Кербен   шаардык   Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 20-июлундагы №5/1 ТОКТОМУ

Админ
Автору Админ August 8, 2022 08:54

 Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин                                                     VIII чакырылышынын  кезектеги бешинчи сессиясы

2021-2022-жылдар аралыгында Кербен шаарында жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү-жашылдандыруу боюнча  жүргүзүлгөн иштер жана

дем алуу жайларынын, парктардын, спорттук курулмалардын иштерин

камсыз кылуу жөнүндө

 

            Кербен шаарында жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча бир топ иштер аткарылууда. 2021-жылга Кербен шаарын көрктөндүрүү-жашылдандыруу боюнча көчөттөрдү сатып алуу үчүн туяга – 320600 сом бөлүнүп,  140 түп туя көчөт  2290 сомдон алынган, ал көчөттөр Ниязылы көчөсүнүн эки тарабына тигилген, 136 түп туя көктөп, 4 түбү кургап калган. Тигилген туялардын  акыбалы жакшы, бирок туянын айланасында чөптөр өсүп каралбай калган.  Гүлгө – 29380 сом бөлүнүп,  – 2000 түп 14,69 сомдон  ар түрдүү петунья гүлдөрү алынган, бул гүлдөр шаар борборундагы гүл вазаларына отургузулган.

2022-жылга да ар турдүү гүлдөр алынып, шаар борборундагы гүл вазаларына отургузулган. Шаар борборундагы “Акын-Ордонун” алды жагына тигилген роза гүлдөрү кароосуз калган, же чабылбаган жана буталбаган.

Мекеме-уюмдарга таркатылган дарак көчөттөрү боюнча эч бир маалымат жок. Кербен шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдө акыбал оор боюнча калууда. Баш аламан сооданы көрулгөн чараларга карабастан тартипке салуу болбой келет. Арык ичи күн сайын тазаланганына карабастан, бир күндө таштандыга толуп калат. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн “Айчүрөк” дүкөнүнөн – “Кербен” дүкөнүнө, АЗС “Газпромдон”- мэрияга чейинки аралыкта көчө бойлорун ошол жерде жайгашкан мекемелерге менчигинин түрүнө карабастан бекитип берилсе көчөдөгү жогоруда кайталанып жаткан жагымсыз учурлардан арылууга болот эле. Ошондой эле көчө боюнда автотоктоочу жайлар уюштурулса автотыгын, эки катар коюлган машиналардан арылып тартип орноор эле.

Кербен  шаарында Т.Сатылганов  атындагы  парк, А.Дүйшөбаев  атындагы  жана   «Жаштык»  стадиондору  жайгашкан. Т.Сатылганов  атындагы  парк 3,67 га, А.Дүйшөбаев  борбордук  стадион 4,53 га, «Жаштык»  стадиону 1,9 га жер  аянттарын  ээлеп  турат.

Паркта  1 директор, 3 кароолчу,  эки  стадиондо 1 директор, 2 кароолчу  эмгектенет. 2022-жылга  карата  борбордук  паркта  6  ижарачы, А.Дүйшөбаев  атындагы   борбордук  стадиондо 1 ижарачы Мини-футбол аянтын иштетет.

“Токтогул” атындагы  паркын, борбордук  А.Дүйшөбаев  атындагы  жана  “Жаштык”  стадиондорунун  бүгүнкү  күндөгү  абалдары  начар.

2021-жылы  “Токтогул” атындагы  паркына 1233700,0 сомдук каржат каралган, бирок 1459800,0 сом бөлүнүп, 226100,0 сом ашыкча сарпталган, анын ичинен 280700,0 сомго каруселдин полу жана тосмосу ремонттолуп жана 700 метрлик ичке шланг паркка суу киргизуу учун сатылып алынган. Отчётто 181500,0 сом ремонт иштерине сарпталган деп көрсөтүлгөн. Бул жерге 10000,0 сом гана чыгымдалганы корунуп турат, 171500,0 сом ашыкча жазылып калганы айкындалууда.

Ижарага 6 ишкерге берилген  жерлер тоорук  (аукцион)  өткөрүлбөй, тикелей берилген. Балдар ойноочу жайлар чаң. Селкинчиктер сынган, каруселдин айрым отургучтары оңдолгон жана тосмолонгон.

Таштандылар топтолгон абалда турат. Мурдагы Ниязалы кѳчѳсүндѳгү 2 эшикти ачуу зарыл. Парктын туалети 2015-жылы курулган, аны иштетүү жана кароо парктын кароолчусуна берилген, тазалыкты кароо жана актоо иштери ага жүктѳлгѳн. Туалет менен парктын ичиндеги эс алуучулар үчүн салынган жолду кошуу жагы сунушталат. Куураган дарактар көп,  бутоону талап кылат.

2021-жылы Шадыбеков кѳчѳ тарабы пескоблок менен тосулган,тосмо сынган жана кыйшайган, калыбына келтирилген эмес.

Борбордук китепкананын капталында мыйзамсыз коюлган контейнер Кербен шаарынын көркүн кетирген акыбалда турат.

Универмагдын капталындагы боз үй жайгашкан сквердин статусу жана чекарасы ушул күнгө чейин аныкталган эмес. А.Абдыкадыровго ижарага берилген жерди кайтаруу жана ал сквердин бөлүгүндө эч кандай калыбына келтирүү, аны пайдалануу боюнча жумуштардын аткарылгандыгы байкалбайт. Бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүү керек.

Жаштык стадионунда чоң футбол аянты жана кичи футбол аянтчасы бар, турник жана брус аянты бар, заборлор акыбалы жакшы бирок краскаланбаган, 104 түп кайналы бар – мөмөсүн сатып ошол жерге иштетилген, мурдагы байссейн орду таштанды таштоочу жай болуп калган, короосунун айрым бөлүгү бузулуп,  жол болуп калган..

Борбордук стадионунда чоӊ футбол ойногон аянты, волейбол ойногон аянты, баскетбол ойногон аянты, турник жан брус аянты, ринг аянт, сахна аянты жана туалети бар, короолонгон. Мини футбол аянчасы  арендага берилген. Шаардык Кеӊештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык минифутбол аятчасын иштеткен ижарачыдан мэриянын өзүнүн иштетүүсүнө өткөрүп алуу жагы белгиленген. Бирок ушул күнгө чейин ким тарабынан иштетилип жаткандыгы белгисиз.

Борбордук стадион бош жатат. караган эч ким жок. Жайыт болуп калган. Аттар, уйлар, койлор кайтарылат. Базар тарабы жана Ниязыла көчө тарабында сынган, ачык жерлери кѳп, чөп өсүп кеткен, бак-дарактар буталбайт, кургаган дарактар да бар, заборлор краскаланбаган, трибунада уят сөздөр жазылган, бир адам краскалап өчүрүп койбогон.

Стадиондогу инвентарлар, ойноочу жайлар пландуу жайгаштырылбаган жана иретсиз чачыранды, көрүнгөн бурчтардан орун алып стадиондун көркүн кетирүүдө. Борбордук стадионго 2021-жылы 26600 сомдук каражатка сахна оңдоп-түзѳѳгѳ жумшалган, 120000,0 сом мини футбол аянтчасындагы контейнерди жасалгалоого жумшалган, бирок толук бүткѳрүлгѳн эмес. Ошол жердеги туалет бузулуп дубалы урап калган.

Баскетбол жана воллейбол ойночуу аянтчасы ойноого ылайыктуу эмес.

Кербен шаарынын мэриясынын парк, стадиондорду эс алуу жайларды өркүндөтүү боюнча иш пландары жок. Аларда ижарадан түшүүчү каражаттарды көбөйтүү боюнча иш чараларды жүргүзүү начар. Элди сергек жашоого үндөө колго алынган эмес.

2022-жылга стадиондун чоӊ футбол аянтчасын сүрдүрүү-тегиздөө пландаштыруулуда, 250 метр шланг жаткыруу көрүлгөн. Бүгүнкү күндө иш башталбаган.

Стадиондор, парк үчүн материал, инвентарларды сактоочу жайларды куруу зарыл. Парктагы, стадиондогу жерлерди ижарага берүү КР мыйзамдарына ылайык берүү сунушталат.

Кербен шаардык Кеӊешинин суу ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология  жана  агрардык   маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 2022-жылдын  30-июнундагы

№ 19-токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  бешинчи  сессиясы

ТОКТОМ     КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарында жашылдандыруу-көрктөндүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп эсептелсин.
  2. Кербен шаарынын мэри Н.Козубаевге:

– АЗС “Газпромдон” – мэрияга чейинки, “Айчүрөк” дүконүнөн – “Кербен” дүкөнүнө чейинки аралыкта жайгашкан мекеме-уюм, жеке ишкерлерге менчигинин түрүнө карабастан тушундагы тротуар, арык жайгашкан жер аянттарын тейлөөгө алып, тазалап-көрктөндүрүп туруу үчүн бекитип берүү боюнча чараларды көрсүн;

– Кербен шаарынын Уметалиев жана Ныязалы көчөлөрүндө автотоктоочу жайларды уюштурсун.

– Борбордук китепканын каптал жагында жайгашкан контейнерди алдыруу жана паркты короолоо жагы милдеттендирилсин

– А.Дүйшөбаев атындагы борбордук стадионго долбоор жасап реконструкциялоо жана бир бөлүгүнө бак-дарактарды отургузуп, эс алуу багын уюштуруу,  чуркоочу жолду ынгайлаштыруу жагы жүктөлсүн.

  1. Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими З.Сыдыковго Уметалиев жана Ныязалы көчөсүндө жайгашкан мекеме-уюм, жеке жактарга менчигинин түрүнө карабастан имараттын жол тарабындагы жер аянттарды тейлеп туруу үчүн милдеттендирүүгө (Архитектура жана мэриянын схемасына ылайык) көмөк көрсөтүү жагы жана райСЭС аркылуу жумасына бир жолу тазалыкты көзөмөлдөө рейдтерин уюштуруп  берүү жагы сунушталсын.
  2. Кетирилген кемчилдиктерди жоюу жана тиешелүү тармактын жетекчилерине чара көрүү жагы Кербен шаарынын мэри Н.Козубаевке тапшырылсын.
  3. Белгиленген кемчилдиктерди жоюу менен парк, стадиондордун аянттарын ижарага берүүнү мыйзамдардын, токтомдорун негизинде тоорук (аукцион) аркылуу берүү жагы сунушталсын.
  4. Парк, стадиондордун генералдык жана деталдык пландары түзүлсүн.
  5. Кербен шаарынын мэриясы, парк скверлердеги дарактарды сугаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн жана парк, стадиондордогу жабдуулардын балансын тактасын.
  6. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.
  8. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  суу ресурстары жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Надырбековго жүктөлсүн.

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                       Ж.Омуралиев

№5/1 20.07.2022-ж.

Админ
Автору Админ August 8, 2022 08:54