Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №7/9 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын
кезексиз жетинчи сессиясы
ТОКТОМ
Кербен шаарынын Курулуш айылындагы Курулуш-3 көчөсүнө эмгек ардагери Жоомартов Акрамдын ысмын ыйгаруу жана Токтогул эс алуу паркына эстелигин орнотууга уруксат берүү жөнүндө.
Кербен шаарынын Курулуш айылынын Курулуш-3 көчөсүнө эмгек ардагери Жоомартов Акрамдын ысмын ыйгаруу жөнүндө Курулуш айылынын жашоочуларынын 24.04.2021-жылдагы токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кербен шаарынын Курулуш айылындагы Курулуш-3 көчөсүнө эмгек ардагери Жоомартов Акрамдын ысмы ыйгарылсын жана ал көчө “Жоомартов Акрам атындагы көчө”, – деп аталсын.
2.Кербен шаарынын мэриясы көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
3.Ат коюу салтанатын уюштуруу, ат коюуга байланыштуу пайда болгон чыгымдардын ордун толтуруу жана Кербен шаарынын мэриясы менен макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
4.Эмгек ардагери Акрам Жоомартовдун эстелигин Токтогул эс алуу паркына орнотууга уруксат берилси жана эстелик коюууга байланыштуу пайда болгон чыгымдардын ордун толтуруу,жасатып орнотуу жагы аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
5.Кербен шаарынын мэриясы жана Аксы райондук шаар куруу,архитектура башкармалыгы эстелик орнотулуучу жайды аныктап,анын өлчөмдөрүн тактап берсин.
6.Кербен шаарынын мэриясы,токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарын,маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
7.КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз,тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
8.Бул токтом КР Өкмөтүнүн 22.10.2021-жылдагы № 228 токтомунун 6-пунктуна ылайык, калкты жана турак үйлөрдү каттоо өнөктүгү аяктагандан кийин мараторий алынганда күчүнө кирери белгиленсин.
9.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
10.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында жарыялансын.
11.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев
Кербен шаары, токтом №7/10, 22.09.2022-ж.