Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/3 токтому

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:41

2020-жылдын 10 ай ичинде Кербен шаарында аткарылган иштердин абалы жөнүндө

            2020-жылдын 10 ай ичинде  Кербен шаарынын мэриясы тарабынан бир топ иштер жүргүзүлгөн. 10 айда салыктар боюнча план-тапшырмалар толугу менен аткарылган. Кербен шаары көрккө келип, светофорлор орнотулуп, уӊкур-чуӊкурлар жамалып, түнкү жарыктар берилип калк үчүн коопсуздук чаралар көрүлдү

            Бирок, жетишкендиктерге карабастан бюджеттин киреше булактарын жогорулатууда көптөгөн ички резервтер пайдаланылбай калды. Жергиликтүү салыктардын түшүүсүн көбөйтүү боюнча кошумча  иш чаралар иштелип чыгылган эмес.

            Айыл чарба багытында эмес жерлерден алынуучу салыктарды эсептөөдө колдонулуучу сессия бекиткен  зоналык К3 коэффициентин өз алдынча өзгөртүүгө жол берилген. Натыйжада белгиленген салык түшпөй калган. Патенттер менен иштөө  начар. Шаарларга каттаган таксисттерде патент жок.

Жогорудагы  маселени   карап  жана талкуулап чыгып, Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VII чакырылышынын  кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы

                                               Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

  1. 2020-жылдын 10 (он) айында Кербен шаарынын мэриясынын аткарган иштери боюнча мэр Н.Эсеналиевтин маалыматы эске алынсын.
  2. Мүлк жана айыл-чарба багытында эмес жерлердин  салыктарын жана салыктардагы көмүскө киреше булактарын тактоо  жагы Кербен шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
  3.  Кербен шаарынын мэриясы бюджеттик каражатты максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын жана бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча иш чараларды уюштурсун.
  4. Көрктөндүрүү жана коммуналдык чарбаны, стадиондорду, эс алуу парктарын бириктирип, өз алдынча муниципалдык ишкана түзүү жагы милдеттендиилсин.
  5. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  6.  Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.
  7. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен  шаардык  Кенешинин  төрагасы                           Н.Шадыбеков                                  

Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/3

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:41