Кербен   шаардык   Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 20-июлундагы №5/2 ТОКТОМУ

Админ
Автору Админ August 8, 2022 08:52

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин                                                     VIII чакырылышынын  кезектеги бешинчи сессиясы

Кербен шаардык Кеӊешинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “2021 -жылга  Кербен   шаарынын  социалдык -экономикалык   иш  чарасынын  аткарылышы  жөнүндө” № 4/1 токтомун турмушка ашыруу чаралары жөнүндө

Кербен шаарын өнүктүрүү жана башкаруу системасын жакшыртуу максатында Кербен шаардык Кеӊешинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “2021 -жылга  Кербен   шаарынын  социалдык -экономикалык   иш  чарасынын  аткарылышы  жөнүндө”       № 4/1 токтомун турмушка ашыруу чаралары жөнүндө мэр Н.Козубаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кербен  шаардык  Кеңешинин

VIII-чакырылышынын  кезектеги  бешинчи  сессиясы

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаардык Кеӊешинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “2021 -жылга Кербен   шаарынын  социалдык -экономикалык   иш  чарасынын  аткарылышы  жөнүндө”  № 4/1 токтомун турмушка ашыруу чаралары жөнүндө мэр Н.Козубаевдин маалыматы эске алынсын жана комиссиянын корутундусун депутаттарга тааныштырсын.
  2. Кербен шаарынын мэри Н.Козубаевге:

– Шаардык Кеӊештин “2021 -жылга  Кербен   шаарынын  социалдык -экономикалык   иш  чарасынын  аткарылышы  жөнүндө”  № 4/1 токтомун аткарбаган тиешелүү кызматкерлерге чара көрсүн;

-Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу башкарууну уюштурсун;

-Жасалып жаткан ар -бир иш деталдуу иштелип чыккан долбоордун негизинде аткарылсын;

-М.Эргешов жана Токтогул көчөсүндө сапатсыз аткарылган жөө жүрүүчү жолду куруу жана Ынтымак орто мектебинин жылытуу системасын реаблитациялоо жумуштарын аткаруу учурунда долбоордон четтеген учурларды кайра карап чыксын жана долбоордун аткарылышын камсыз кылып милдетин так аткарбаган технадзорго чара көрсүн жана Кеӊешке аткарылышы боюнча маалымат берсин.

Борбордук стадиондогу кичифутбол аянтчасын эффективдүү иштетүү боюнча келечектүү пландарды иштеп, кайра карап чыгуу жагы Кербен шаарынын мэриясына тапшырылсын.

Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.

Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кербен шаардык Кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                       Ж.Омуралиев

20.07.2022-ж.

Админ
Автору Админ August 8, 2022 08:52