Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 2/3 токтому

Админ
Автору Админ January 10, 2022 14:34

         Кербен шаарынын мэриясы тарабынан Каржы министрлигиндеги     түрткү берүүчү грантка жөнөтүлгөн долбоорлорду колдоо үчүн каражат бөлүү жөнүндө

Кербен шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Э.Артыкбаевдин билдирүүсүн угуп   жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VIII  чакырылышынын  кезектеги  экинчи  сессиясы 

                                        ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1. Кербен шаарынын мэриясына төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

–  «Камбаров көчөсүн асфальттоо» долбоорун колдоо үчүн Кербен шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин 70629-бөлүмүнүн 3111-беренесинен 1 700 000 (бир миллион жети жүз миӊ) сом;

– «Уметалиев атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу» үчүн Кербен шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин 70921-бөлүмүнүн 3111-беренесинен 2 200 000 (эки миллион эки жүз миӊ) сом;

– «Күлүк-Дөбө-2 көчөсүн асфальттоо» үчүн Кербен шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин 70629-бөлүмүнүн 3111-беренесинен 2 500 000 (эки миллион беш жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүп берүүгө.

2.  Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал – Абад областтык    юстиция   башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

3.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.              

4.Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  төраганын  орун  басары Ч.Мамытовго  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                                                                                                                                         Ж.Өмүралиев

Кербен ш. 28.12.2021ж. № 2/3

Админ
Автору Админ January 10, 2022 14:34