Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 11-майындагы № 1/2 токтому
Окшош макалалар
Депутаттык фракцияларды каттоо жөнүндө
Кербен шаардык Кеӊешинин саясий партиялардын тизмеси аркылуу шайланып, депутаттык топторго бириккен депутаттык фракцияларды каттоо максатында,«КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесинин 5-пунктуна негиз, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Кербен шаардык Кеӊешинде саясий партиялар аркылуу шайланып келген депутаттардын «Ынтымак», «Ата-Журт Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн Кыргызстан», «Республика» депутаттык фракциялары катталсын жана көпчүлүккө ээ болгон «Ынтымак», Ата-Журт-Кыргызстан» депутаттык фракцияларынын «Кербен келечеги» коалициясын түзгөндүгү белгиленсин.
- Көпчүлүк фракциялар кирбеген «Республика», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциялары – азчылык фракциялар экендиги белгиленсин.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеӊештин депутаты, сессияны алып баруучу Э.Озокеевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин сессиясын алып баруучу: Э.Озокеев
Кербен ш. 11.05.21ж. № 1/2