Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 4/5 токтому

Админ
Автору Админ April 21, 2022 15:47

Кербен шаарынын мэриясына караштуу Ак-Дөбө айылында курулуп пайдаланууга берилген спорт комплекске маркум Сулайманов Султанкулдун ысмын ыйгаруу жөнүндө

            Кербен  шаарынын Ак-Дөбө айылындагы жаӊы курулуп пайдаланууга берилген спорт комплексине маркум Сулайманов Султанкулдун ысмын ыйгаруу  жөнүндө  Кербеншаардык Кеӊештин мыйзамдуулук,  регламент  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 2022-жылдын 6-мыртындагы № 8-токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  төртүнчү  сессиясы

                                                           ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. Мектептердин, ооруканалардын, ФАПтардын, клубдардын, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүгө критерийлердин жобосуна туура келгендиги үчүн маркум Сулайманов Султанкулдун ысмы Ак-Дөбө айылындагы спорт комплекске ыйгарылсын  жана ал “Сулайманов Султанкул атындагы спорт комплекси” –  деп аталсын.
  2. Кербен шаарынын мэриясы спорт комплексти таза сактоо, ремонтторун өз убагында жүргүзүп, спортсмендердин машыгуусуна жакшы шарт түзсүн.
  3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
  5.  Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы мыйзамдуулук,  регламент  жана  этика боюнча   туруктуу  комиссиянын   төрайымы  Г.Дербишовага   жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин   төрагасы:                             Ж.Омуралиев

Кербен ш. 08.045.22ж. № 4/5

Админ
Автору Админ April 21, 2022 15:47