Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/16 токтому

Админ
Автору Админ March 10, 2021 09:50

Кербен шаарынын аймагында “Ыргаалдуу багбанчылыкты өнүктүрүү” жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун ылайык,  Кербен шаардык Кеӊешинин бюджет, финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 1-февралындагы № 91-токтомун карап жана талкуулап  чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги  жыйырма жетинчи сессиясы

                                               ТОКТОМ     КЫЛАТ :

1.Кербен шаарында “Ыргаалдуу багбанчылыкты өнүктүрүү” долбоорунун алкагында демонстрациялык тажрыйба алмашуу участкасын уюштурууга макулдук берилсин жана КР Мыйзамдарынын алкагында иш чараларды уюштуруу жагы  Н.Эсеналиевге сунушталсын.

2.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

3.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы:                                      Н.Шадыбеков

Кербен ш. 22.02.21ж. № 27/16

Админ
Автору Админ March 10, 2021 09:50