Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 21-майындагы № 18/4 токтому

Админ
Автору Админ May 29, 2019 11:15

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  сегизинчи  сессиясы

                                          Т О К Т О М

     «Инвестстоун» ЖЧКсынын  Кербен  шаарынын  РЭС  участкасынан
мрамор  кенин  геологиялык  чалгындоо  боюнча  арызы  жөнүндө

Кербен  шаарынын  РЭС  участкасындагы  мрамор  кенин  чалгындоого
уруксат  берүү  жөнүндө  шаардык  Кеӊештин  өнөр-жай, курулуш  боюнча
туруктуу  комиссиясынын  02.05.2019-ж. № 10  токтомун  карап, талкуулап
чыгып, “КР  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  жөнүндө”
Мыйзамынын  31-беренесинин  2-пунктуна  негиз, Кербен  шаардык  Кеӊешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  сегизинчи  сессиясы

                                       ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.Кербен  шаарынын  РЭС  участкасындагы  мрамор  кенин  геологиялык
чалгындоо  иштери  үчүн  «Инвестстоун» ЖЧК сына  лиценцияда  көрсөтүлгөн
мөөнөткө  чейин  жер  аянтын  ижарага  берүүгө  макулдук  берилсин.

2.Бардык  иш  кагаздарын  жана  келишимдерди  КР  мыйзамдарына  ылайык
келген  шартта  аткаруу  үчүн  Кербен  шаарынын  мэриясы  жооптуу  экендиги  белгиленсин.

3.Бул токтом мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

5.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  өнөр  жай, транспорт, курулуш,
архитектура  жана  соода  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасы
А.Ормоналиевге  жүктөлсүн.

 

                 Кербен   шаардык 
                 Кеӊешинин   төрагасы:                             Н.Шадыбеков


Кербен  шаары,  21.05.2019-ж. № 18/4


Админ
Автору Админ May 29, 2019 11:15