Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 16-февралындагы № 3/5 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаардык Кеӊешинин 2020-жылдын 8-июлундагы № 24/1 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу “Нур-Шаты” ЖЧКнын кайрылуусу жөнүндө
“Кербен шаардык Кеӊешинин 2020-жылдын 8-июлундагы “Нур-Шаты” ЖЧКсына логистикалык борбор жана кайра иштетүү ишканаларын куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө” № 24/1 токтомун жана Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 7-февралындагы № 7-токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- “Кербен шаардык Кеӊешинин 2020-жылдын 8-июлундагы “Нур-Шаты” ЖЧКсына логистикалык борбор жана кайра иштетүү ишканаларын куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө” № 24/1 токтомуна өзгөртүү киргизилбесин жана жогорудагы токтомду аткаруу жагы убактылуу токтотулсун.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Надырбековго жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы Ж.Омуралиев
Кербен ш. 16.02.2022ж. № 3/5