Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 4/1 токтому

Админ
Автору Админ April 21, 2022 09:30

2021-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чарасынын аткарылышы жөнүндө

         Кербен шаардык Кеӊешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Мавляновдун маалыматына негиз, 2021-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чарасынын аткарылышын эки ай туруктуу комиссиянын мүчөлөрү таанышып, карап чыгышты. Бир топ жакшы иштер аткарылган:  Бешкоргон, Эргешов, Кыдыралиев көчөлөрүнө 2 (эки)даана светафор орнотулган, жалпы суммасы 1055200 сом. Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүнө 299000 сомдук видеокамера орнотулган. Кербен шаарын көрктөндүрүү үчүн 100 даана туя жана роза гүлдөрүн отургузууга 350000 сом жумшалган. 9406000 сомго 2 (эки) даана Камаз, 12963000 сомго эксковатор, самосвал, Хово алынган.

         Бирок кемчиликтер да абдан көп.

         Эргешов көчөсүнө 640 метр, Шатманов көчөсүнө 439 метр, Токтогул көчөсүнө 320 метр, Осмонов, Уметалиев көчөсүнө 2449м. тротуар төшөлүүдө. Жалпы өздүк салымдар 2409400 сомду түзгөн. Калган каражат өнүктүрүү фонддон каржыланган. Бирок кээ бир жерлери сапатсыз бүткөндүгүнө байланыштуу бүтпөй туруп бузула баштаган.

         В.Линский атындагы орто мектептин жылытуу системасына 350 миӊ сом бөлүнүп 497200 сом сарпталган. Курулуш учурунда сапатсыз, арзан материалдар алынып орнотулгандыгы аныкталды.

          Уметалиев мектебине ажаткана куруу үчүн 500000 сом бөлүнгөн, 498200 сом каражат сарпталган.Бирок ажаткана сапатсыз, толук  бүткөн эмес.

         Ак-Терек участкасына трансформатор орнотууга 200 миӊ сом бөлүнгөн, бирок 274800 сом каражат сарпталып шаймандары менен алынган, – деп айтылган. Бирок азыркы учурга чейин трансформатор келген эмес.

         Ак-Дөбө айылындагы Асанов көчөсүн асфальттоого 7766849сом жумшалган, жумуш толук аягына чыккан эмес. 100 (жүз) метр жери асфальттанган эмес.

         Токтогул паркына 1233700 сом каралган, бирок 1459800 сом сарпталган. Анын ичинен 280700 сомго каруселдин полу ремонттолуп жана 700 метрлик ичке труба паркка суу киргизүү үчүн сатылып алынган. Бирок отчётто 181500 сом ремонтко сарпталган. Бул жерге 10000 сом гана чыгымдалганы көрүнүп турат, 171500 сом ашыкча жазылып калганы айкындалууда. 

         № 18 Арча бешик балдар бакчасына ажаткана куруу үчүн 430000 сом каралган, бирок 350 миӊ сом сарпталып, смета боюнча 93438 сом аткарылбаган, иш «бүткөрүлдү» деп отчёт берилген.

          2021-жылдын иш планында Жетиген айылынын жаӊы конуштарына суу өтүү үчүн 25 шт. х7000сом =175000 сом каралган. 15 шт. труба жана  123800 сого сатылып алынган столболор азыркы учурга чейин алынып келген эмес.

          Жалпы балдар бакчасына жыл ичинде дары-дармек алуу үчүн 240000 сом каралган. Тактоо учурунда № 3, № 7, № 8, № 4-чү балдар бакчасынын аптечкаларында тиешелүү дары-дармектер болгон эмес. Жыйынтыгында  115700 сомдук дары дармек алынбагандыгы аныкталган.

         Кербен шаарынын мэриясына 317400 сомго компьютер жана принтерлер, стол, стулдар алынган. Жалпы 1008700 сом сарпталган. Бирок инвентарларды жана номерлерин көрсөтүп бере алган эмес

         А.Дүйшөбаев стадионуна 26600 сом курулуш материалдарын алууга жумшалган, тилекке каршы мэрия курулуш материалдарын көрсөтүп бере алган эмес.

         120 миӊ сом мини футбол аянтчасындагы контейнерди жасалгалоо үчүн бөлүнгөн, бирок 120 миӊ сомдук жасалгалоо иштерин көрсөтө алган жок.

         Коммуналдык чарба тарабынан таштанды полигонун казуу үчүн  400 миӊ сом сарпталган, бирок андай казылган котлаван байкалбаган.

         Кербен шаардык Кеӊешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 29-мартындагы № 9 токтомун “КР жергиликтүү мамлекеттик администрация жана ЖӨБ жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна негиз  карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин

VIII-чакырылышынын  кезектеги  төртүнчү сессиясы

                                      ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. 2021-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш чарасынын аткарылышы канаттандырарлык эмес деп белгиленсин (тиркеме).
  2. Кербен шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Э.Артыкбаевге төмөндөгү кемчилдиктерди жоюуга бир айлык мөөнөт берилсин жана аткаруу жагы милдеттендирилсин:

-Жетиген айылынын муктаждыктарын чечүүгө арналган 15 даана ар бири 7000 сомдук трубаларды 1 ай аралыгында алып келүү жана тиешелүү жерлерге орноттуруу;

-Электромамычалар 1 (бир) ай аралыгында алынып келинип тиешелүү жерлерге орноттуруу;

-Май айына чейин Жетиген айылындагы көпүрөнү бүткөрүү;

-Балдар бакчаларына бөлүнгөн дары-дармектер менен камсыздоону 20.04.2022-жылга чейин аткаруу;

-20.04.2022-жылга чейин Мэрияга алынган жабдууларды инвентаризациялоо;

-В.Линский атындагы «Ынтымак» орто мектептин жылытуу системасын оӊдоо үчүн туура эмес сарпталган каражат кайрадан эсептелинип, такталып үнөмдөлүнүп калган сумманы 1 (бир) ай аралагында мэриянын кеӊсесине кайтартуу;

-1 (бир) ай аралыгында Уметалиев мектебинин ажатканасын толук бүткөрүү, сапатын текшерип  ишке киргизүү;

-Таштанды жыйноочу полигондун айланасындагы  котлаванды талапка ылайыктуу даярдоо жана айланасын тазалап, ирээтке келтирүү;

-Ак-Терек участкасына трансформаторду алып келип орнотуу;

 – Кербен шаарынын көчөлөрүнө төшөлгөн тротуарлардын бузулган жерлери боюнча көзөмөлдөөчү инженерлердин маалыматын шаардык Кеӊешке бердирүү жана оӊдоп, түзөө иштерин бүткөрүү;

-Асанов көчөсүнүн 100м жерин  асфальттап бүткөрүү;

-Токтогул паркындагы  каруселди оӊдоого сарпталган каражатты кайрадан тактоо, ашыкча чыгымды мэриянын эсебине которуу;

– № 18 Алтын бешик балдар бакчасына ажаткана куруу үчүн ашыкча сарпталган  деген 93438 сом боюнча аткарылган иштерди кайрадан тактап  аягына чыгаруу жана подрядчик менен мэриянын ортосунда так эсептешүүлөрдү жүргүзүү;

-Стамкулов көчөсүндөгү сапатсыз асфальтталган участок боюнча калыбына келтирүү иштерин аягына чыгуу;

-Таза суу түтүктөрүнүн жарылгандарын оӊдоо жана бузулган көчөлөрдү подрядчиктин эсебинен калыбына келтирүү;

-Ак-Дөбө айылында курулган спортзал боюнча кемчилдиктерди жойдуруу;

-Техникаларды ЖПС (навигатор) менен жабдуу.

3.Жогорудагы сапатсыз жана мөөнөтүндө аткарылбаган ошондой эле тактоону талап кылган иштерди кайра иликтеп тактоо үчүн мэрия комиссия түзүп иликтеп чыксын жана депутаттардан: Б.Мавлянов, Б.Нармырзаева, С.Батыралиев жана З.Мамытова, Н.Кожоматовалар киргизилсин.

4.2021-жылда Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш- чараларын аткарууда, кетирилген кемчилдиктерди жоюуу  жогоруда көрсөтүлгөн бир айлык мөөнөттө аткарылсын жана тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилиги каралсын. Жогорудагы иш чаралар берилген мөөнөттө аткарылбаса материалдар тиешелүү укук коргоо органдарынын кароосуна жөнөтүлсүн.

5.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

6.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.

7.Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Б.Мавляновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык 

Кеӊешинин   төрагасы:                             Ж.Омуралиев

Админ
Автору Админ April 21, 2022 09:30