боюнча мамлекеттик агенттикин Аксы филианынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
- Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеңешини суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Арзыматовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: Р.Назарбеков.
Кербен ш.№ 27/7 04.09.2024-ж.