Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 12/3 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 27-февралындагы
“Кербен шаарынын мэриясынын штат бирдиктери жөнүндө”№ 3/5
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясынын 08.05.2018-жылдагы № 3-34/360 билдирүүсүн,
шаардык Кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын
2018-жылдын 14-майындагы № 38 токтомун карап жана талкуулап чыгып,
Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кербен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 27-февралындагы “Кербен
шаарынын мэриясынын штат бирдиктери жөнүндө”№ 3/5 токтомунун № 2.,
№ 3 тиркемелери жокко чыгарылсын жана № 2., № 3 тиркемелеринин жаңы
редакциясы кабыл алынсын (тиркелет).
2.Тиешелүү өзгөртүүлөргө байланыштуу, кызматка кабыл алуу КР
мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.
3.ЖКХ бөлүмүнө жумушчуларды кабыл алуу анын жетекчиси менен
макулдашуу аркылуу жүргүзүлсүн.
4.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн
Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин
күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча
туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен шаары,30.05.2018-ж. № 12/3
Тиркеме № 2
Кербен шаардык Кеңешинин 2018-жылдын
30-майындагы № 12/3 токтому менен бекитилген
Кербен шаарынын мэриясынын аппаратынын
жаңы түзүмү жана штаттык саны
К/
№ |
Кызмат орундарынын
аталышы |
Штаттык бирдиктердин
саны |
1. | Мэр | 1 |
2. | Вице-мэр | 1 |
3. | Аппарат жетекчиси | 1 |
4. | Финансы бөлүмүнүн башчысы | 1 |
5. | Соц. маселелер боюнча башкы адис | 1 |
6. | Жер маселелер боюнча башкы адис | 1 |
7. | Финансы бөлүмүнүн башкы адиси | 1 |
8. | Салык боюнча башкы адис | 2 |
9. | Экономика жана статистика боюнча башкы адис | 1 |
10. | Ветеринардык иштер боюнча башкы адис | 1 |
11. | Соц. маселелер боюнча жетектөөчү адис | 1 |
12. | Бухгалтер – кассир (адис) | 1 |
13. | Юрист – консульт (жетектөөчү адис) | 1 |
14. | Салык боюнча жетектөөчү адис | 2 |
15. | Компьютердик технологиялар боюнча жетектөөчү адис | 1 |
16. | Турак – жай боюнча жетектөөчү адис | 1 |
17. | Каттар менен иштөө боюнча адис | 1 |
18. | Салык боюнча адис | 1 |
19. | Айыл башчы (жет. адистин деӊгээлинде) | 6 |
Бардыгы : | 26 | |
ТОП, МОП | ||
1. | Секретарь – иш жүргүзүүчү | 1 |
2. | Айдоочу | 1 |
3. | Кароолчу | 1 |
4. | Кенже кызматкер (техничка) | 1 |
Жалпысы: | 30 |
Кербен шаардык Кенешинин
жооптуу катчысы : Д.Алиев
Тиркеме № 3
Кербен шаардык Кеңешинин 2018-жылдын
30-майындагы № 12/3 токтому менен бекитилген
Кербен шаарынын мэриясынын коммуналдык
чарбасынын түзүмү жана штаттык саны
К/
№ |
Кызмат орундарынын
аталышы |
Штаттык бирдиктердин
саны |
1. | Бөлүм башчысы | 1 |
2. | Башкы адис | 1 |
3. | Сатып алуулар боюнча башкы адис | 1 |
4. | Жетектөөчү адис (комендант) | 1 |
5. | Техникалык коопсуздук боюнча жетектөөчү адис (механик) | 1 |
6. | Таштанды салыгын жыйноо боюнча адис | 1 |
7. | Жетектөөчү адис (системдик администратор) | 1 |
8. | Электрик | 1 |
9. | Куруучу, техникалык көзөмөл жүргүзүүчү адис | 1 |
9. | Тракторист | 3 |
10. | Электросварщик | 1 |
10. | Айдоочу | 6 |
11. | Грейдерчи | 1 |
12. | Жумушчу | 11 |
13. | Кароолчу | 1 |
14. | От жагуучу (5 айга) | 1 |
Бардыгы : |
33 |
Кербен шаардык Кенешинин
жооптуу катчысы : Д.Алиев