Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 9-февралындагы № 9/5 токтому

Админ
Автору Админ March 12, 2018 09:01

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  тогузунчу  сессиясы

                                          Т О К Т О М

Кербен  шаардык  Кеңешинин  депутаты  Ы.Сарыевке  сот 
процесстерине  катышууда  Кербен  шаарынын  мэриясынын
өкүлү  болуп  берүүсүнө  макулдук  берүү  жөнүндө

Кербен  шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин  2018-жылдын 7-февралындагы
№ 3-34/77 кайрылуусуна  негиз,маселени  карап жана  талкуулап  чыгып,
Кербен  шаардык  Кенешинин VII-чакырылышынын  кезектеги  тогузунчу 
сессиясы

                                       Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаардык  Кеңешинин  депутаты  Ы.Сарыевке  сот  процесстерине
катышууда  Кербен  шаарынын  мэриясынын  өкүлү  болуп  берүүсүнө уруксат
берилсин  (эмгек   келишимдин  негизинде).

2.Кербен  шаарынын  мэриясына, Аксы  районунан  сырткары  жакта  болгон 
сот  процесстерине  барып  келүү  үчүн   Ы.Сарыевдин  сапар  чыгымын
каржылоого  макулдук  берилсин.

 

                           Кербен   шаардык 
                           Кеӊешинин   төрагасы:                             Н.Шадыбеков

Кербен  шаары,09.02.2018-ж. №9/5

Админ
Автору Админ March 12, 2018 09:01