Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 16-февралындагы № 3/7 токтому
Окшош макалалар
Кербен шаарынын борбордук муниципалдык базарынын маселелери боюнча сот процесстерине катышуу үчүн өкүлдөрдү дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 4-февралындагы “Кербен шаарынын борбордук муниципалдык базарынын маселелери боюнча сот процесстерине катышуу үчүн өкүлдөрдү дайындоого макулдук берүү жөнүндө”
№ 3-34/53 кайрылуусун жана Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 7-февралындагы № 9-токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Кербен шаарынын борбордук муниципалдык базарынын маселелери боюнча сот процесстерине катышуу үчүн Кербен шаардык Кеӊештин өкүлү катары депутат А.Турдалыев дайындалсын.
- Кербен шаарынын мэриясынын өкүлү катары Н.Эсеналиевди дайындоого макулдук берилсин.
- Адвокат жалдоо жана аны сот процесстерине катыштыруу жагы депутаттар тарабынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Надырбековго жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы Ж.Омуралиев
Кербен ш. 16.02.2022ж. № 3/7