Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 21-декабрындагы № 1/2 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кербен шаардык Кеӊешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу максатында, эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 21-декабрында № 2 протоколуна ылайык жана «КР Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 8-пункчасына негиз, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаардык Кеӊешинин эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 21-декабрындагы Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасын шайлоонун натыйжалары жөнүндө» № 2 протоколу бекитилсин.
- Кербен шаардык Кеӊешинин депутаты Өмүралиев Жеӊишбек Кубатбекович – Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы кызматына шайланды, – деп эсептелинсин.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
Кербен шаардык Кеӊешинин сессиясын алып баруучу: Досалиев К.
Кербен ш.21.12.2021ж. № 1/2