2024-жылдын 8-июлундагы Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын № 26/8 токтому

Админ
Автору Админ July 30, 2024 11:08

Кербен шаарынын Жерге-Тал айылынын Жаштар-1 көчөсүнө эмгек ардагери Канатов Токтосундун ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ

 

            Кербен шаарынын  Жерге-Тал айылынын Жаштар-1 көчөсүнө эмгек ардагери коомдук ишмер Канатов Токтосундун ысмын ыйгаруу жөнүндө Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент   жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 58 токтомун  карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын Жерге-Тал айылынын Жаштар-1 көчөсүнө эмгек ардагери, коомдук ишмер Канатов Токтосундун ысмы берилсин жана ал көчө “ Канатов Токтосун атындагы көчө ”,- деп аталсын.
  2. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүң иш-кагаздарын, маалымат базасына токтомго ыйлайык келтирсин.
  3. КР Өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-февралындагы №53 токтому менен бекитилген КР Министерлер Кабинетиние караштуу Жер ресурстар, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин типтүү жобосун бекитүү жөнүндөгү 2024-жылдын 11- апрелдеги № 115 буйругуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттого алуу үчүн Жер ресустар, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Аксы филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
  4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери  боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы  М.Камбаровага  жүктөлсүн.

 

              Кербен шаардык

               Кеӊешинин төрагасы:                                                 Р.Назарбеков

 

Кербен ш. 8.07.214-ж.  26/8

Админ
Автору Админ July 30, 2024 11:08

Кызмат көрсөтүү