Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №7/8 токтому

Админ
Автору Админ October 6, 2022 10:05

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз  жетинчи сессиясы

ТОКТОМ 

 Кербен шаарынын  тургуну  эмгек ардагери  Жумабаев Жакшыбек Сариевичке  “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын  берүү  жөнүндө

             Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык өнүгүшүнө  кошкон  салымын  эске  алып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин  мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын  2022-жылдын 12-сентябрындагы  № 14 токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын  кезексиз  жетинчи сессиясы

 ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 1.Кербен шаарынын тургуну, эмгек ардагери  Жумабаев Жакшыбек Сариевичке

“Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилсин.

2.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

3.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

4.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  шаардык Кеӊештин  мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү  жана  этика  маселелери  боюнча туруктуу  комиссиянын  төрайымы Г.Дербишовага  жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы:                                          Ж.Омуралиев

Кербен шаары, токтом №7/8, 22.09.2022-ж.

Админ
Автору Админ October 6, 2022 10:05