Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 5-мартындагы № 22/9 токтому

Админ
Автору Админ March 30, 2020 15:18

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырма экинчи  сессиясы

                                                            Т О К Т О М

Кербен шаары менен Жерге-Тал айыл аймагынын ортосундагы такталган  0,46 га жайыт жерди баланска алуу жөнүндө

            Кербен шаар мэриясынын № 78 19.02.2018ж. Айыл чарба министрлигине  жолдогон кайрылуусунун негизинде атайын түзүлгөн комиссиянын 29.03.2018-ж. АКТысына ылайык, Жерге-тал айыл аймагы менен Кербен шаарынын ортосунда тактоо жүргүзүүнүн  жыйынтыгында № 560; 562 контурда 0,46га жер Кербен шаарына тиешелүү болуп аныкталгандыгы тууралуу Кербен  шаардык  Кеӊешинин  суу  ресурстары, муниципалдык  мүлк  жана  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  2-март 2020-жылдагы № 13 токтомун   карап жана талкуулап чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырма экинчи  сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

  1. № 560; 562 контурдагы  0,46 га жайыт жер аянты мэриянын балансына алынсын.
  2. Кербен шаарынын мэри  жер боюнча статистикалык отчётторго тиешелүү өзгөртүүлөрдү  киргизсин.
  3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад   областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб – сайтында  жарыялангандан  кийин күчүнө   кирет.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Н.Айтмырзаевга жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кенешинин  төрагасы :                  Н.Шадыбеков     

Кербен ш. 5.03.2020 № 22/9

Админ
Автору Админ March 30, 2020 15:18

Кызмат көрсөтүү