2024-жылдын 30-майындагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 25/17 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун аймактык оорууканасына «Манас» орденинин ээси, ардагер Аскар Кутмановдун ысмын берүү жөнүндө
Аксы районунун аймактык оорууканасына «Манас» орденинин ээси, ардагер Аскар Кутмановдун ысмын берүү жөнүндө Кербен шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 24-декабрында VI чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясынын үчүнчү токтомун талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кербен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын он сегизинчи сессиясынын №18/3 токтому менен каралып, райондук кошмо жыйынга сунушталган, бирок кошмо жыйында каралбай калганы эске алынсын.
- Аксы районунун аймактык оорууканасына «Манас» орденинин ээси, ардагер Аскар Кутмановдун ысмы берилсин жана ал «Аскар Кутманов атындагы Аксы райондук аймактык оорууканасы» деп аталсын.
3. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна негиз,тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуужагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында жарыялансын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнчатуруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы Р.Назарбеков
Кербен ш. 30.05.24-ж № 25/17